Асанбек ОСМОНАЛИЕВ, Кыргызстандын Ирандагы мурдагы элчиси: “Президентибиз тышкы саясатта Кытай менен жакшы алаканы түзө алды”

28.08.2017 | Саясат

    1196378.1.1470735092

— Асанбек Арстаналиевич, президентибиз Алмазбек Шаршеновичтин президенттик башкаруу доорунда тышкы саясатты жүргүзгөн саясатына кандай сүртүм бере аласыз? Бул жааттагы аткарылган өзгөчөлөнгөн жакшы иши катары кандай көрсөткүчтөрдү белгилээр элеңиз?

— Кыргызстандын тышкы саясатынын негизин көп векторлуу саясат түзөт. Президент Алмазбек Шаршенович президенттикке келгени өзгөчө соңку 3 жыл ичинде өлкөбүздүн тышкы саясатында көптөгөн жылыштар болду. Мисалдатып айта турган болсок, жеке менин оюмча мамлекет башчыбыз биринчи кезекте өзүбүздүн жакын турган коңшу мамлекеттер менен эки тараптуу мамилени күчөтүп жатат. Ошол эле Кытай менен болгон мамилени алып карай турган болсок, бул ири державанын Орто Азия мамлекеттери, анын ичинен биздин Кыргызстан үчүн орду кандай экенин айтып деле кажети жок. Маселен, Алмазбек Шаршеновичтин тышкы саясатты жүргүзгөн туура кадамынын негизинде ошол эле Кытай мамлекетинин зор көмөгү, берген жардамы менен 2015-жылы “Датка Кемин” линиясы ишке кирип, натыйжада энергетикалык коопсуздугубуз, көз карандысыздыгыбыз чечилген болчу. Мындан башка да жол куруу, ирригациялык маселелер баштаган инфраструктуралык иштерибиз четинен чечилүүдө. Биздин өлкөнүн жылдан жылга Кытай мамлекети менен соода-жүгүртүү аракеттери күчөөдө. Алардын берген маалыматына таянсак бүгүнкү күндө мен билгенден 4,5 миллиард сомго чейин жетти. Бул жерден баса белгилөөчү жагдай Кытай өлкөсү менен биздин өлкөнүн бажы кызматкерлеринин көрсөткүчтөрү кыйла өзгөчөлөнөт. Өлкөбүздүн коңшу Кытай өлкөсү менен болгон жакшы мамилесиндеги дал ушундай жагдайларды баса белгилеп айтып коюшубуз зарыл.

— Кытай менен жеке эле соода жүгүртүү эмес, менимче маданий-гуманитардык жактан алакаларыбыз деле жакшы нукта уланды го…

— Албетте, Кытай менен Кыргызстандын ортосунда 4 жогорку окуу жайларынын ортосунда келишим болуп, бүгүн Конфуций институту өзгөчө ыргакта иштеп жатат. Билим берүү маселесинде биздин өлкө менен килейген ири державанын ортосундагы эки тараптуу карым-катыш күчөп баштады. Учурда биздин Кыргызстандан Кытайга окууга жөнөп жаткан студенттердин саны 667ге жетти. Ошондой эле коңшу ири мамлекет менен ШКУнун алкагында да биригип алып, бул жаатта да өлкөбүз күрдөөлдү иштеп, дүйнөлүк алкактагы терроризм, экстремизм, сепаратизмге окшогон көйгөйлөр тууралуу биздин өлкөнүн коргонуу, коопсуздук кызматтары кызматташып иштешүүдө. Айтор, тышкы саясатта жанданган иштер боюнча айта берсе тизме узара берчүдөн. Азырынча баса белгилеп дал ушундай иштерди атасак болот.

— Тышкы саясатта жеке эле Кытай державасы менен эмес, килейген Россия менен деле тыгыз иштешип жатабыз го?

— Россия менен башкасын айтпай, Алмазбек Шаршеновичтин ал өлкөгө жасаган быйылкы эле расмий визитин алалычы? Расмий визит алкагында көптөгөн сүйлөшүүлөр болуп, чоң деңгээлде эки тараптуу маселелер чечилип, эң негизгиси стратегиялык өнөктөш мамлекеттер менен теңата сүйлөшө баштадык. Россия бийлиги Кыргызстандын буга чейинкилерин эске албаганда да, жакында эле Россияга болгон 240 миллион доллар өлчөмүндөгү тышкы карызын кечип, жоюп салышты. Акыркы жылдары дал ушул Россиянын региондору менен да жакшы кызматташып жатабыз. ЕврАзЭСтин алкагында биздин Россиядагы эмгек мигранттарыбызга карата бир катар жеңилдиктер киргизилип жатат. Соңку эле Россиядагы айдоочуларыбызга берилген жеңилдиктин өзү да жакшы көрсөткүч.

— Россиядан тышкары Орто Азия мамлекеттери менен болгон алакабыз боюнча кандай ойдосуз?

— Албетте, бул жаатта деле биздин президенттин жашырбай айта турган жакшы иштери бар. Башкасын кое туруп, коңшу Өзбекстан менен болгон мамилебиздин жылуулап бара жатканын өзүңөр деле көрүп жатасыңар да. Жакында дал ушул эки өлкөнүн ортосундагы өкмөттөр аралык комиссиянын отуруму болуп, далайдан бери чечилбей келе жаткан чек ара маселелерибиз чечилип келе жатат. Мунун баары аталган эки өлкөнүн биринчи жетекчилеринин тил табышып, бири-бири менен жакшы мамиле түзө алышкандыгынын натыйжасында болууда. Өзбекстандын премьер-министри жакында Кыргызстанга келип кетсе, алдыда эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусу да күтүлүп жатканы кабарланды. Мунун арты менен эки өлкө бири-бири менен жакшы мамиле түзгөнгө, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жакшы алакаларды түзгөнгө өбөлгө болмокчу.        

 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: