Аминат Намазалиева, жаш меценат: “Айткан сөзгө караганда кылган иш маанилүүрөөк”

12.04.2018 | Коом

FB_IMG_1523336310473

Өзү жаш болсо да, бир топ жылдардан бери карапайым, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, майып адамдарга жардамын берип келе жаткан жаш меценат Аминат Намазалиева менен баарлашып кайттык. АКШдан билим алып келген Аминат Кыргызстандын жаштарын кайрымдуулук иштерине катышып, муктаж адамдарга көбүрөөк жардам беришсе дейт.

“АКШга барган студенттер ошол жакта калып калышат экен”

— 1997-жылы Ысык-Көл областына караштуу, Каракол шаарында төрөлүп, балалыгымдын бактылуу ирмемдери ошол жакта өттү десем жаңылышпайм. Өзүм 3 биртуугандын экинчисимин. Окуучу кезде эле чет тилдерге шыктуу болуп, чет тилдерде эркин сүйлөөгө кызыгып, ал сабактардан жакшы окудум. Мектептен “Flex” программасынын негизинде Америкага барып бир жыл окуп келгем. Андан кийин мектепти бүтүп, Американын Вирджиния штатындагы “Нова” колледжинде “Бизнести башкаруу” факультетинде 3 жыл окудум. Ал жакта жаштардын өсүүсү үчүн бардык шарттар болгондуктан, көп студенттер окуусун андан ары улантып, ал жакта калып калышат экен. Бирок, мен башында эле жогорку билимди чет мамлекеттен алып, алган билимимди, тажрыйбамды Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн жумшайм деген пландарым, максаттарым менен кеткем. Ошондуктан, кайра Кыргызстанга кайтып келдим. Азыр Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык факультетинде билим алып жатам.

IMG_6771

“Жолдошум экөөбүз кайрымдуулук иштерине катышып келебиз”

— Турмуш кургандан кийин жолдошум экөөбүз коомдук иштерге көбүрөөк аралаша баштадык. Себеби, ата-эне болгондо жашоого башкача көз караш менен карап калат экенсиң. Өзүм Каракол шаарынан болгондуктан, эмнегедир ошол жактагы майыптар үйүндөгү адамдарга көбүрөөк  каралашканга аракет кылам. Андан сырткары Каракол шаарынын Соцфонду менен бирге иш алып барып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн тизмесин алып, аларга да кол кабыш кылып жүрөм. Эми муну мактаныч ирээтинде эмес, бизге окшогон жаштарды биздин катарга кошулса, кайрымдуу болсо, муктаждарга жардам берсе, коомубуз жакшы жакка өзгөрүп, таза коом түзүлөт беле деген ой.

“Атам учурунда саясатчы болчу”

— Атам учурунда саясатчы болчу, азыр коомдук ишмер. Кичинекей кезимде атаман таасирленип мен да саясатчы болсом дечүмүн. Бирок, азыр оюм таптакыр башка. Саясатка аралашуу туурасында оюм деле жок. Мүмкүн жаштардын өнүгүүсү үчүн тил үйрөтүү,  Америкага бара тургандарга баруу жолдорун үйрөтүү үчүн мектептерди ачып калышым мүмкүн. Менин оюмда сөзсүз түрдө эле саясатка аралашып популисттик кадам менен коомго пайда алып келбей, чыныгы таман акы, маңдай терим менен коомдун позициясын бурсам дейм. Себеби, айткан сөзгө караганда кылган иш маанилүүрөөк деп ойлойм.

IMG_1652

“Курбум, кеӊешчим — апам”

— Өзүмдүн чакан бизнесим менен бойдок кезден бери эле алек болуп келем. Жолдошум менин иштериме колдоо көрсөтөт бирок, кийлигишпейт. Ар бир кыздын курбусу да, кеңешчиси да, идеал туткан адамы да апасы болот эмеспи. Менин да идеал туткан адамым апам, мага колдоо көрсөтүп, бардык иштеримде жардам берип, кеп-кеңешин айтып, туура эмес баратсам түдзөп, ийгилик жаратып жатсам кубанып колдоп турат. Бардык маселе боюнча апаман кеңеш алып, апаман жардам сурайм. Ар бир жараткан ийгилигимде атам менен апамдын салымы абдан чоң.

FB_IMG_1523336222405 IMG_2616

“Акчаны көйнөккө эмес, жаркын келечекке жумшашса жакшы болоор эле”

— Сыртта жүргөндө ал жактын өнүгүүсүн көрүп, “Менин Кыргызстаным да ушундай өнүксө” – деп ойлойм. Өнүккөн өлкөдө жашоо жеңил. Биздин Кыргызстанда ички маданиятыбыз өнүгүп, кийимге, акчага маани бербей, адамдын адамдык сапаттарына, билимине маани беришсе дейм. Акчаны туура пайдаланып ар бир тойго бирден көйнөк кийбей, жаркын келечек үчүн жумшашса жакшы болоор эле. Андайды бизге окшогон жаштар бир муштумдай түйүлсөк буюрса биздин балдарыбыз да жакшы коомдо жашап калаарына ишенем.

IMG-20180409-WA0016

“Бул менин жасаган кайрымдуулук ишимдин башталышы”

— 9-апрелде Назира Бердигулова демилгелеген кайрымдуулук ишине катышып, Военно Антоновкадагы балдар үйүнө барып бак отургузуп, балдар үйүнө идиш аяктарды берип кайттык. Ал жактагы балдардын кубанычында чек жок, бирок, көздөрүнөн муңайууну байкадым. Эч бир ата-эненин балдары балдар үйүнө барбасын деп тилейт элем. Ал жактын шарты канчалык мыкты болбосун, үйдөгү атмосферага жетпейт. Ар бир бала ата жана эне мээримин көрүп чоңойсо жакшы болоор эле. Бул менин жасаган кайрымдуулук ишимдин башталышы. Алдыда дагы далайлаган муктаж адамдарга жардам берип, алардын жакшы жашоосу үчүн колуман келген иштерди жасайм деген үмүтүм бар.

 

Төлөбүбү Касымалиева


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: