Бабанов менен Акназарованын жаңжалы «апогейине» жеттиби?

30.06.2017 | Саясат

         1385403703_babanov

Акыркы 2-3 күндөн бери «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен анын партиялашы Роза Акназарованын ортосунда катуу жаңжал чыгып атканын бизге аталган партиянын штабынан шыбырашты. Экөөнүн жаңжалына Акназарова айымдын акылга сыйбас жоругу себеп болуп атыптыр. Роза айым акыркы эки аптадан бери аттуу-баштуу саясатчыларга телефон кагып «Каалайсыздарбы, мен Ө.Бабанов же Р.Казакбаев менен жолугушуу уюштуруп берем» деп бир чалса, кайра «1-июлда боло турган партиянын курултайына келесиздерби?» деп кайталап телефон кага берип алардын тынчын алып жиберген экен. Анан Бабанов менен түз эле байланышып жүргөндөр «Бу эмне деген жорук ыя, Өмүке? Же Акназарованы катчы кылып алдыңыз беле?» деп нааразы болуп телефон чалышкан экен. Бул эркин гезиттердин бирине да чыгып кетти.

Ошентип шефине жагынып, катуу иштеп аткандай түр көрсөтүп алайын деген Акназарова тескерисинче Бабановдун каарына калып, кагуу жеп отуру дейт. Бабанов да жини келгенде оозунан сөздөр ылганбай чыгып кетет эмеспи, Акназарованы ой-да ашатып салганбы? Эми ошол «ашатылган» сөздөрдү унутканча Акназарованын жүрөгү бир топко чейин ооруйт го дешет штабдагылар күлкүсүн тыя албай. Шайлоо баштала элек жатып кырылышып калышыптыр, бу дейинде маарага жеткиче «маңкалары» чуурубайбы?

 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: