Апрель окуясынан кийин алдамчылык менен шугулданганы ашкереленген Текебаевдин саясый карьерасына чекит…

27.02.2017 | Саясат

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин “Манас” аба майданынан камакка алынышы көпчүлүк үчүн күтүүсүз болду. Анын үстүнө россиялык ишкерлердин Текебаевге карата компроматтары 25 жыл саясатта “былк” этпей жүргөн саясатчы үчүн өтө катуу сокку болду.

Өмүрбек Текебаев

Эми Өмүрбек Чиркешович Апрель окуясынын кийинки чоң катачылыгынын азабын көпкө тарчудай. Анын үстүнө Текебаевдин бул кылмышынын ашкере болушу анын саясый карьерасына чекит коөт өңдөнүп калды.

Негизи эле Текебаев буга чейин эки жолу кыска аралыкта темир тор артына түшкөн. Канкор Бакиевдер “матрешка-гейтти” уюштурганда бир аз абакта жаткан болсо, 2010-жылдын 6-7-апрелинде да темир тордун даамын аз да болсо да татып калган. Бирок, бул аракеттерде Чиркешович ак жеринен кысымга алынган. Анын азыркы иши менен ал учурду таптакыр салыштыруу мүмкүн эмес экенин баса белгилеп кетели.

Эми Текебаевдин азыркы ачыкка чыккан кыңыр ишине кененирээк токтоло кетели. 2010-жылы Россиядагы белгилүү ишкер Леонид Маевский “Мегаком” компаниясын сатып алууну максат кылат. Аны менен таасирдүү саясатчы катары сүйлөшүүлрдү жүргүзгөн Текебаев 1 миллион доллар пара сурайт. Орус ишкер көпкө ойлонуп, Текебаедин ошол кездеги таасирине таянуу менен анын сунушуна макул болот. 1 млн. доллар акчаны “Ата Мекен” партиясындагы Чиркешовичтин жакындары алганын орус ишкери тастыктап жатат. Демек, бул жерде ири саясий коррупция орун алганы тастыкталды. Кызыгы, Текебаевдер 1 млн. долларга эле ыраазы болбой “Мегакомдун” 15 пайыз акциясына ээлик кылууну максат кылып, орус ишкерин ага көндүргөн.

Леонид мырзанын айтымында, Текебаев мындай арам оюн ишке ашыруу үчүн Москвага чейин учуп барып, ал жактан да сүйлөшүүлүрдү жүргүзүп, ортого Дүйшөн Чотоновдун түшкөнү маалым болду.

Буга чейин “Ата Мекен” партиясынын экс-мүчөсү Өмүрбек Абдырахманов дал ушул окуяны нечен жолу кайталап, Текебаевдер россиялык компаниядан 1 млн. доллар пара алганын айтып чыккан. Бирок, муну көпчүлүк Абдрахмановдун таарынычы катары кабылдап, көп деле маани берилген эмес. Эми болсо Абдрахмановдун айткандарын орус ишкерлери да тастыктап, расмий түрдө прокуратурага кайрылып отурат.

Эми бул ишти иликтөөдө башка катышуучулардын көрсөтмөлөрү да абдан маанилүү болот. Текебаев менен орус ишкерлери жолуккан жерлердеги камералардын архивдерин да карап чыгуу керек.

“Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү болсо адат болуп калгандай эле куру кыйкырык, мыйзамсыз митингдер менен оолугуп баштады. Айрымдары ооздорун көптүрүп 3-революцияны оозанып жатат. Бирок, Текебаев үчүн туруп берип, аны жоопкерчиликтен кутултууну каалаган топ чектелүү экени жаш балага да маалым. Кыргызстанда мыйзамдуулук, акыйкаттык, өнүгүү болсун десек коррупционер саясатчылардан, кооз сүйлөп көшөгө артында ыплас иштерди жасаган саясатчылардан арылуубуз керек. Бир Текебаев үчүн 3-революция болот деген акылга сыйбаган нерсе. Ошондуктан баарыбыз мыйзамдуулукту, акыйкат тергөөнү гана талап кылабыз.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: