Анжелика Бекболиева: «Ажырашамбы, жарашамбы башыӊыздарды оорутпаӊыздар»

10.10.2017 | Маданият

21765163_1330218063767553_4349971692779486521_n

Ырчы, бизнес айым Анжелика Бекболиева өзүн пияр кылганды мыкты билет. Жаш болсо да 3 кызды тарбиялап, телевидениеде иштеп, бизнесин да өнүктүрүүнүн үстүндө. Анын сулуулугуна гана эмес, жеке жашоосу, жетишкен ийгиликтерине суктанып, көз артып, көрө албагандар четинен чыгып, ырчы айымды каалагандай электен өткөрүп келишет. Албетте, турмушка бышкан Анжелика бардык душмандарына жылмайып гана тим болбостон, ого бетер ийгиликтерди жаратып алардын көз артуусун ого бетер күчөтүп келет. Айчүрөк Иманалиева менен болгон чыры аягына чекит коюла электе «жолдошу менен ажырашып кетиптир» деген айыӊ кептер чыга калды эле, ал ушактын да аягына чекит коюлду окшойт. Себеби, кичүү кызы Айлиндин туулган күнүндөгү сүрөттөрдө Анжелика Урмат кыздары менен чогуу майрамдап, чогуу кубанып жүрүшкөнүн байкаса болот.

22222047_1341835329272493_3732880522524408586_n

Ырчы айымдын жеке жашоосу тууралуу баракчасына көп суроолор болуп жаткандыгына байланыштуу өзүнүн баракчасына: «Үч кызымдын тарбиясы, окуулары, өзүмдүн жана Айыманын чыгармачылыгы менен иштеп, «Бактылуу Айым» проектисинин каармандары, «Фешн Хаус» бутигим, «Айым Стайл» сулуулук салонум, мода үйүм, окутуу борболорум менен жана көптөгөн кайрымдуулук иштер менен алекмин. Ажырашамбы, жарашамбы же көзүм шишип сүрөткө түшөмбү- ал менин маселем. Башыңыздарды оорутпаңыздар, суранам. Сиздерге камсанап жатам! Урматым менен Анжелика!»— деп жазды.

22365189_1343203709135655_4684711440621371291_n


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: