Домой Саясат Асема Токтобекова, актриса, ырчы: «Чындык үчүн аягына чейин күрөшөм»

Асема Токтобекова, актриса, ырчы: «Чындык үчүн аягына чейин күрөшөм»

74

Актриса, ырчы катары таанымал Асема Токтобекова жакында эле сулуулук салонун ачып, жаңыдан үзүрүн көрө баштаганда тилсиз жоонун курмандыгы болду. Өрттөн улам баалуу эмеректер, сулуулук шаймандары жараксыз абалга келип, актрисанын салонго жумшаган опол тоодой эмгеги менен каражаты абага учту.

Асема айым бул, албетте, кырсык экенин, бирок буга ошол имараттын жетекчисинин кандайдыр бир деңгээлде күнөөсү бар экенин баса белгилеп, нааразычылыгын билдирди.

Асема, кандайсың? Ооруканадамын деп жаттың эле, ден соолугуң жакшыбы?

— Жашоомдогу акыркы окуяларга байланыштуу кабатыр болгонумдан, ойлонуп, депрессияга түшкөнүмдөн улам ооруканага жатып дарыланып чыгууга туура келди. Кош бойлуу айым үчүн мындай олуттуу көйгөй ден соолукка залакасын тийгизбей койбойт экен. Учурда акыбалым орточо. Негизи, дагы дарыланып жатышым керек эле, бирок акыйкатсыздык жаныңды сыздатып турса жөн эле карап тура албайт экенсиң. Ден соолугумдун начарлап кеткенине карабай ишти өзүм колго алып, чындык үчүн чыркырып турган кезим.

Кандай акыйкатсыздык болуп жатат?

— Менин имараттын ээсине карата нааразычылыгым бар. Негизи, өрт жаныбыздагы кафеден чыгып, анан биздин салонго өткөн. А салон менен ошол кафенин ээси бир адам. Ошондуктан иштешип жаткан өнөктөштөрүнө шарт түзүп бербегени үчүн мен күнөөнү ошол адамга коюп жатам да. Көрсө, буларда мурунтан эле электр жарыгынан көйгөйлөр бар болчу экен. Мен бул тууралуу билген эмесмин. Биз салонду иштетип баштагандан тартып байма-бай жарыкты өчүрүп-күйгүзүп, салондо иштеген кыздарга абдан эле жолтоо болуп жатышкан. Канча жолу кайрылдым ушул маселени чечип бергиле деп. Бизди теңине албагансып, сөзүмдү сөз деп койбой унчукпай жүрүп алып, акыры минтип өрт чыгып отурат. Эгерде башында эскертип, «бизде ушундай көйгөй бар» десе, мен башка эле жерди эле ижарага алмакмын да. Ошол күнү да кафенин администратору электриктер менен келип: «Азыр жарыкты өчүрөбүз, бир аз оңдоо иштерин жүргүзүш керек болуп жатат»,- деп биздин салондун администраторуна кайрылганда ал: «Азыр бизде жумуш учуру, анын үстүнө кардарларыбыз дагы бар, аларга мындай мамиле туура эмес болуп калат, өчүрбөй тургула»,- деп айтыптыр. Ошого да карабай жарыкты бир топ убакытка чейин өчүрүп, кайра күйгүзгөндө эле дароо салонду кара түтүн каптай баштаптыр. Анан кыздар ызы-чуу болуп эле эшикти көздөй качып жөнөшүптүр. Кийин укканыма караганда, өрт кафе жак тараптан чыгып, анан биз жакка өтө баштаган экен.

Сулуулук салонду ижарага аларда имараттын ээси менен документтик негизде келишим түзүлдү беле?

— Салонду ачуу үчүн имарат издеп жүрүп ушул жерге аябай көзүм түшкөн эле. Чындыгында, абдан кенен болгону үчүн мага аябай жаккан. Келишим түзөлү деп имараттын ээси менен такыр байланыша албай койдук. Кийинчерээк ал жердин ээси биздин тааныш байкебиздин өкүл баласы Ысман Койчиев деген киши экенин билип, аябай сүйүндүк. Жолдошум экөөбүз Ысман байке менен жубайын чакырып чай үстүндө маектешип, жакшынакай сүйлөшүп имаратты ижарага алмай болдук. Анан келишим түзөлү десек эле, ээси: «Эми биз жакын эле адамдар экенбиз, өкүл атабыз турат. Эч кандай деле маселе жаралышы мүмкүн эмес, коркпой эле ишиңерди баштай бергиле»,- дегенинен ишеним кат гана жазып, эч нерседен кооптонбой эле салонду ишке киргизген болчубуз. Анын үстүнө ал киши абдан интеллигенттүү, ишеним арттыргандай түр көрсөткөн адам эле. Тилекке каршы, өрт чыккандан кийин «эмне кылсаңар ошо кылгыла, бул силердин көйгөйүңөр» дегендей мамиле кылып, бизди теңине албай шылдыңдап жаткан кези.

Салондун ижара акысы канча эле? Убактысынан кечиктирбей эле төлөп турчу белең?

— Ижара акысы башында 800 доллар болчу, анан 1000ге көтөрүлгөн. Албетте, өз убагында төлөп турчумун.

Салон канча суммага чыгаша болду?

— Мен ушул ишке баш-отум менен киришип, атайын дизайнерлерди жалдап, салондун босогосунан төрүнө чейин жалаң жаңы, кымбат баалуу эмеректерди сатып алып, эки миллион сом сарптагам. Анын баарын тилсиз жоо алып кетти. Албетте, ичим ачышты. Ушунча чуркап жасаган эмгегим беш мүнөттө күлгө айланганы мени аябай кейитти. Окуучу кыздардын күйүп кеткен аппараттарынын чыгымынын баарын өз чөнтөгүмдөн төлөп, жетпегенин карызга алып төлөп бердим. Бирөөдөн бир сом алсаң кайра кайтарганга шашасың го, ошондо ойлой бериңиз, учурда менин акыбалым кандай экенин…

Сулуулук салонуң өз ишин баштаганына аз гана убакыт болсо керек эле?

— Ооба, араң эле үч ай болгон. Бирок ушул үч ай аралыгында кардарларыбыз көбөйүп, адистерибиздин ишмердүүлүгүнө, кесипкөйлүгүнө ыраазы болуп, рахматын гана айтып кетип жатышты. Кардарларга гана кызмат көрсөтпөстөн, сулуулук сырларын үйрөтүүчү окуу борборубуз дагы ушул салонубуздун ичинде жайгашкан эле. Окуп жаткан кыздардын кымбат баалуу аппараттары, кийимдери, документтери, салондун ичиндеги эмеректер, бардыгы, тилекке каршы, күйүп кетти. Өзүмдүн сахнага кийген кымбат баалуу костюмдарым, көйнөктөрүм, шуба, дублёнкаларым бар болчу. Бардыгы эле бир кийилген боюнча жапжаңы абалда эле. Үйдө гардеробго батпай турганынан сатып алууну каалаган адамдар болсо сатып салайын деп салонго алып келип койгон элем. Алардан эч нерсе калган жок.

Аталган чыгымды ордуна келтирүүгө имарат ээси дагы өз салымын кошмой болдубу?

— Кеп ошондо болуп жатпайбы! Өткөндө жолуксак, кишинин күлкүсүн келтирип «миң доллар берем, калганын өзүң чечип ал, бул жерден мен эки миллион сомдук чыгымды көрө албай турам» дейт. Бул бизди шылдыңдаганыбы? Эгерде ушундай көйгөй бар экенин эскертип, анан биз ага да карабай иштей беребиз деп жабышып алсак бир жөн. Мунусун айтпай акырын бизди кылтакка илип алып, ижара акысын ай сайын сыгып алып жатып, аягында кылган мамилеси ушул. Ушул сумманын жарымын төлөөгө даярмын десе дагы кичине уяты бар экен демекмин да, мынчалык ызы-чуу кылып элге жарыя кылбай эле ич-ара чечишип алмакпыз. Анткен жок, демек, менин дагы чындыгым бар. Соодада достук жок дегендей, бул ишти аягына чыгарып, өзүмдүкүн алып, адилеттүүлүккө жеткенде гана тынчыбасам, дагы деле чуркай берем. Бул окуя балдарымды дагы кабатыр кылды. Балам: «Апа, балдар биздин салон өрттөнүп кетиптир деп айтып жатышат го”,- дейт. Менин жумушумдагы көйгөйлөр балдарыма залакасын тийгизбесин деп ойлочу элем. Буга дагы бир аз маанайым түштү.

-Сени актриса катары акыркы кездерде кинолордон көп көрбөй калдык. Эмнеге?

— Киного сунуштар түшүп эле жатат, бирок мен көпчүлүгүнөн баш тартып коём. Себеби кээ бир режиссёрлор ролуңду арзыбаган эле акчага баалап коюшат. Эмне үчүн мен ошончо аракет кылып, күндүн ысыгында же ызгаардуу суугунда үй-бүлөмдү таштап коюп кетип, анан аз эле гонорар алышым керек? Бул нерсе мен кыйынмын дегендин белгиси эмес. Жөн гана ар бир адам жасаган ишине жараша татыктуу бааланышы керек. Акча эч нерсени чечпейт дейбиз. Ооба, адамдын абийиринин астында акча эч нерсени чечпеши мүмкүн. Бирок жакшы жашаш үчүн, сапаттуу тамактанып, сапаттуу кийиниш үчүн, балдарыңа кең келечек түзүп берүү үчүн, жакшы нерселерге жумшоо үчүн акча сөзсүз керек. Ал үчүн адал эмгектениш керек. Асема, маегиңе рахмат. Ишиң оңуна чечилсин, аман-эсен көз жарып ал.

Асел Эсенбек кызы