Бабанов өлкөнү эмес, өзүн гана ойлойт

13.02.2017 | Саясат

“Республика-Ата-Журттун” амбициясына чек жок лидери Бабанов Өмүрбек өткөн жумада өзгөчө билдирүү менен чыгып, учурда коомчулук тарабынан катуу сынга кабылып жаткан кези.

Өмүрбек Бабанов

Байлыгы, акчасы арбын экенин далилдегиси келген эргул: “Президенттикке чыга турган талапкердин БШКга койгон күрөөсүнүн суммасын 500 млн. сом кылыш керек”-деп агынан жарылды. Ошондо, анын логикасы боюнча Президент болчулар жалаң күркүл адамдар болушу керек экен. Белгилүү болгондой  Кыргызстанда Президент болобуз дегендердин басымдуу бөлүгү мамлекеттик кызматтарда иштеп, эл байлыгын ичип-жеп, байыгандар. Президент болот элем деп кыялдангандардын арасында өзү да бар. Бабановдун деле башынан ашкан байлыктары мөлтүр таза эмес, арасында коррупция жыттанганы, арам аралашкан айрым мүлктөрү бар экени да айтылып келет. Кыскасы, Бабановдун акча жыттанган “акылы” жалпы элге жаккан жок. Президенттикке канча талапкер чыкса, ошончосу чыга берсин, татыктуусун эл тандап алаар. Андан мамлекет зыян тартпайт.

Бабановдун дагы бир кадамы спикер Чыныбай Турсунбековду кетирем деп ээликкени болду. Бирок аз күн өтпөй, анысынан айнып, көп учурда көп маселе жана мамлекеттик чиновниктер боюнча  эки башка позицияда боло жүргөнүн бул ирет дагы иш жүзүндө аныктап койду.  Жыйынтыгында спикер менен бирге жыйын куруп, бул маселени жымсалдап койду. Спикер менен эмне деп сүйлөшкөнү, же “соодалашканын” жашырып койду. Бабановдун спикерди кетирем дегенинде башка кеп бар болчу дегендер да аны ачыктай алышпай, оозун кармап кала беришти. Ал кеп деле көп өтпөй ачыкталып калышы ажеп эмес.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: