Бабанов өзү мыйзам бузуп жатып башканын бетин “тытканга” өттү

15.10.2017 | Саясат

              Babanov-shtab-press-konferentsiya-4

Президенттик шайлоо өнөктүгүндө эң көп мыйзам бузууларга жол берип, БШК тарабынан 3 ирет эскертүү алган талапкер Өмүрбек Бабанов бийликти айыптап чыкты. Айрым такталбаган видео тасмаларды бетке карманып маалымат жыйын өткөргөн Бабанов добуш берүүдө мыйзам бузуулар орун алып жатканын айтып алакан жаюуда.

Чынында добуш берүү күнү да одоно мыйзам бузуулар орун алууда. Бирок, мындай кадамга дал ушул Өмүрбек Бабановдун ишенимдүү адамдары барып жатканы, шайлоо күнү үгүт иштерин жүргүзүп, добуштарды сатып алып жатканы ачыкка чыгууда. Бишкектин четиндеги Кара-Жыгач конушунда аялдар тобу Бабанов үчүн ар бир шайлоочуга 5 миң сомдон берип жатканы тууралуу факты катталды. Интернетке жарыяланган тасмада аялдар “Республика – Ата Журт” фракциясы көрсөткөн талапкерге үгүт жүргүзүп жатканын сыймыктануу менен билдирип, алардын жанынан шайлоочулардын тизмеси да чыккан. Бул өтө чоң мыйзам бузуу болуп саналат. Эмне үчүн Өмүрбек Токтогулович ондоп саналган бул фактылар тууралуу ооз ачпайт?

Бабанов шайлоодон толугу менен жеңилерине көзү жетип ушундай бет тырмактыкка барууда. Эгер Бабанов буга чейин маалым болгондой казак олигартарынын акчасына таянуу менен ызы-чуу салам десе катуу жазаланышы керек. Муну укук коргоо органдарынан талап кылабыз.

Теги:


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: