Бабанов президент эмес же дүӊгүрөгөн кампаниянын кейиштүү жыйынтыгы

17.10.2017 | Саясат

19554713_814748405372937_8852127012378014443_n

Президентти шайлоо боюнча добуш берүүлөрдүн жыйынтыктары Кыргызстандын жарандары калпты суудай ышкырткан эки жүздүүлөрдөн, шылуундардан, кимдер мамлекеттин кызыкчылыгына чындап иштеп бере тургандыгын айырмалоого үйрөнгөндүгүн ачык-айкын далилдеди. Баары эле дароо боло койбойт, бирок бийлик партиясынын талапкери биринчи турдан жеӊип чыгышы, чет элдик кийлигишүүлөр шайлоо процессинин жүрүшүнө мурдагы жылдардай таасир эте албасын көрсөттү.

Казакстан олигархтарынын кийлигишүүсү, АКШнын өкүлдөрүнүн добуш берүүнүн жыйынтыгына  кызганыч менен реакция жасашы чет элдик агенттердин кыргызстандыктардын эркине өздөрүнө керектүү талапкерин таӊуулоого түздөн-түз кызыкдар болгондугун күбөлөндүрөт. Мында Россиянын Кыргызстандагы шайлоого таасирин карап көрсөк, Кремлдин расмий өкүлдөрүнүн бири дагы талапкерлердин бирине тарткан жок.

Ѳмүрбек Бабановдун талапкерлигин чет элдик олигархтар, Казакстандын башчысы жана көптөгөн батышчыл БӨУлөрдүн колдогондугу, Астананын Кыргызстандагы шайлоо компаниясына  кандай кызыкчылыктары болгондугу тууралуу ойлонууга мажбур кылат. Анын үстүнө, коӊшулар ЕАЭБде кол койгон бардык келишимди бузуп чек араны да жаап алышпадыбы. Бул аз келгенсип Кыргызстанда массалык баш аламандык уюштуруу аркылуу бийликти басып алуу максаты даярдалган. Бул карап көрсөк Казакстандын жетекчилигин жана бул өлкөнү башкарган көмүскөдөгү олигархтарды анчалык деле ойлонткон эмес.

Кыргызстанда көӊтөрүлүш болуп кетсе анын кесепетин узакка ойлоого туура келет, бирок эч ким ал окуялар Украина же Сирия сценарийи менен кетпейт болчу деп кепилдик бере албайт. Бир гана шайлоочулар өздөрүнүн тандоосу менен Казакстандын жетекчилиги даярдаган каргашалуу сценарийди болтурган жок. Буга байланыштуу  Казакстандын жетекчилиги кандай саясатты карманып жатышкандыгы жөнүндө суроолор пайда болбой койбойт. Астана чек араны жаап, мигранттарга кыйынчылыктарды түзүп эмне максаттарды көздөп жатат? Эмне үчүн ЕАЭБ боюнча өнөктөштөр бул уюмдун пайдубалын солкулдатып, башканын ички иштерине кийлигишкен аракеттерге  адекваттуу реакция жасашпайт?

Эртеби-кечпи ЕАЭБ, ЖККУ жана ШКУга мүчө өлкөлөрдүн туруктуулугуна шек келтирген  бул маселе көтөрүлүп, биримдиктеги Кыргызстандын президенттигине талапкердин бирин сүрөөнгө алган өлкөнүн аракетине баа берилет. Бишкек менен Астана кызматташтыктын толук кандуу форматына канчалык эрте кайтып, мыйзамдуу шайланган жетекчилердин деӊгээлинде жумушчу мамилелер жаӊыртылса, ошончолук мамлекеттик мамилелерди коррупциялык кландык топтор кысып турган  кыйын кырдаалдан оӊой чыгабыз.

Кыргызстандын жаӊы мамлекет башчысын шайлоодо кынтыксыз жеӊип чыккан Сооронбай Жээнбековду биринчилерден болуп куттуктаган Нурсултан Назарбаевдин кайратына таӊ бербей кое албайсыӊ.. «Мен, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкка негизделген мамиле,  мындан ары да биздин өлкөлөрдүн жыргалчылыгына карата өнүгө берерине ишенемин. Сизге жооптуу мамлекеттик кызматта ийгиликтерди жана ден-соолук, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык жана бакыбатчылык каалайм.”, – деп жазат Елбасы куттуктоо сөзүндө. Көрүнүп тургандай бул  республиканын жаӊы лидерин гана эмес, өзүнүн шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө кетирген кемчилигин да таануу болуп саналат.

Кыргызстандын жаӊы шайланган президенти, биринчи турда жеӊишке жеткендиги белгилүү болгондон кийин өз ара мамилеге тоскоол болгон чек арадагы кырдаалдын тезирээк жөнгө салынышына кызыкдар экендигин билдирди. «Ар бир мамлекет – бул көз карандысыз мамлекет. Алар бир-бирине урмат-сый менен мамиле кылса, бардык маселелер өзүнөн өзү чечилет. Биз ушул багытта иштейбиз, өзгөчө кошуналарга, бардыгына урмат сый менен мамиле кылабыз жана биз ушул багытта уланта беребиз”,- деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстандын элинин Атамбаев баштаган туруктуулукка жана реформаларга ыктагадыгы, чет өлкөлүк агенттерге шайлоонун жыйынтыгына шек келтирүүгө мүмкүнчүлүк бербеди.  Республикадагы абалды курчутууга болгон аракет таш капты. Аны жасоого коомчулуктун өзү жол берген жок. Элдин мындай тандоосун кошуналар, стратегиялык өнөктөштөр жана чет өлкөлүк мамлекеттердин лидерлери урматташы керек.

Биринчи маселе – Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чек ара маселеси боюнча бардык көйгөйлөрдү чечүү болуп турат, республикадагы шайлоо өткөндөн кийин эки-үч күндөн бери кырдаал басаӊдап, баары жолго түшүп келатат. Олигархтардын саясаты жана кызыкчылыгы артка жылып, тынчтыкта жана макулдашууда жашагысы келген эки мамлекеттин ортосунда туура чечимди издөө улантылууда.

Ал эми Кыргызстандын президенттигине талапкер Бабановго келсек, ал жеӊилип калганын моюндоого кайраты жетпеди. Айтмакчы, шайлоодон кийин ал бир нече кылмыш иштеринин фигуранты болуп калуу тобокелчилигинде калды, жаӊы мамлекеттин башчысы – коррупция менен күрөштү анын өзүнөн баштоону убада кылган.

Теги:


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: