Бабанов өз кемчиликтеринин курмандыгы болду, муну моюнга алышы керек

17.10.2017 | Саясат

IMG_20170731_135613

«Республика — Ата-Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов 16-октябрда маалымат жыйын куруп, өткөн жекшембиде өткөн президенттик шайлоо боюнча пикирин билдирди. Бабанов шайлоонун жыйынтыгын тааный турганын, бирок добуш берүү процессинде бир катар мыйзам бузуулар орун алганын белгиледи. Бирок, шайлоо күнү мыйзам бузууларга эң көп барган Бабановдун колдоочулары экенин айтканга жарабады. Үгүт өнөктүгү башталгандан бери административдик ресурус деп какшап келген Өмүрбек Токтогулович ар бир добушту 5 миң сомго чейин баалап, 15-октябрь күнү акчаны суудай агызганын моюнга албады. Бирок, элибиз акчага сатылбай турган намыс бар экенин, башка элге чөгөлөгөндөрдү катуу айыптай турган бекем позициясын көрсөттү.

Бабанов учурдан пайдаланып өзүнүн шайлагандарга ыраазычылыгын билдирди. “Шайлоонун жыйынтыгы бар, эл өзүнүн пикирин билдирди. Жарандар мамлекетибизде өзгөрүү болсун, жаңылануу болсун, алдыга жол болсун деп мамлекеттик ресурстан, укук коргоо органдарынан коркпостон өз оюн айтып, добуш берди. Мен сиздерге чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдирип кетким келет. Биринчи жолу бизде президенттик шайлоо чоң атаандаштык менен өттү”, — деди ал.

Бабанов канчалык бийликти айыптап, шайлоо жыйынтыгына нааразы болгону менен эл аралык байкоочулар, көз карандысыз уюмдар Кыргызстандагы президенттик шайлоо таза, акыйкат өткөнүн белгилөөдө. Коомчулук да добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныды,  кадыр-барктуу инсандар шайлоо боюнча жылуу пикирлерин билдирип чыкты. Бирок, Өмүрбек Токтогулович журналисттердин шайлоо жыйынтыгын тааныйсызбы деп берген суроосуна так жооп бербей, 2эл оюн билдирди” деп гана кутулду.

Ошол эле кезде Таласта тарапташтарын тымызын митингге үндөп, аны билмексенге салганы кызык болду.»Таласта элди мен чогултуп жаткан жокмун. Аны силер билесиңер да, мен эч кимди чогултуп, элди чыгарайын деген оюм жок. Каяктан маалымат чыгыптыр?”, — деп кайра журналисттердин оозун ачты.

Ал эми “Бабанов Кыргызстандан качат” деген кептерге жооп берип жатып, шайлоодон кийин Кыргызстанда гана болорун билдирди. “Мен эч жака кетүүнү пландаган жокмун. Эс алгым келип турат. 4 ай бою шайлоо менен жүрүү оңой эмес. Жакынкы күндөрү өз командам менен чогулуп, келечекти сүйлөшөбүз”, — дейт Бабанов.

Алгач Бабановдо президент болууга мүмкүнчүлүгү болгон. Бирок, өзүнүн рейтингин өзү түшүргөнү анын чоң кемчилиги болду. Азыр да казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукканына өкүнбөй турганын айтып көгөрүүдө. Бирок, анын бирден-бир кемчилиги ушул болду. Андан кийин Он-Адырда кыргыз менен өзбектин ортосуна чок коюп, сеператист Кадыржан Батыровдун сөзүн кайталаганда рейтинги дагы бир ирет кескин түштү. Ошондой эле төңкөрүш аракетин аралаша коём деп миңдеген шайлоочуларынан ажырады.

Бабанов алган 30 пайыздан ашык добушка акчанын гана керемети себеп болду. Эгер ал ар бир шайлоочуга жеке кат жазып, конверттин ичине “куругун” салбаганда 10 пайызга жетпеген добуш менен калмак. Бул чындык. Эми ал өзүнүн кетирген кемчиликтерин моюнга алып, андан жыйынтык гана чыгарышы керек.

Теги:


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: