Асылбек Маратов: Арстанбек Буйлаш уулунун тукумунан төкмөлүк өнөрдү жалгыз мен аркалап келем

16.04.2016 | Маек

Төкмө акын Асылбек Маратов менен маек.

— Асылбек мырза, канча жашыңдан тартып ырдап келесиң?

— Төкмөлүк өнөргө 17 жашымдан бери аралашып келем. Эң алгач 2007-жылы Арстанбек Буйлаш уулунун 180 жылдыгына арналган Барскоондо өткөн айтышка катышып Шекербек Адылов деген акын байкебиз менен айтышып, сөз кураштыра албай, коркуп утулуп калгам. Кийин Арстанбек, Калыгул, Эшмамбет, Токтогул, Алымкул, Кыргоол, Калык, Токтогул, Эстебес сыяктуу төкмө акындардын китептерин, элдик оозеки адабияттарды, ырларды окуп чыктым. Ошонун баары адамдын аң-сезимин өстүрөт экен. 2007-жылдан бери “Айтыш” фондунда тарбияланып келем. Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев аталарыбызды колунан кармап калдым. Ошого кубанам. Мектепте окуп жүргөндө төкмөлүк өнөрүмдү байкаган деле эмесмин. Бирок, комуз чертчүмүн.

Улуттук консерваториянын вокал бөлүмүндө Мурат Какей деген агайдан вокал боюнча быйыл бүтүп жатам. Бирок, төкмө акындык жолду тандап алгандан кийин студияга барып ыр жаздырып, фонограмма менен ырдагың келбей калат экен. Клип тарттыруу деген маселелер менен алектенбейм. Колумдагы комузум менен элдик ырларды, терме, санат ырларын ырдап жүрөм.

— Тилинен чаң чыккан, анча-мынча чоңдорду ордуна «отургузуп» койгон устатың Аалы Туткучев менен кантип устат-шакирт болуп калгансың?

— Филармониянын 2 жылдык студиясынын акындык бөлүмүн окуп бүтүргөм. Аалы агай менен «Айтыш» фондунан эле таанышкан болчумун. Бирок, филармониянын алдындагы студия бизди устат-шакирт катары жакындатты десем болот. Акындар 10 күн сайын чогулуп турабыз. Ошол жактагы улуу акындардын баарын устатым деп билем. Негизги устатым Аалы Туткучов, андан кийин Элмирбек Иманалиевдин колунда тарбияланып келе жатам.

— Алп акын Арстанбек Буйлаш уулунун чөбөрөлөрүнөн эмессиңби, ал киши туурасында эмнелерди айтып бере аласың?

— Мен жети атамды санай келсем бешинчи атам кадимки Арстанбек Буйлаш уулу.

Арстанбек Буйлаш уулу туурасында бизге чейин жеткен так маалымат жок. Союздун саясаты менен ырларынын баары жоготулуптур. Негизи 500 күү черткен киши болгон. 500 күүсүнүн, ырларынын, обондорунун да бизге толук жетпей калганы өкүндүрөт. Былтыр Арстанбек Буйлаш уулу туурасында китеп жарык көрдү. Анда деле толук маалымат жок. Эми буюрса дагы изилденип, акын жөнүндө биз билбеген маалыматтар чыкса деген үмүт бар. Төкмө акын, комузчу, ырчы, олуя, бир нерсени алдын ала билген касиети бар болгон. Азыркы заманды 18-кылымда эле айтып кеткен. Акындардан өзгөчөлүгү ошондо.

— Акындын тукумдарынан ырга шыктуу, төкмөлүк өнөрү барлары чыктыбы?

— Өнөр адамдарынан мен эле чыктым окшойт. Атам да, чоң атам да ырга шыгы жок, комузда да ойнобойт. Башка бир туугандарымдын деле төкмөлүк өнөрлөрү жок. Арстанбек бабабыздай болуу эч кимибиздин колубуздан келбейт го, ошентсе да Арстанбек Буйлаш уулунун тукумдары деген сыймыктуу атка татыктуу болуп, анын чыгармаларын элге жеткирип бере алсам экен, өнөр жолуна түшкөн соң чыгармачылыгым жемиштүү болсо экен деген оор милдет, жүк, жоопкерчилик мойнумда турат.

— Замандаш жаш төкмө акындардан кимдин өнөрүн, талантын баалайсың?

— Жаш акындардын өнөрүн баалай деле албайм, себеби, алардын сөздөрү курч эмес. Болот Назаров деген акындын өнөрүн гана жактырам. Болот менен айтышка чыгып, бет келип көрө элекмин. Бирок, абдан айтышкым келип жүрөт.

— Жеке жашооңо токтоло кетсең, үйлөндүңбү?

— Азырынча бойдокмун. Окууну бүтүп, диплом алгандан кийин күздө үйлөнөйүн деп  жатам.

Суроо салган Төлөбүбү Касмалиева


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: