Азамат Адылгазиев, ишкер: «Боордош элге кыргыздын ашканасын көргөзүү ниетинде “Юрта” ресторанын ачтык»

14.03.2018 | Коом, Маек

26804697_871913082986793_2884400697800773292_n

Кыргызстандан чет өлкөгө барып иштеп, окуп жүргөн жарандарыбыз арбын. Алардын арасында Москвага окууга барып, окуусун бүтүп, ал жакта иштеп, улуттук колориттеги “Юрта” аталышындагы ресторан ачып, кыздарга кыргыз көйнөк кийгизген Азамат Адылгазиевди кепке тарттык.

— Кыргызстандан чет жакка чыкканыңызга канча убакыт болду?

— Россияга 2006-жылы билимимди жогорулатуу үчүн аспирантураны окуганы келгем. Окуу деп келип, бул жакта иштеп калдым. Келгенде шыбакчылык иштен баштагам. Андан кийин мастер болуп, евроремонт кылып калдым. Россияга келип курулуш иштеринин 80-90 пайызын түшүнүп калдым десем болот. Курулушта бир жарым жылдай иштедим.

— “Юрта” аталыштагы улуттук колориттеги ресторан ачканыӊызды ал жактагы кыргыздын баары билсе керек. Россияда бизнес ачуу кыйынбы?

— Өнөктөштөр менен биргеликте боордош элге биздин кыргыздын ашканасын көрсөтөлү, биздин даамдарды алар да татсын деген ниетте “Юрта” ресторанын ачтык. Анан албетте, акча да керек. ошол жагынан аракет кылып көрдүк. Буюрса жакшы, азыр бизнес кыймылдап жатат.  Россияда бизнес ачуу Бишкектегидей эле оңой. Анча-мынча каражатың болсо ачылат. Бирок, кайсы жерде болбосун жаңы ачылган бизнести кыймылдатып кетүү бир аз кыйыныраак. Ачып коюу оңой болгону менен анын өмүрүн узартыш ар бир адамдын ошол учурдагы кырдаалды, кардардын талабын аткара билүүсүнө жараша болот. Ойлоп табуучу болбогондон кийин жашаш үчүн бир нерсени уюштуруш керек. Уюштурганды билген адам кандай бизнес болбосун өркүндөтүп кете алат.

24991167_1750631668576635_4244810162348751886_n

— Улуттук колориттеги көйнөктөрдү рекламалап каласыз?

— Улуттук колориттеги көйнөктөрдү тигип сатуу да патриоттук сезимден улам келип чыккан нерсе. Себеби, бул жакта тойлордо, кечелерде, биздин бул жактагы окууну бүтүп же турмушка чыга турган кыздарыбыз чет элдин көйнөктөрүн кийип жүрүшкөндө көп ойлончумун. Мекенден алыс жүрсөк дагы улуттук баалуулуктарды кичине болсо да унутпай сактап калсак деп ошонун негизинде жаңы моделдеги кийимдерди тигип сатып баштадык. Айчолпон Садиева, Аматова Каныкей, Жаныбекова Айсулуу жана Нурзада Шадыкановалар менен чогуу эмгектенебиз. “Keremet_style” аталыштагы көйнөктөрүбүздү учурда биздин кыздар кандай кече болбосун, үйлөнүү үлпөтүбү, кечелер болобу, кийип жүрүшөт.

— Мекенден алыс жакта сизди өкүнтүп жана сүйүнткөн нерсе?

— Кыргызстанга, мекенге болгон сүйүүбүз чексиз. Кыргызстандын абасы, топурагы, гүлдөрү, чөбү, ташы, жери да бизге баалуу сезилет. Туулуп өскөн үйдү, классташтарыбызды, мектепти, үйгө барганда жөн эле баш аягы жок болсо да сөздөрдү сүйлөп отурганды абдан сагынабыз. Мекенден алыс жүрүп Кыргызстанда болуп жаткан ар бир окуяны жүрөгүбүздөн өткөрөбүз. Жакшы окуяларга, жакшы жаңылыктарга чекебиз жарыла сүйүнсөк, жаман окуяларды көрүп жүрөгүбүз эзилет.

— Биздин ырчылар Москвага байма-бай барып концерт коюп турушат эмеспи. Кайсы ырчынын концертине көбүрөөк барышат?

— Биздин ырчылар акыркы 3-4 жылда концерт менен атайын концерттик залга келгенде чыгымга учурашат. Себеби, концерттик залга концерт коюп келишкенде зал толо эл келгенин азырынча көрө элекмин. Ошондон улам концерттик залдарга концерт берүү токтоп калган. Азыр ырчылардын 90 пайызы клубдарга келип концерт беришет. Ильяз Абдразаков менен Мирбек Атабековго биздин жаштар көп барышат. Калган ырчыларга деле барышат бирок анча эмес.

b291ec770d7aebda0351721641fd8886

— Кыргызстанга кайтуу тууралуу оюңуз барбы?

— Албетте, Кыргызстанга кайтуу туурасында оюм бар. Бул жактан дагы кичине турак жай алып, Кыргызстандан да чакан иш ачып эки жактагы ишти көзөмөлдөп жүрө берсемби деген оюм бар. Буюрса ал туурасында болгон аракетибизди 2019-жылы ишке ашырууга аракет кылабыз.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: