Аткаминерлер дайым калп айтышат

18.03.2016 | Азил

темир жол

Бир ирет  темир жолдо ири кырсык болуп, абдан көп аткаминерлер бараткан атайын состав рельстен чыгып кетти. Жетип келген куткаруучулар жергиликтүү тургундар депутаттардын баарын жерге берип салганын көрүштү.
— Эмне, ушунча аткаминерлер, депутаттар, министрлердин баары каза болуштубу? — деп ишенбей сурашат.
Анда куткаруучуларга көптү көргөн аксакал мындай дептир:
— Ооба. Чынын айтсак, алардын кээ бирлери бизди өздөрү тирүү экендигине ынандырмакчы болушту. Бирок, саясатчыларды силер да билесиңер да, алар ар дайым калп айтышат.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: