Алыбызга жараша дос күтөлү. Кадам ушул…

07.02.2017 | Аналитика

Баналдык чындык, жаңы жыл келгенде элдир-селдир эси бар­дын баары алдыга келечектүү карап, артта калган жолун ана­лиздеген болуп, бул жашоодогу орчун суроо ар кимге жараша кайра-кайра коюлуп, айтор, бу­шайман болорубуз бар… Келип турган тоок жылынын алдында мага мындай ой келет да: биздин мамлекет-Кыргызстандын эге­мендик алганына, мына, быйыл 25 жыл болду. Ошондо биз чын эле тамыры терең кеткен эркин мамлекетпизби же көз каран­сыздыгыбыз жөн эле оюнбу? Так айтар, шак айтар жообум жок. Эмне үчүн? Мына ошол «эмне үчүндүн» тияк-быягына чыга­лы да…

СССРКыргыз мамлекеттүлүгү тээ илгериден илгери, «жарымы жалган, жарымы чын» делген убакта болуптур го. «Кыргыз ка­ганаты» деп аталган кубаттуу мамлекет болуп турган кези да бар экен… Анан кылымдар өтүп, кийин «улуу орус элинин» кол алдында турмуш өтөгөн тура. Ага чейин Кокон хандыгы бир сыйра эзип өтүптүр… Пады­шачылык Россиянын «Геогра­фиялык коому» деген болгон. Аты жөнөкөй болгону менен, бул коом чет жерлерди чалгын­дап, анын жайгашышын, элинин абалын, мүнөзүн, кайсы убак­та, кайсы жагынан басып алса болот… баарын изилдеп турган да. Алардын өкүлдөрү Семенов Тяньшанский менен Пржевальс­кий жана башкалар кыргыздар жашаган жерди узунунан да, туурасынан да чалгындап чык­кан. Акыр-аягы ошол кездеги кубаттуу падышачылык Россия жылуу-жумшак келип эле кыр­гыздарды өздөрүнө букара кы­лып алган. Тиричилик өткөзүүгө ылайыктуу жердин баары Алек­сандровка, Покровка, Павловка, Романовка, Георгиевка, Быст­ровка, Семеновка, Сазановка, Каменка, Антоновка, Соснов­ка… болуп жерибиздин аттары орусташып кеткен. Анан жыл­дар өтүп, «Үркүн» болду, кыр­гыздын каны суудай акты! Бул окуяга тарыхтын чен-өлчөмү ме­нен карашыбыз зарыл… Ошен­тип, орустарга биз формалдуу түрдө «ини» болуп, а чынды­гында «кул, малай» сортунда жашап келдик. Социалисттик ре­волюциядан кийин деле «бардык улуттардын укугу бирдей» деген карандай ураан болгону менен, ал ураанды орусттардын шови­нисттиги бура бастырбай кел­ди го! Чынчынына келгенде Со­циалисттик революция болгон учурда караңгы, капкараңгы эл элек, орустар менен кошулуп чоң мамлекеттин катарында индуст­риялаштырууга, коллективдеш­тирүүгө, маданий революцияга активдүү катышып, элибиздин дээринде бар эмеспи, билим­дүү, илимдүү болуп алдык. Би­рок, туш-тараптан чек коюлуп, сөзү жакшы, кылганы анча эмес коммунисттик идеядан башка­ны айта албай келбедикпи… Оо, анан Горбачев деген чыгып чал­макейди чалып туруп «түбөлүк ажырагыс» деп келген 15 респуб­ликаны чилче таратты го! Анан СССР кезиндеги жасалмалуулук­тун тамтыгы чыгып, баягы бир тууган улуттар бири-бири менен анчалык тууган, дос эмес экен­дигин жакшы далилдеп беришти, кагылыштары менен, согушта­ры менен. Айталы, Прибалти­ка республикалары орустарды душман кылды, Азербайжан ме­нен Армения согушу мына бүгүн­кү күнгө уланып келет, Россия менен Грузиянын Түштүк Осе­тия үчүн согушу, Молдавиядан Приднестровье болуп бөлүнгөн согуш, биздин мамлекет Казакс­тан, Өзбекстан мамлекеттери менен душмандаша карашкан кез да болду… Кудая тобо дей­ли, азыр баары дурус. Өткөндө Өзбекстандын жаңы президенти биздин президентти сонун кабыл алды го…

Ошентип, 1991-жылы Кыр­гызстан эркин мамлекет болуп жарыяланды. Мурун тарыхтан окубаган, турмуштан көрбөгөн кандайдыр бир коомдук түзү­лүш келип, социализм кезинде жыйналган байлыгыбызды ком­мунисттерден чыккан желмогуз- шылуундар ит тыткандай тытып кетти. Карапайым элибиз сууга талкан чалып, чирик картошка менен улпакка күнү түштү… Оо, а кез кыйын кез болчу! Чыдадык, турдук эптеп жатып. Анан өз ал­дынча деген мамлекетибиздин жаңы жолу уланды… Бирок, эр­киндик дегениң да шарттуу кеп экен да, Россияга болгон көз ка­рандыгыбыз улана берди.

СССР кезинде 14 союздук рес­публиканы «ини» кылып кыңк эттирбей башкарып келген орус­тарыңа ошол республикалар өз алдынча кетип кыйын болбой­бу. Алардын шовинисттик саяса­ты эч качан өлмөк эмес… Акы­рындап олтуруп орустар мурунку республикаларды кайра каратуу жолунда дурус келатат. Шерик­теш мамлекеттер деген уюм тү­зүлдү, Евразиялык кызматташ­тыгы түзүлдү, ж.б.

Башка республикаларда, масе­лен, Казакстанда, Белоруссияда, Арменияда, Азербайжанда, Та­жикстанда, Өзбекстанда, Мол­давияда Россия кандай аракет кылып жатканын тек коюп, биз­деги аракеттерине аздап көз жү­гүртөлү да.

Менин оюмча, Россия СССР кезиндегидей эле биздин мам­лекетке таасирин берип, биз­дин аймакта аралай чаап жүрөт. Эркиндик алдык деп адыраңдап жатканда келечегинен коркуп турган биздин орустар азыр эч нерсени тоготпой жакшынакай турмушун өтөп жатат. Илгери Россияга көчө качкандардан кай­ра келип жатканы да көп. Орус тили биздин турмуштан кеткис орун алып, шоруң курган кыр­гыз тилин бура бастырбай ту­рат. Борбор шаарыбыздагы 93 мектептин төртөө эле кыргызча экен?! Бул деген кыргыз бала­сы үчүн аябай жаман көрүнүш! Кыргыз тилин өнүктүрүү деген былжырактыкты таштап «сак­тайлы» дегенди карманышыбыз керек. Биздин тил өнүгүүгө анча муктаж эмес, бай тил, ал эми сак­тоого аябай муктаж!

Орустардын Канттагы авиа­базасы эч качан кетпейт. Ал, биринчиден, биздин асманды коргоп турса, экинчиден, бизди кыңк эттирбей турган күч болуп да эсептелет. Биздин СССРден калган, болбосо, Россия берген эски типтеги ракеталар мээле­генче, орустардын Канттагы ист­ребителдери бизди үч айлана чаппайбы! Орустардын толгон мектептери менен кошо Славян деген университети да бар. Көп­төн бери «Вести Бишкек» дегени иштеп жатат. Баарынан кызыгы, Москвадан «Вести» бүтүп, анан диктор минтип кулактандырат: «Эми региондордогу «Вестилер­ге» кезек беребиз». Ошондон соң Бишкектин «Вестиси» көрсөтү­лөт. Демек, бир Россиянын бир региону экенбиз да?!

Илгери сонун курорт болуп эсептелген «Кой-Сарыда» ой­рон орусуң торпедо сынайт. Бы­йыл «ал эмнеге кетпейт» деген кеп кеткенде, «Вечерний Биш­кек» жана башка орусча гезит­тер ал базанын эч зыяны жок экендигин жанталаша «далил­дешти» го?!

«Газпром» деген монстр биз­дин бечара «Кыргызгазды» са­тып алып эми каалаганын кылып жатат… Орустарың Нарын дай­расында ГЭСтердин каскадын курабыз деп ишти баштап, 36 миллион доллар сарптадык деп далай миллионун жеп коюптур. Кыргыз тарап алар менен болгон келишимди бир тараптуу жокко чыгарса, эми орус тарап бизди эл аралык сотко беребиз деп жатат.

Ооба, бүгүнкү күнү бизге Россиядан өткөн ишенимдүү шериктешти таппайсың. Орус­тар кытайларга, түрктөргө жана башкаларга караганда ишеним­дүү. Ошол ишенимдүүлүгү ме­нен биздин мамлекетти өздөрү­нүн бир региону кылып алгысы келип жатпайбы?! Коркунучтуу суроо…

Биз кенедей мамлекетпиз, де­мек, боюбуз менен оюбузга ка­рап дос күтүшүбүз керек. Ма­селен, биздин экономика деген тармагыбызда кепке алынчу эч нерсебиз жок. Анан Индия, Иран, Турция сыяктуу кубаттуу мамлекеттер менен байланыш­ты ал-күчкө карата түзүш керек дээр элем. Мамлекеттер арасын­дагы байланышта эки тараптын кызыкчылыгы тең болуш керек, ошол учурда гана достук мамиле түзүлөт… Жакында эле президен­тибиз Индияга барып келди. Ал жакта биздин делегацияны ая­бай жакшы кабыл алышты, да­лай келишимдерге кол коюлду. Индиядан текстиль жагынан, да­ры-дармек, чай, кээ бир техника жагынан бир нерселерди сатып алалы дейли, а биз эмне беребиз? Дароо айтчу жооп жок. Болуптур Индиядан туристер келет экен, маданий байланыш болот дейли, анан… Анан билбейм кандай соо­да алакасы болот? Биз Индия­дан көптү сатып алсак болот, ал эми индиялыктар бизден эмне сатып алат? Индиянын калкы 1миллиард 300 миллион, биз­дики болсо 6 миллион…

Ирандын президенти келди. Эки тараптык сүйлөшүү дурус жүрдү, келишимдерге кол коюл­ду. Иран менен болгон соодабыз 11млн долларды түзөт экен. Баса Кытай менен болгон соодабыз 5млрд доллар экенин айта ке­тели. Бул сумманын басымдуу бөлүгү импортту түзгөнү кейиш­түү…

Колунда эч нерсеси жок, анан катышпаган кишиси жок бүлө­дөй болуштун кереги жок. Биз­дин мамлекеттин аймагы кенен, кен байлыгы толтура, элинин саны жок эле дегенде 30 млн бо­луп, анан көп мамлекеттер менен макулдашып инвестицияны эбе­гейсиз күтүп, алака түзсөк бо­лот. А азыркы кейпибиз менен алаканы абайлап макулдашка­ныбыз оңдур… «жылкыга карай ышкырган» жол мамлекеттердин мамилесинде да керек…

Биз инвесторлорду өз ичибиз­ден күтүшүбүз керектир. Анча­лык чоң инвестиция ары-бери бурулуп иштегендей жагдай жок. Анча-мынча алтын кендерибиз­ден алданып жатканыбыз жетип берер…

Биз өзүбүздө өндүрүлгөн то­варларды, түшүмдү четке чыгара албай жатып, «силер бул жерге келип инвестиция салып, това­рыңарды пошлинасы жок чет жактарга алып чыга аласыңар» деген анча жакшы жол эмес.

Ошондо мага ой келет: эркин­дигибиз шарттуу окшойт, таза эркиндикке жетүү оңой эместир­…а балким болбостур…

Баратбай АРАКЕЕВ


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: