Домой Коом Артыкбаевдин элине кылган эмгеги ат көтөргүс

Артыкбаевдин элине кылган эмгеги ат көтөргүс

6

JumabekovОрозмамбет Жумабеков, Токтогул районунун Жетиген айылынын кадырман карыясы, айылдык аксакалдар сотунун төрагасы:

“Артыкбаевдин адал эмгегин карапайым калк баалайт”

Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттары, Токтогул районунун аксакалдары жана тургундары эл өкүлүнүн эл-жерине кылган адал кызматын баса белгилеп колдоо көрсөтүүсүн улантып жатышат. Төмөндө кадырлуу аксакалдардын жана эл жерине кызмат кылган атуулдардын ой-пикирлерине орун беребиз.

Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев элдин көйгөйлөрүн жеринен чечип келген: мисалы, мектеп, бала-бакча, жол жана көпүрө куруу сыяктуу көптөгөн иштерди жасап келди. 2000-жылдан баштап Токтогул районунун, Кара-Көл жана Таш-Көмүр шаарларынын мектептеринин окуучуларын тамак-аш менен камсыздоо максатында, мектептердин базасында өздүк чарбаларды уюштурууга акчалай көмөк көрсөткөн. Андан тышкары, мыкты окуган олимпиаданын катышуучуларына жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн окуучу балдарына дагы колдоо кылып турган. Жакырларга, оорукчандарга, жетим-жесирлерге жана көп балалуу үй-бүлөлөргө колдон келген жардамын аябай, майып адамдарга коляскасын алып берип, калктын көйгөйлүү маселелерин чечип, элдин калың катмарына аты таанылып, чоң атасы Артыкбай калпанын ордун басты.

2005-жылы Осмонбек Артыкбаевдин элге кылган эмгеги бааланып, калктын калың колдоосуна ээ болуп, Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланды. Депутат болгондон кийин дагы шайлоочулардын көйгөйлөрүн чечип, эл алкышына татыктуу инсан экендигин эмгеги менен далилдеп келет.

Осмонбектей чыгаан балдарыбыз Кыргызстанда көбөйсө экен деп элдин алкышына ээ болуп, аксакалдардын батасына арзып жүргөн мезгилде анын бүгүнкү жагдайга туш келгендиги бизди абдан тынчсыздандырат.

Анын абакта отурганын коомчулук ар кандай күмөндүү ойлор менен кабыл алууда. Анткени Артыкбаев министрлик кызматка жана депутаттык мандатка жете электе эле, ак эмгек, адал иши жана маңдай тери аркылуу белгилүү бизнесмендердин катарына кошулуп, кичи мекени Кетмен-Төбө элине жакындан жардам берип келгендигин жалпы эл билет.

Артыкбаевдин чоң атасы Артыкбай калпа дагы өз убагында жардамга муктаж адамдарга колун сунуп, оозунда эми бар касиеттүү, оорулууга дем салганда ар кандай оору менен ооруса дагы айыгып кетет эле деп бизден улуу карыялардын айткандарын угат элек. Ал тургай азыр дагы Артыкбай калпанын өзү салган мечитине алыс-жакындан келип сыйынып түнөгөндөр бар. Эми ушундай касиеттүү инсандын небереси — Осмонбектин Бишкек ТЭЦ маселесиндеги коррупцияга тиешеси жоктугуна толук ишенич бар.

Ак ийилет, бирок сынбайт, Артыкбаев Осмонбек акталып чыгат деген ишенич-үмүтүбүздүн оту өчпөйт.

 

B_TabaldievБайыш Табалдиев:

“Алыскы айылга Артыкбаевдин жардамы көп тийди”

Депутат Артыкбаевдин Сары-Камыш элине кылган кызматын айтып отурсак ат көтөргүс. Токтогул районунун Сары-Камыш айылынын тургуну, КРнын Аксакалдар кеңешинин мүчөсү Байыш Табалдиев Бишкек ТЭЦин модернизциялоо иштериндеги коррупцияга байланыштуу учурда сурак берип жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев боюнча пикирин билдирди.

Токтогул районунан эки жүз чакырым алыс, Бишкектен беш жүз чакырымдай алыс, тоолуу айыл, жолу татаал, кышы узак, Сары-Камыш айылына депутат Осмонбек Артыкбаевдин жардамы көп тийди. Атап айтсак, Осмонбек айылыбызга өмүрүндө электр жарыгы жетпей жашап келишкен 40 түтүндөн ашык карапайым жарандарга электр жарыгын жеткирип, көйгөйүн чечкенге көмөк кылган.Андан тышкары, Толук жана Сары-Камыш айыл өкмөттөрүнүн айылдарына мобилдик байланышын орнотконго жардам берген.

Осмонбек Артыкбаевдин аракетинин негизинде, 2018-жылы Сары-Камыш айылын жаңы курулуп жаткан “Түндүк-Түштүк” автожолуна кошулчу 12 км узундукту түзгөн автожолдун курулушун долбоорлоо иши бюджетке киргизилди. Бул жол курулуп калса, сары-камыштыктардын Бишкекке же Ошко каттоосу жеңилдейт. Себеби, кышында Токтогул аркылуу жол жабылып калат. Сары-Камыш эли Жумгал аркылуу каттап кыйналып жатат.

Ошондой эле, айылдагы орто мектептин жаңы имаратынын курулушун Сауд Аравия өнүктүрүү фонду тарабынан берилген каражаттардын эсебинен курулчу мектептердин тизмесине киргизилди. Жалпысынан алганда, Осмонбектин Сары-Камыш элине кылган кызматын айтып отурса, ат көтөргүс.

Сары-Камыштыктар Артыкбаевдин элге кылган жакшылыгын жогору баалайт. Бүгүнкү күнү Осмонбектин оор абалга туш келишин туура эмес деп түшүнүшөт, себеби аны коррупцияга аралашкан дегенге ишенбейбиз.

“Эл уулу ээр үстүндө уктайт” деген президентибиз Сооронбай Жээнбековдун сөзүндө чындык бар. Осмонбекти бир эле Сары-Камыш эли, Кетмен төбө өрөөнү эмес, бүткүл Кыргыз Республикасы билген инсан. Эл уулу, эл шайлаган депутат, эрте кеч акталат деген тилегибиз бар, себеби ал киши таза.

 

S_OrozbekovСоюзбек Орозбеков:

“Осмонбек Артыкбаевдин жаратылышты коргоого эмгеги зор”

“Артыкбаевдин демилгеси менен түзүлгөн “Алатай” жана “Кан-Ачуу” жаратылыш парктарында ак илбирстер пайда болду. Токтогул районунун Ничке-Сай токой чарбасынын кызматкери Союзбек Орозбеков учурда ТЭЦти модернизациялоо иши боюнча сурак берип жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин жардамы менен жаратылыш парктары уюштурулганын баса белгиледи.

Осмонбек Артыкбаев Токтогул районунун социалдык-экономикалык проблемаларын жана жашоочуларынын жеке маселелерин чечилишине жакындан көмөк көрсөтүп келген. Анын карапайым калкка, жалпы эле жумурай журтка кылган эмгегин санап бүтүү мүмкүн эмес. Эң негизгисин айта кетсем:

Ал кишинин жардамы менен, жаратылыштын кайталангыс комплекстерин жана биологиялык түрлөрдү сактоо, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн сейрек жана жоголуп кетүү коркунучунда турган түрлөрүн коргоо максатында, 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Токтогул жана Тогуз-Торо райондорунун аймагында “Алатай” жана “Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш парктары уюштурулган. Бүгүнкү күндө бул парктарда тоо-эчкилердин, кийиктердин, маралдардын саны көбөйүүдө. Ал тургай ак илбирстер пайда болду.

Ал эми 2018-жылы Артыкбаевдин демилгеси менен “Алатай” мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагындагы жапайы-жаныбарларды сактоо жана алардын санын көбөйтүү максатында, аталган корукта иштеген кызматкерлерге тиешелүү шарттарды түзүлүп, жаратылыш парктагы ак илбирстердин, тоо жаныбарлардын санын тактоо үчүн фотокапкандар орнотулду.

“Алатай” жаратылыш паркынын аймагында укмуштуудай кооз Кара-Суу көлү жайгашкан. Бул көлдө сейрек кездешүүчү — эндемикалык балыктар кездешет. Бирок ал көлдө балык чарбасы болуп келген. Артыкбаевдин демилгеси менен Кара-Суу көлү балык

чарбасына багытталган көлдөрдүн тизмесинен алынып салынды. Биздин Кара-Суу көлүбүздү сактап калдык.

“Кетмен-Төбө кең өрөөн” дегендей жаратылышы кооз керемет жерде төрөлүп, жашап жатканыма сыймыктанам. Ошол улуу тарыхы бар Кетмен-Төбө, Үч-Теректе көптөгөн касиеттүү адамдар жашап өткөн. Ошолордун арасында Артыкбай калпа деп айтылган эл арасында аңыз кеп, көптөгөн жакшы сөздөр азыркыга чейин айтылып келет.

Ошол касиеттүү Артыкбай калпаны небереси болгон Осмонбек Мамбетжанович Бишкек шаарынын ТЭЦин реконструкциялоо долбоорунда коррупциялык иштерге катыштыгы жок. Анын андай иштерге барат деген ойдон алысмын. Себеби, ага анын адамдык бийик сапаттары жол бербейт.

Азыр илим жана техника өнүгүп, өлкөдөгү жаңылыктар заматта желдей тарап жатканда Осмонбек Мамбетжановичтин актыгы элге маалым болуп жатат. Кетмен-Төбө эли, жалпы эле баарыбыз ага курулай доомат жана кур жалаа коюлуп жаткандыгын жакшы түшүнүп жатабыз. Осмонбек Мамбетжановичтин иши мыйзам чегинде каралып, ал жакын арада акталып боштондукка чыгат деген ишеничтебиз.

Тилекке каршы, бүгүнкү күндө Артыкбаев Осмонбектин Жогорку Кенеште жоктугу билинип, карапайым калкка аба сыяктуу керектүү болгон көптөгөн, буга чейин чейин башталган долбоорлор ишке ашырылбай токтоп турат. Бул абдан өкүнүчтүү.

“Ак ийилет, бирок сынбайт” дегендей Осмонбек Артыкбаев акталып, эл алдында жүзү жарык болушун тилек кылам.

 

MamasalievaАрзыкан Мамасалиева:

“Артыкбаевдин ак экенине эл ишенет”

Депутат Осмонбек Артыкбаев Таш-Көмүр шаарынын эли үчүн суу түтүкчөлөрүн тарттырып, калктын 50–60 пайызы таза суу менен камсыздалган. Таш-Көмүр шаардык кеңешинин вице-спикери Арзыкан Мамасалиева Бишкек шаарынын ТЭЦин жаңылоодогу коррупция боюнча иши тергелип жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев боюнча өз пикирин билдирди.

Карапайым эл үчүн жардамын аябаган, колунан келсе көмөгүн көрсөткөн адамдар бар. Ошолордун катарына Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевди сыймыктануу менен кошууга болот. Анткени анын жарыгы Таш-Көмүрлүктөргө да тийгенин айтып кетпесек калыстык болбой калат.

1985–1991-жылдары Осмонбек Артыкбаев Таш-Көмүр шаарындагы жарым өткөргүч чыгарган заводунда иштегендиктен, шаардын элинин көйгөйлөрүн жеринен билип, аларды чечүүгө жанын үрөп келет. Мисалы, Артыкбаевдин жардамы менен Таш-Көмүр шаарынын эли үчүн суу түтүкчөлөрүн тарттырып, калктын 50–60 пайызы таза суу менен камсыз кылынган. Көп кабаттуу үйлөрдүн территориясына балдар ойноочу 18 аянтчаларды курдуруп берген. Шаардын борбордук стадионунун территориясына өзүнчө футболдук аянтча курулган. Андан тышкары, Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар шаарчасындагы Артыкбаевдин жардамы менен узундугу 30 чакырымдан келүүчү таза суунун түтүкчөлөрүн толугу менен ремонттолгон.

Дагы бир эсте калган нерсени айтып кетпесем болбой, 90-жылдардын аягында Артыкбаев Таш-Көмүр шаарындагы көп кабаттуу үйдөгү мурда өзү жашаган квартирасын үйү жок кембагал бир үй-бүлөгө бекер өткөрүп бергенин азыркыга чейин эл айтып жүрүшөт.

Аны менен катар, Таш-Көмүр шаарынын тургундарын 2005-жылдан бери бир нече жолу жогорку квалификациялуу дарыгерлер тарабынан бекер медициналык кароодон өткөрүү уюштурулган.

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө дарыланууга, операция жасоого, балдарды окутууга, аларга керектүү болгон буюмдарды, окуу куралдарын сатып алууга жардам берип келген.

Таш-Көмүр шаарынын медициналык мекемелердин, мектептердин, дене-тарбия, спорт, маданий мекемелердин материалдык-техникалык базасын жакшыртууга, аларды жабдууга, жолдордун абалын ондоого, мектептердин алдында чакан көмөкчү чарбаларды түзүүгө финансылык колдоо көрсөткөн.

Ошондой элдин камын ойлогон адам эч убакта күмөн иштерге тиешеси болбойт. Артыкбаевдин эл алдында ак экенинен терең ишенебиз. Андай кыргыздын патриот кулундары эл арасында болушу керек!

«Ачык сөз» гезити, №39 (140) 6-декабрь