Домой Саясат Баатырды баатыр деш керек

Баатырды баатыр деш керек

4

Негизи кыргыздын чыгаан уулу Султан Ибраимовду замандаштары «ХХ кылымдын Баатыры» деп жүрүшкөн. Мындай жогору ишенимге ээ болуш үчүн ал мезгилинде элине татыктуу кызмат өтөдү. Айтылган бул кепти тарых барактары ырастап келет. Эгер анын артында калган эмгек жолуна сереп сала турган болсок, ал партиянын Ош областтык комитетинин биринчи катчысы он жылдан ашык жетекчилик кылганы баамга урунат. Ош облусуна жетекчи болуп дайындалганда 1968-жылдын 23-январы эле. Кыштын чилдеси. Ушундай табийгаттын катаал шартында Султан Ибраимов жооптуу иш тизгинин колго алган.

Ал кээде жекшемби күндөрү Ош шаарынын базарын баштан-аяк кыдырар эле. Муну менен ал базар баасына кызыкчу. Экинчиден кайсыл айыл чарба азыгына кардарлардын кызыгуусу көп экенине күбө болчу. Базарда кайсыл бир товар таңсык же аз болсо аны көбөйтүү жагын тиешелүү кызматтарда тапшырар эле. Ал кезде базардагы соодада жалаң башка улуттун өкүлдөрү базар жүргүзгөнүнө күбө болуп, башка соода тармактарын да кыдырып чыкты. Айтор, бул тармакта кыргыз уул-кыздарынын жоктугу аны ойго салды. Облустун аймагындагы жаштар арасында соода тармагында окугандарды иликтеп көрдү. Ошондон баштап соода тармагына тартылган кыргыздын уул-кыздарынын катары арбыды. Көрсө ал киши көрөгөчтүк кылып, базар шартына өзгөчө маани берген тура. Азырчы, азыр базарда, соода тармагында иштегендердин басымдуу бөлүгү жергиликтүү улуттун өкүлдөрү.

Ал Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы төрт айдан ашык иштеди. Бирок ошол кыска мезгил аралыгында түмөн жумуштарды аткарганга үлгүрдү. Адегенде республикабыздагы мыйзам, токтом, типтүү жоболордун баары менен дыкат таанышып чыкты. Чындыгында бир катар мыйзамдардын башка республикалардыкына коёндой окшоштугу аны табышмактуу ойго салды. Анткени, биздин республиканын шарты, табигый абалы эс алынбаганы көпкө түйшөлттү. Ал кезде эмне союздун курамындагы көз каранды республика катары өз алдынча мыйзам чыгаруу, мыйзам кабыл алуудан кооптончу. Анткени, андагы саясий абал азыркыдан түп-тамырынан бери айырмаланып турчу. Бардык талап Москвадан чечилип, КПССтин Борбордук Комитетинин бирдиктүү саясаты үстөмдүк кылып келгенин ким төгүнгө чыгарат.

Сөздүн чыны ачуу болот демекчи, ал учурда республиканын Жогорку Кеңешинин президиумунун жүзү азыркыга салыштырмалуу ачык көрүнчү эмес. Султан Ибраимов бул кызматка келгенден баштап, бийликтин башкы бутагы болгон соң, аны кагаз түрүндө, иш жүзүндө журтчулукка жайылтуу аракетин көрдү. Мыйзам, токтом, жобо, нормативдик укуктук актылар Султан Ибраимовдун толук кандуу иштеп кетишине кедергисин тийгизбей койгон жок. Же эмне кесиби юрист болбосо.

Кээде жалгыз иш бөлмөсүндө катуу ойлонуп да көрдү. Бардык мыйзам булактары менен жеткиликтүү таанышуу ниетинде түн бир оокумга чейин Жогорку Кеңеште олтурган күндөрү көп болду. Ырасында республика алкагында мыйзамды одоно түрдө бузгандар, оор кылмыш кылгандар мыйзам алдында жасаган күнөөсүнө, кылмышына жараша беренелерде көрсөтүлгөн негизде жазасын алууга, же болбосо, жөнөкөй тил менен айтканда мойну менен тартууга акылуу. Бул маселе да парламент төрагасынын түйшүккө салды. Эң жогорку өкүм, соттолгондордун ишин жеңилдетүү туурасындагы беренелерге толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө көп дит койду.

Көрсө, республикадагы көп тармак, кызмат боюнча атайын мыйзамдар бар экен. Анысы жакшы десеңиз, бирок алардын кээде бири-бирине карама-каршы келген да жактары жок эмес. Мурун муну элес албаган Султан Ибраимов адатынча мыйзам, кодекстердин берене, бөлүмдөрүнө чейин кунт коюп таанышып, андагы баамына урунган жаңылыктарды таап чыкты.

Жарыктык киши эртеден кечке иш бөлмөсүндө кагаз менен алек болуп жүрүп, кээде чарбачылыгын, өндүрүштү сагынчу. Анын кыялында өзү баштаган көп иштери кудук токтоп калгандай туюлчу. Көрөсөн көсөмдүгүн ушундан билиңиз айрым учурда телефон менен райондун жетекчилерине байланышка чыгып, жаңы башталган жумуштардан кабар алчу. Болбой эле өзүнүн адилет багыттардын берер эле.

1978-жылдын 22-декабрында Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагалыгына дайындалды. Өкмөт башчы катары аткаруу бийлигинин тизгинин колго алуу аны дагы жооптуу сыноодон өткөрдү. Анткени, бүтүндөй республиканын жоопкерчилигин татыктуу улантып кетүү андан көп жооптуу милдеттерди талап кылды. Мурун суу чарба министри болуп иштегенде жалаң суу чарба тармагын жетектеген болсо, эми минтип өндүрүш, айыл чарба, медицина, билим берүү, агартуу айтор бардык тармак боюнча иш алып баруу вазийпасы жүктөлдү анын жоопкерчилигине. Бир ай аралыгында республиканын бардык аймагын түрө кыдырып чыгууга үлгүрдү.

Эмнегедир бир катар тармактагы иштер анын купулуна толгон жок. Республиканын түштүгүндөгү абал ага алаканга салгандай маалым эле. Канткен менен ал аймакта он жыл иштеп келбеди беле. Эми аны түйшөлткөн Нарын, Ысык-Көл, Талас анан Чүй облусундагы абал болду. Аталган облустардагы көзгө көрүнөөр, баамга урунаар көрсөткүчтү, өсүп-өнүгүүнүн дымагын, демилгени, алгылыктуу аракетти көрө албаганына өкүндү.

Жетекчилик иш башатын республиканын борбор шаары Фрунзени жөнгө салуудан баштоону ылайык көрдү. Себеби, шаардагы улуттук жүз ыроологон курулуштарды куруу туурасында архитекторлорго келечектүү багыттарды берди. Республика казынасына арбын киреше алып келген өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө көп көңүл бурду. Шаардык жылуулук тармагын жаңыртуу маселесин көтөрүп чыгып, атомдук ТЭЦти курууну сунуштады. Эгер жетик жетекчинин ошондогу улуу жумуштары жүзөгө ашканда Казакстандан тонналаган көмүр, Өзбекстандан баасы кымбат көгүлтүр газ алмак эмеспиз. Аны бир айтабызбы, эки айтабызбы эми арман бойдон көкүрөктө катылып келет.

Дагы бир белгилей кетчү жагдай Фрунзе — Чолпон-Ата аралыгындагы жолду троллейбус линиясы аркылуу бириктирүү сунушун мезгилинде Султан Ибраимов көтөрүп чыккан. Бул балким айрымдар үчүн фантазия өңдөнөр. Бирок, көрөгөч көсөмдүн көз карашы менен карап көрсөңүз баарына ынанарыңыз бышык. Эгер бул каттам жүзөгө ашып калганда кереметтүү Ысык-Көлүбүзгө барып-келүүгө ыңгайлуу шарт түзүлмөк. Атаганат, эгер көзү тирүү туруп, шаарыбызга атомдук ТЭЦти куруп, пайдаланууга бергенде, Чолпон-Атага троллейбус линиясын жеткиргенде бул асыл адамыбыздын аброю артып, эмгеги элдин эсинде калмак.

Кыргыз өкмөтүнүн башчысы иш бөлмөсүндө көп отурганды жактырчу эмес. Мүмкүн болушунча областтарды, райондорду, чарбаларды кыдырууга ынтызар болгон. Эң башкысы эл үчүн кызмат кылган курулуш иштерди жасоого дилгир эле. Таластагы «Тай-жорго» массивине шартынын оордугуна карабай каналдын курулушун баштаган. «Башталган иш ташталбайт» демекчи маркум республика аймагында далай иштерди илгери үмүт менен баштаган каналдын курушу, өмүрү кыска экен бүтпөй калды. Бирок, демилгенин деми суубай, Таластагы канал элдин жапыр киришүүсү менен бүткөрүлдү. 1987-жылы каналдын жээгине эстелик тургузулуп, каналга Султан Ибраимовдун ысмы берилди. Азыр ушул каналды жээктеп жол жүрүп бараткандардын арасынан көрөгөч жетекчини тааныгандар атайын токтоп, эстеликке таазим этип, куран окуп, арбагынын ыраазы болушун тилешет.

Айтор, өз заманынын залкары Султан Ибраимов артында из калтырган опол тоодой иш жасады. Анын көзү өткөнү менен “Кыргыз республикасынын Баатыры” наамынын ыйгарылышы өлкө башчы тарабын акыйкат чечим болгонун белгилеп кетүүгө болот.

Кадыр КАЛИЛОВ

журналист

Булак: Ачык сөз