Азамат Шаршебаев, Китепкана.kg жеке китепканасынын негиздөөчүсү: Китеп окубаган өлкөнүн келечеги жок…

08.02.2017 | Маек

китеп

— Азамат мырза, жеке китепкана ачууңузга эмне себеп болду?

Мен өзүм адабият күйөрманымын, жеке Китепкана.kg аттуу кыргызча китептерди саткан интернет дүкөн ачууга, кыргызча китептердин жетишсиздиги, жаңы чыккан китептер жөнүндө маалыматтын жоктугу түрткү болду. Себеби, өзүм дагы убагында кыргызча китептерди окуюн деп издеп таппай калган убактарым болгон. Негизги кесибим инженер-программист, сайттын дизайнын, ичиндеги программаларды өзүм жасап чыккам.

— Китепканаңызда китептердин саны канча?

Биздин китеп текчебизде азыр сатууга коюлган 200 дөн ашык кыргыз тилиндеги ар кандай жанрдагы китептер топтолуп калды, буюрса бул сан күндөн күнгө көбөйүп жатат. Сайтыбызга күнүнө 150 дөн ашык адамдар баш багып турушат.

— Китептердин сатылышы кандай?

Китептерибиз Кудайга шүгүр өтүп жатат. Буюрса кардарларыбыз интернет аркылуу сатып алганга көнө башташты. Алыскы региондордон да буйрутмалар келип, башка аймактарга биз тез салып жибергенге аракет кылып жатабыз. Окурмандар көбүнчө тарыхый, инсандык өнүгүүгө, бизнеске, мугалимдерге арналган китептерди сурашат.

— Китеп жаатындагы адис катары айтсаңыз, кандай багыттагы китептер жетишпейт?

Улуттук аң-сезимди өстүрчү, адамдарды жакшы багытка бура турган, өлкөнүн келечегине салым кошо турган инсандарды тарбиялай турган китептер көп чыкса жакшы болмок.

— Китептердин нускалары тууралуу айтып берсеңиз?

Азыркы учурда китептердин нускасы аябай эле аз экенин көпчүлүк билсе керек. Мисалы, аз дегенде 200дөн көп болгондо 2000 нуска менен чыгып жатат. Ошондуктан калың элге жетпей калып жатканын айтсак болот.  Бул жерден бир нерсенин белгилеп коюш керек , көп китептерди авторлор өз каражаты менен чыгарып жатышат. Аларды бул жерде күнөөлөй албайбыз. Эгерде мамлекет атайын программа иштеп чыгып, жакшы китептерди көп нускада чыгарса абдан жакшы болмок. Бул жерде авторлор дагы пайда көрүшмөк, карапайым калк дагы ыраазы болмок, мамлекет дагы билимдүү, жан -дүйнөсү кең, келечекте өлкөгө пайда алып келе турган муунду тарбиялай алмак. Китеп окубаган өлкөнүн келечеги жок деп айтып келишет эмеспи, кичинеден болсо да өлкөбүздө китеп окуган адамдардын санын көбөйтүүгө салымыбызды кошсок дейбиз.

— Жеке китепканаңыздын  кулачын жайып кенейтүүгө, калктын калың катмарына сиңирүүгө кандай аракеттерди көрүп жатасыз?

Сурамжылап көрсөк өмүрүндө бир дагы жолу адабий китеп окубаган адамдар бар. Ошондой адамдар ар кандай диний, экстремистик топоторго жеңил тузак болуп жатканы маалым. Биздин ишти кеңейтүүгө, карапайым калкка жеткизүүгө колдон келген аракет кылып жатабыз. Мисал кылып айтып кетсек, басмадан жаңы эле чыккан кыргызча китептерди биздин сайтка тез жайгаштырганга аракет кылабыз.  Жаштарды китеп окууга кызыктырыш үчүн социалдык тармактарда акцияларды уюштуруп, белекке мазмуну маңыздуу китептерди берип жатабыз.  Кээ бир аймактарга көчмө китеп жарманкесин өткөзүп, айыл жеринде жашаган элди жаңы чыккан китептер менен тааныштыруу иштери жүрүп жатат.

— Бардык иш эле акыры келип каражатка такалат эмеспи, сурайын дегеним сизди колдогон  демөөрчүңүз барбы?

Менин демөөрчүм жок, өзүмдүн гана каражатымды салып ишти баштагам. Алдыга коюлган чоң максаттар бар. Биздин ишти колдойбуз деген демөөрчүлөр чыкса жок дебейбиз.

— Адабияттын күйөрманы экенсиз, кыргыз жана дүйнөлүк адабияттан сиз баалаган акын-жазуучулар ким?

Кыргыз адабиятынан баалаган жазуучуларым: Чыңгыз Айтматов, Касымаалы Жантөшев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Качкынбай Османалиев ж.б. Дүйнөлүк адабияттан Марк Твен, Гектор Мало.

Суроо салган Эралы Эсенбаев


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: