Бабанов чечен улутундагы «токолу» менен Россияда эс алып жүрөбү же Кыргызстандан качып кеттиби?

30.10.2017 | Саясат

2e653e2074bcd4035658f 9a964d8ee0d5f36aa35b6

Президенттик шайлоонун алдында талапкерлердин бири Өмүрбек Бабановдун эки аялы бар экендиги, биринчиси казак улутунан болсо, экинчиси «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин карындашы, чечен улутундагы Аминат Гривцова экендигин ММК булактары жазып чыгышкан болчу.

Ошондон кийин Бабанов «Мени экинчи аялы бар деп жөн эле каралап атышат, мына менин бир эле үй-бүлөм бар» деп биринчи аялын жана бала-чакасын коомчулукка алып чыккан эле. Бирок, тилекке каршы ал мына ушул кадамы менен да өзүнүн жеткен жалганчы экендигин тастыктап койгон экен.

Муну ашкерелеген видеоматериал интернетке желдей тарады. Ал буга чейин деле шайлоодон кийин эс алышы керек экенин, үгүт иштери маалында аябай чарчаганын билдирген. Ошентип ал 23-октябрда Москва убактысы боюнча саат 7:45те «Бишкек-Москва» авиарейси менен «Шереметьево» аэропортуна келип конот. Аэропорттон аны бир эркек киши тосуп алат. Маалыматтарга караганда ал Бабановдун Пензадагы цемент заводундагы өкүлү болуп саналат экен. Анан ошол кишинин коштоосу менен ал ак түстөгү «RangeRover» үлгүсүндөгү автоунаа менен (номери Х 077 КВ 777) Москва шаарын көздөй кеткен.

Андан кийин эң кызыгы уланат. Анын эртеси Москва убактысы боюнча саат 7:55те «Алматы-Москва» авиарейси менен «Шереметьево» аэропортуна Кыргызстанда «Бабановдун экинчи аялы» катары таанымал Аминат Гривцова келип конот. Аны дагы Бабановду тосуп алган киши тосуп алып, ошол эле «RangeRover» үлгүсүндөгү автоунаа менен Москва шаарын көздөй алып кеткен.

Муну тастыктаган видеоматериал бар. Ошондо Ө. Бабанов шайлоо алдында жалпы кыргызстандыктарды алдаган болуп атабы? Эгерде ал шайлоодон кийин чет мамлекеттердин бирине барып эс алгысы келсе, анда неге өзү элге тааныштырган үй-бүлөсүн алып кеткен жок? Эмнеге А. Гривцова менен чогуу эс алгысы келди? Же үй-бүлөсүн таштап качып кеттиби?

52d0e37995730f5cacdbf 696fd86aefa1ee5a5b5e3 b309e7ba5b9e751f8420d


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: