Домой Саясат Артты карап басып баратабызбы?

Артты карап басып баратабызбы?

6

Эки-үч жылдан бери билим берүү тармагын башкарып келген Гүлмира Кудайбердиеваны бир топ ызы-чуудан кийин өзүнүн арызына негиздеп, ушул сөз менен “тегиздеп”, кызматтан алып тынышты. Окуу куралдарындагы толгон-токой каталарга экс-чиновниктин тийешеси бар имиш. Ага чабуул койгон маалымат каражаттары да дал ошентип кыйкырып жатышты, колдорунан келишинче уулуу сөздөрдү пулемёттой “тытыратып” атышты.

Албетте, мен өзүм мурун-соң бир да жолу жолукпаган бул экс-чиновникке болушуудан алысмын. Демек, калысмын.

Эчак эле каталар мите курттай жайылып кетпеди беле. Көчөдө илинген көрнөктөрдөн, кулактандыруулардан, адабий китептерден, кыргызча ырлар жазылган дисктердин сыртындагы тизмелерден далай байкаганбыз, башыбызды чайкаганбыз. Ушул багыттагы бизнестердин көбүн өз атын туура жаза албагандар басып алышкан, тийешелүү кызматкерлерди багындырып акчалары менен атып алышкан. Мисалы, бирөөлөр бир сүйлөм жаза албай туруп китепке автор болгонго үлгүрүштү, сыртынан шылдың болуп тааныштарын күлдүрүштү, анан акырындык менен түптөлүп калган адабиятты бүлдүрүштү. Акчасы жок калемгерлердин чыгармаларын автордук укугунан бери сатып алышкан, китептерди чыгарышты биринин артынан кийинкилери жарышкан, адаттарын карматып адабиятка кенедей жабышкан.

Алар көркөм чыгармаларды талкалап бүтүп, анан “бактысын” башка жактан күтүп, окуу куралдарына чабуул койгонун укканбыз. Ошондо да муну укмаксанга сала кулактарыбызга кебез тыкканбыз, сен тийбе — мен тийбейм деп жүрүп чыныгы кесипкөйлөрдүн ырысына “ч…з”. Үйлөрүнө да китеп чыгаруучу чакан басмакана орнотуп алышкандары бар имиш, андайлардын “эмгегине” окуу жайлар дагы зар имиш. Кадимки басмаканалар деле буюртманы гана аткараары бышык, пулуң болсо кулуңмун дегендей алакандары ысып, “катасы жокпу” деп айта алышпайт “бир жерлерин” кысып.

Эми кеткен министрге сынтаккан газеталарга көз салсак баарылап, булардан деле толтура каталар табылат. Бая күнү Жалал-Абаддан Чоро аттуу карыя мага телефон чалып, бир гезиттин (кайсыл экенин айтпай эле койоюн) редакторунун номерин сурап атпайбы. Мен ойлопмун, редакторду мактайбы деп. Жок. Анын сөзүн угуп болдум “шок”. Айтымында, гезиттин бир эле бетинде 40–50дөй катасы бар экен. Муну укканда тиштенип бекем, буга мен күнөөлүүдөй тердеп кетти чекем.

— Ал редактор гезитинин ката чыгып атканына башын оорутпайт, оңдойм деп колун дагы жорутпайт, — дедим мен карыяга айтып ачык. —Сынды укпайт баары бир качып.

— Демек?

— Ага акча гана керек. Акча үчүн, ал өзүнүн эркек экенине карабай, “бир жерин” деле сураганга берет. Себеп, буга окшогондор жалаң акчалууларды жандашат, бал тили менен алдашат. Алданбай койсо, гезиттеги ушак макаласы менен урушат. Ошон үчүн кайра өздөрү коркуп телефондорунун номерлерин дагы тез-тез алмаштырып турушат.

Союз мезгилинде, керек болсо, райондук гезиттин редактору да бир грамматикалык ката үчүн шылкыйып пленумга барчу эле, мойнуна чоң сөгүштү илип алчу эле. Азыр дагы ошол жөрөлгөнү колдоно баштаганда бекем, көптөгөн редакторлорубуз сөгүш алуу жагынан чемпион болмок экен. Бая күнү бир гезиттеги “Тикмечи” аттуу макаланын “тигет” деген сөзүнүн башындагы “т” тамгасынын ордуна “С” тамгасы жазылып калганын окуп, кеттим мен аябай катуу чоочуп.

Айтор, мен аябай бушайман жейм. Сабатсыздыкты көздөй кетип баратабызбы дейм. Сынга чычалап жылкыдан бетер бышкырбай, оңололучу төөчөсүнөн тетири “ышкырбай”.

Орозбек БӨРҮГУЛОВ

Булак: Ачык сөз