Аманат бар, а аны туткан барбы? Акыйкат бар, а аны уккан барбы?

25.06.2016 | Маданият

Жусуп Баласагын

Кыргыз өкмөтүнүн чечими менен 2015-2016-жылдары дагы бир даңктуу бабабыз, чыгыш-мусулман-ренессансынын улуу ойчулу, Караханиддер каганатынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери, мамлекетти башкаруунун теориясы менен практикасына, түрк дүйнөсүнүн маданиятынын өнүгүшүнө зор салым кошкон Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы белгиленет. Караханиддер каганаты 10-12-кылымдардагы ири мамлекет болгон. Анын курамындагы түрк элдери маданий, экономикалык жана саясий чоң өсүшкө жетишкен. Азыркы Кыргызстандын аймагында эле 60тан ашуун шаар болгон. Алардын ичинен биздин замандарга чейин сакталып калгандары – Токмок шаарындагы Бурана мунарасы, Өзгөндөгү тарыхый-архитектуралык комплекс, Шах-Фазиль күмбөзү жана “Таш-Рабат” кербен сарайы эсептелет.

Даңктуу бабабыз Жусуп Баласагын 1015-жылы (башка маалыматтарда – 1016-ж.) Караханиддер каганатынын алгачкы борбору болгон Баласагын – азыркы Токмок шаарынан анча алыс эмес жерде туулган. Анын “Кут алчу билим” эмгеги дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулган. Анын элесин түбөлүк калтыруу максатында 2000-жылдын августунда кыргыз өкмөтү 1000 сомдук акчанын бетине сүрөтүн түшүргөн. 2002-жылдын 11-майында Кыргыз улуттук университетине ысымы берилген.

 

Бурананын алдында Жусуптун эстелиги туруш керек…

Бурана мунарасы кылымдарды карытып, көккө боюн созуп керилет. Далай жаан-чачын, жер титирөө, кырсыктардан аман калып биздин күндөргө жеткен асыл мурас. Дал ушул жерде мындан 10 кылым мурда аземдүү кербендер чубап, мөмөлөрү ийилип бышып турган шаар болгон. Бул шаарда Жусуп Баласагын туулган. Улуу акын орто кылымдарда эне тилинде биринчи болуп дастан жазды. Андагы асыл ойлордун керемет учкундары жылдыздарга айланып, дүйнөгө таркап кетти. Ал ойлор дил байытып, рух нурлантты. Бүгүнкү күндө түрк тилинде сүйлөгөн элдердин жазма адабияты Жусуп Баласагындан башталат деп тайманбай, тайсалдабай айтсак болот. Даңктуу жердешибиздин замандашы болгон Бурана мунарасынын алдында Жусуптун эстелиги туруш керек деген убагында дагы бир атактуу жазуучубуз Насирдин Байтемиров. Анын сөзүнөн мисал келтирсек: “Өткөн заман десе эле эли түгүл жери да шүмүрөйүп калгансып, дилге сиңип бүткөн. Жок, анда деле эл болгон, ырчысы, манасчысы, чоорчусу, куудулу, акылман, чечени болгон, кеменгер башчылары болгон. Акылманы жок болсо, эл башы болбосо андай элдин элдиги кайсы? Кыйын кандуу майданда тирешип эл-журтун коргогон Атаке, Түлөгабыл, Калпак, Жунус, Жамырза баатырлардын эстелик бешенелери ошо өздөрү жашап, көздөрү өткөн Буранада турса жарашпайбы? Алардын өздөрү түгүл аттары да жомокко айланган эл да. Бурананын алдында Жусуптун эстелиги туруш керек. Жусуптун китебинин саптары мармар плиталарга жазылса кана…” (Бишкек шамы. 4.04. 1991).

 

Караан жүрөт эрбеңдеген, а эмгеги кылым карытаар…

КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кинорежиссёр жана сүрөтчү, Алыкул атындагы сыйлыктын лауреаты Сагынбек Ишенов улуттук өнөргө чоң салым кошкон инсан. Анда эс алуу, токтоо деген жок. Мүнөзү татаал, кежир десек да болот. Бул эми чыгармачыл адамдарга, айрыкча сүрөтчүлөргө тиешелүү көрүнүш.  Азыркы турмуштагы рухий дүйнөбүздүн жардыланып, мокоп баратканына кейип-кепчип эле жүргөнүн көрөсүң. Унчукпай жүрүп, укмуш иштерди бүтүргөн аксакалыбыз өзү туулуп-өскөн Дөң-Арык айылында жашап, дагы деле эмгектерин жаратып келет. Дал ушул айылына Жусуп Баласагындын сүрөтүн көркөм панно кылып тургузган. Мындай эстеликти эмне үчүн эли быкылдаган шаарга эмес, айылда жол боюна орноттуңуз деген суроого Сагынбек абанын жооп берип турганы: “Меникиндей рекламанын шаарга салыштырмалуу ээн талаа, эрме чөлдө орноп калышынын эки себеби бар. Биринчиси, ал ошол жерде төрөлгөн, экинчиден ал жерде байыркы Баласагын шаары болгон эмеспи. Ошондуктан мен ошол жол боюн тандап алдым. Бишкекте болсо, балким жанагы жер жайнаган кызыл-тазыл, көбүнчө соодага байланышкан жана бөлөк тилдеги жарнамалардан көрүнбөй калмак. Сүрөт тартар такта жоктугунан кампамдын каалгасын пайдаландым. Жакшы боёк, анан темирден кайрылышар деп Чүй-Токмок шаар бийлигине барсам, “жогор жактан көрсөтмө боло электе эле элди дүрбөткөн сен кимсиң” деген мамилени туюнтушту. Ушул сүрөттүн арабча жазууларын тактайын деп Токмок мечитин издедим. Кыргыздардын бирөө да билбейт. Акыры бир дунган баланын жардамы менен таптым. Ушундан улам ойлойм да – же дилибизди урматтабасак, же динге анча берилбесек эмне болгон элбиз деп. Бардыгын үстүртөн, өп-чап жасайбызбы… Эгер андай экен, буга чейин кантип жашап келдик, мындан ары кантебиз?! (“Ислам маданияты”, 1999-ж).

 

Туулган туулуп, өмүр турат түгөнүп, Жалгыз асыл сөздөр жашайт түбөлүк…

Баары келет, кетет, жалгыз гана асыл сөздөр жер бетинде түбөлүк жашап калат. Мына ошол урпактарга жол көрсөтөр асыл сөздөрдүн үрөнүн чачкан улуттук кенчибиз, биз канчалык төбөбүзгө көтөрүп, дүйнөгө жар салып мактансак жарашар Жусуп бабабыздын 1000 жылдыгына карата бараандуу иштер бүткөрүлүшү керек. “Улуттук сыймыгыбыз болгон Жусуп Баласагынды, анын түздөн-түз урпагы болгон биз, азыркы муундар дайыма эске тутууга тийишпиз” деп Чыңгыз Айтматов жазган экен. Антип эскерүү ар бирибиздин милдетибиз болчу. Бирок, өтө кечигип эстедик, 1993-жылы Москванын “Ник” фирмасы тарабынан анын китебинин 1000 нускасы чыгарылды. Бул албетте, аз. Буга чейин “Кут алчу билим” кытай, индия, немец, орус тилдерин айтпаганда да, Стамбулда түркчө, Ташкентте өзбекче, Алматыда казакча жарык көргөнүн ойлонсок болмок… — Тогуз кылым мурда жарык көргөн “Куттуу билим” руханий китебинин мезгил менен жарыша күйүп келатканына карабай, камырабас кыргыздар ушул дүйнөбүзгө жакында гана ээ болдук. Аны которгон Төлөгөн Козубековго, келиштире кириш сөзүн жазган Түгөлбай бабабызга (жайы жаннатта болсун) “миң мертебе рахмат”. Бирок, ошол куттуу билимдин үрөндөрүн эки жакка чачпай, жоготпой, тентитпей өзүбүздүн рухка сиңирип алдыкпы… Ай, буга күмөнүм бар, – дейт Сагынбек агай. Кандай болгон күндө да Жусуп Баласагын калтырган рухий мурас дагы далай кылымдарды карытары анык. Рух дүйнөсүнө караганда, материалдык байлыктар биринчи орунга чыккан биздин күндөрдө “Аманат бар, а аны туткан барбы, акыйкат бар, а аны уккан барбы?” деп түтөгөн Жусуп бабабыздын асыл аманатын дилибизге кайра бир салып, ага жооп издеп, бир түйшөлүп көрөлүчү, замандаш…

Назгүл Осмонова


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: