Астана-Бишкек жаңжалы Казакстанда кыргызстандык азык-түлүктөрдүн дефицитин пайда кылды

кок базар рынок

10-октябрдан бери карай Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда чек ара көйгөйү жаралып чечилбей келет. Ачыгын айтканда кыргыз тараптан эч кандай ашыкча текшерүү, атайылап чек ара көйгөйүн жаратуу жасалган жок. Бир гана казак чек арачылары тарабынан текшерүү күчөгөндүктөн, эки тараптан тең өтө албай турган жүк ташыган унаалар менен жеңил унаалардын кезеги бир нече километрге созулуп кетти.

Бул көйгөйдү чечүү үчүн Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков Астанага да барып келди. Албетте, ал сапардан кийин чек арадагы көйгөй азыраак жеңилдегени менен дагы деле унаалардын кезеги суюлбай келет.

Казак тарап чек арадагы текшерүү эмне себептен күчөгөнүн адегенде түшүндүрүшкөн да жок, алтургай эскертүү да берилбеди. Андан көп өтпөй муну Кыргызстанда өтө турган президенттик шайлоо менен байланыштырышты. Андан соң муну террористтик жана контрабандалык ишмердүүлүккө катыштыгы бар жактарды, миграциялык мыйзамды бузуучуларды аныктоо үчүн чек арадан өтүп аткан транспорт каражаттарын, жүктөрдү жана товарларды текшерүү күчөдү деп айтышты. Так шайлоонун алдында Казакстанда жашап жана иштеп аткан кыргызстандыктарды милиция кызматкерлери кармап, өлкөдөн кууп чыгаруу аракетин жасашкандары да белгилүү болду.

Ал эми 25-октябрда Ереванда өткөн Евразиялык экономикалык биримдиктеги мамлекеттердин өкмөттөр аралык кеңешиин кеңейтилген отурумунда Казакстандын премьер-министри чек ара көйгөйүнүн жаралышына жаңы шылтоону айтып чыкты. Анын айтымында Кыргызстандын жүктөрдүн киришине чектөө киргизилгенине биздин мамлекеттин бажы жана салык мыйзамдарын бузуулары көп болуп жатканы болгон экен. Буга КР премьер-министри кийинчерээк билдирүү жасай тургандыгын айтты.

Айтор, казак тарап эмне себептен чек ара көйгөйүн жаратып атышкандарынын чыныгы себебин айта алышпай эле, ар кайсыл шылтоону таап чыгышууда. Натыйжада эмне болду? Албетте, мунун натыйжасында кыргыз ишкерлери да чоң чыгымдарды тартышты. Карапайым жарандар кыйналууда. Ошол эле убакта казакстандык ишкерлер да, карапайым жарандар да жапа чегип атканын жашырууга болбойт.

Маселен, 10-октябрдан тарта чек ара көйгөйү жаралгандан кийин Казакстандын шаарларынын дүкөндөрүндө Кыргызстандан баруучу азык-түлүктөрдүн жетишсиздиги байкалган. «Тилекке каршы бүгүн биз силерге Кыргызстандан келген сүт азыктарын сунуш кыла албайбыз. Мурда ал азыктар көп болгон, бирок 10-октябрдан кийин бизге келбей калды», — деп «Магнум» гипермаркеттеринин биринин менеджери Ерлан аттуу жигит DW маалымат булагына билдирген. Ал Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы конфликт акыры ийгиликтүү аяктай турганына ишене турганын айтып: «Ачыгын айткнада мен Бишкектен келген сүт жана сметаналарга эмнеге тыюу салынганын түшүнгөн жокмун. Менин пикиримде алар өтө жакшы сапатта жана арзан болчу. Пенсионерлер аны өтө көп алышчу», — дейт ал.

Дагы бир чакан дүкөндүн ээси Динара айым да Кыргызстандан келген азык-түлүк товарларын сатып келгенин айтат. «Мен азыр 9-октябрда акыркы жолу келген продукциялардын калганын гана сатып атам. Булар жумшак сырлар, «Шоро» продукциясынын бир нече түрү жана балмуздак. Молоко, колбаса, быштактар азырынча жок», — дейт ал. Динара айым да Кыргызстандан келген азык-түлүктөр сапаттуу жана арзан баада болгонун айтат.

Ал эми Алматы шаарында Кыргызстандан келген товарларды дагы деле табууга болот. Ал үчүн өтө чоң эмес базарларга барыш керек. Бирок, сатуучулар Кыргызстандан келген колбаса, жашылча жана мөмө жемиштерди жашырынып сатып атышат.

«Менде Ысык-Көлдүн картошкасы, алмасы, алмуруту бар. Менин курбум силерге бишкектик колбасаны, «Үмүттүн» жаңы сүтүн жана чыныгы беловодскинин майын сунуш кылат. Бирок, мунун баары азыр кымбат болуп калды, ошентсе да жергиликтүүлөргө караганда арзан», — деп шыбырап реклама кылып аткан сатуучуларды көрүүгө болот.

Ал сатуучулар эки өлкөнүн бийлигинин мамилесине карабастан, Бишкектен колбаса, мөмө жана жашылча жемиштерди, алтургай «тыюу салынган» текстилдерди да алып келе бере турганын айтышууда. «ЕАЭБди айтышты. Кана натыйжасы? Болбой эле бири-бирине бут тосуу болуп атат. А биз жашашыбыз керек, жашап атабыз. Билесиздерби, чек ара бизде чоң. Туугандарыбыз ал жакта да, бул жакта жашашат. Чек арачыларды ар бир метр сайын кое алышпайт», — дейт казакстандык сатуучу.

Айтор, эки өлкөнүн бийлиги тирешкени менен карапайым жарандары бир туугандык мамилесин эч качан бузбай тургандыгын далилдеп атышат.

 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: