«Амалкер» десек куп жарашат эле

28.03.2016 | Эне тил

Чал небереси менен

Кыргыздай Ай, Күн, Жер, Сууну чечмелеген эл дүйнөдө сейрек кездеше тургандыгын сөз дүйнөсүнө киргенде жакшылап түшүнөсүң.

Мисалы, болжол менен Ай деген сөздүн айланасындагы сөздөрдүн чечмеленишинин 60тай түрүн, Күн катышкан сөздөрдүн 200дөй түрүн, Жер дегенге байланыштуу сөздөрдүн 300дөй түрүн, Суу менен байланыштуу сөздөрдүн 400дөн ашуун түрүн табууга болот. Буга чын дилиңден сыймыктанасың.

Айрымдарына токтоло кетели. “Ар кимдики өзүнө, Ай көрүнөт көзүнө” дейт. “Ар кимдин баласы же буюму, малы, өзүнө башкалардыкынан жакшы көрүнөт” дегени. “Келинибиз да ай-күнүнө жетип калды” дейт. Төрөй турган маалы болуп калды дегени.

“Күн жүрүш жактан жел сокту” дейт. “Күн Чыгыш жактан жел сокту” дегени. “Күн тийген жердин күкүгү” дейт. Көрүнгөн чоңго жагынып, кошомат кылып жүрүп жан баккан, шылуун адамды айтат. “Балыктын күнү көл менен, жигиттин күнү эл менен” деген макал бар. “Күлүккө күн салганча, байталга бак берсин” деген да макал бар. “Күмүштү жыйган мен болдум, күнүн көргөн сен болдуң” дейт.

“Телегейи тептегиз, Жери сонун кыргыздын” дейт. “Жер, Суу колдой көр!” дейт. “Ак жерден торго чалындым” дейт. “Мейлиң жакшы, мейлиң шер, мейлиң жаман, мейлиң жер, жаралган адам баласы” деп коөт. “Эрге кылган жакшылык жерде калбайт” деген да бар.

Кыргыздар “жокко суу да жок” деп койгон. “Суу сепкендей өчүрдү” деген сөз айтылат. “Бечаранын күнү бүтүп, суусу түгөндү” дейт. “Жүрөгүнүн сары суусун алды” дейт. “Жүрөгүн түшүрүп, коркутту” дегени. Аябай мактады дегенди “Жер-сууга тийгизбей мактады” деп койгон.

Бир жыйында “көрнөк-жарнак” деген сөз “реклама” дегендин маанисин бере албайт деп, ага байланыштуу бир топ жүйөлүү сунуштар айтылган эле. Бирок, айтылган сөз айтылган жерде кала берди. Маселен, “көрнөк” деген сөз орусча “вывеска” деп турат. Мейли “жазуу көрнөгү” же “жазуу тактасы” деп коөлу.

Ал эми “жарнак” дегеничи? Эмнени түшүндүрөрүн билесизби? “Жарнак” деген “уурдалып алынган” же “басылып алынган үлүш” деп турат.

Андан арылай түшсөк “жарнама” деген сөз бар. “Жарнама” деген буйрук, өкмөттүк кулактандыруу дегенди билдирген сөз экен.

Анан мындай ой келет, көрнөк деген жазылып илинген такта дегенди түшүндүрсө, жарнак деген уурдалган үлүш дегенди түшүндүрсө, анда бүгүн биз айтып, жазып келаткан “көрнөк-жарнак” деген эмнени түшүндүрөт?

Юдахиндин сөздүгүндө “реклама” деген “реклама” деп эле турат. Реклама деген орусча сөз, аны сөзсүз кыргызчалатыш керек деген “аракет” акылдуу элдин жосунуна жатпай турган иш. Совет доорунда Лев Толстойдун, Михаил Шолоховдун романдарын кемелине келтире которгон, орус тилин да, кыргыз тилин беш колундай билген агаларыбыз өткөн. Кокус которууга туура келсе ошондо эле которуп албайт беле? Анын үстүнө өз турмушунда көчмөн кыргыз эли эч нерсесин рекламалап сатып келген эмес. “Реклама” деген жашоо-тиричилигибизде да, салтыбызда да болгон эмес. Ошондуктан болбогон нерселерге башты оорутуп, туура келбей турган сөздөрдү “таап” келип жаңылыша бербей рекламаны “реклама” деп эле алсак эмне зыян табат элек дейм да?

Эгер андай эле кыргызчалаткыбыз келип турса, мен “амалкер” деп сунуш кылар элем. Анткени, “реклама” дегенди тескерисинен окуганда “амалкер” болуп окулат. Ансыз да реклама берген адам сата турган буюмун мактап-жактап өткөрүш үчүн түрдүү айла-амалдарга барат эмеспи. Андыктан, “рекламаны” “амалкер” деп алсак куп жарашат эле.

Шайлообек Дүйшеев, “Азаттык”


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: