Азамат Оросбаев, улуттук статистика комитетинин төрагасынын орунбасары: “ИДП көлөмү акыркы алты айда 194 млрд.сомду түзүп, 6,4%га өстү”

15

Ички дүң продукциянын көлөмү 2017-жылдын январь-июнь айларында алдын ала баалоо боюнча 194 млрд. сомго жакынды түзгөн. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында улуттук статистика комитетинин төрагасынын орунбасары Азамат Оросбаев билдирди.

Комитеттин маалыматтары боюнча, ИДП көлөмү өткөн жылдын бул мезгилине салыштырмалуу 6,4%га өскөн.
А.Оросбаев “Кумтөр” кен иштетүү ишканаларын эске албаганда, ИДПнын көлөмү үстүбүздөгү жылдын 6 айында 173 млрд. сомду түзүп, 3,1%га өскөнүн билдирди.
“2017-жылдын январь-июнунда өнөр жай продукциясынын көлөмү 105 млрд. сомду түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 31,6%га өскөн. Өндүрүш негизги металлдарды иштетүү, темир кенин жана тазаланган мунайзат продуктуларын өндүрүүнүн эсебинен өстү”, — деди ал.

Электр энергиясы, газ, буу жана коюлтулган аба менен камсыздоо 2016-жылдын 1-жарым жылдыгындагы деңгээлден 12,1%га жогорулаган.

 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: