Алимбеков Алмаз “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси: “Кыргыз алтыны сапаты жагынан дүйнөлүк деңгээлде алдыңкы орунда турат”.

             IMG_6833 (1)

“Кыргызалтын” ишканасынын түзүлгөнүнө быйыл туура 25 жыл болду. 2,5 жарым жыл мурда “Кыргызалтын” ААК финансылык өтө оор абалга кептелген, бирок азыр ишкана туруктуу иштеп баштады.

Ишкананын жетекчиси Алимбеков Алмаз мырза менен “Кыргызалтындын” азыркы абалы, буга чейинки аткарылган иштери, инвесторлор жана алардын элге кылган иштери туурасында кенен маектешип кайттык.

“Учурда “Кыргызалтын” ишканасынын финансылык жагында көйгөй жок”

—        Ишканага быйыл чейрек кылым же 25 жыл толду, тарыхына кыскача кайрылсак,  Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен алтын өндүрүүнү бир кыйла жогорулатуу жана тоо-кен ишканаларынын өндүрүштүк потенциалын натыйжалуу пайдалануу максатында 1992-жылы 15-октябрда “Кыргызалтын” Мамлекеттик концерни түзүлгөн.  Концерндин курамына Кара-Балтадагы тоо-кен комбинаты, Кадамжайдагы сурьма комбинаты, Хайдаркандагы сымап комбинаты, Орловкадагы тоо-кен металлургиялык комбинаты, Таш-Көмүрдөгү жарым өткөрүүчү материалдар заводу кирген. Кыргызстандагы ири кенишканалардын баарынын иши “Кыргызалтынга” жүктөлгөн экен.

“Кыргызалтын” ишканасына келгениме эки жарым жылдай убакыт болуп калды. Бул убакыт мен үчүн жеңил болгон жок, ишкананын экономикалык абалы абдан оор эле. Алгач бир топ маселелерди иликтеп-аныктап чыгып,  бир катар кардиналдуу чечимдерди кабыл алып, ишти алдыга жүргүзүш керек деген максатты алдыбызга койдук. Биз ал абалдан чыгуу үчүн кызматкерлер менен сүйлөшүп 4 сааттык иш күнүнө өттүк.  Андай абалды иш жамаатыбыз туура түшүнүп, мени ар тараптан колдошту. Эң башкысы, биздин карамагыбыздагы ишканалардын  бирөөсүнүн да ишин үзгүлтүккө учуратпай, алардын толук кандуу иштешине колдон келген мүмкүнчүлүктөрдү түзүү эле. Мындай оор абал “Кыргызалтындын” тарыхында 2 жолу болуптур. Ошол убакытта насыябыз дагы 60 миллион сомдон ашык болчу, “Кыргызалтын” ишканасы Кумтөр менен соттошуп жаткан убак болчу, дивиденддердин баары камакта эле. Киреше дегенден эч нерсе жок, чыгымдарыбыз абдан көп болду. Насыя берген тараптар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ишти кичинеден жылдырып отуруп 2016-жылы акырындан жакшы натыйжа берип, ишкана акырындап бутуна тура баштады. Азыр Кудайга шүгүр ал оор абалдан чыктык. Учурда “Кыргызалтын” ишканасынын финансылык жагында көйгөй жок.

“Менин негизги максатым ишкананы үзгүлтүксүз иштетүү”

—        Мурун Солтон-Сары кенинин иши дагы артка кетип, кызматкерлер көптөн бери айлык албай иштеп жатышыптыр. Бул жактагы чоң көйгөй — карьерди ачып даярдоодо болчу. Убагында бул маселеге көңүл бурбай, оңоюна карап ар кайсы жерлерден каза беришкен экен. Солтон-Сары алтын комбинаты азыр пайда алып келе баштады, жакшы иштеп жатат, учурда планды аткарылып жатат. “Кыргызалтын” ишканасында Макмал, Солтон-Сары жана Терек-Сай филиалдары алтын кенин казуу менен алектенет. “Макмалалтын” комбинаты 1986-жылы ачылган, долбоор 10 жылга гана эсептелген, 1996-жылы жабылмак, ага карабай  2002-жылдан баштап, Тогуз-Торо өрөөнүндө жападан-жалгыз ишкана болгон «Макмалалтын» комбинатында элдин жумуш орду менен камсыз болуусу да мамлекет үчүн негиздүү жардамдардын бири болгондуктан, кенди жердин алдынан казып алуу ыкмасына өткөрүлгөн.

Учурда “Макмалалтын” комбинаты пайда алып келбейт, себеби, “Макмалалтын” комбинатындагы кендин запасы түгөнүп, кен  толук иштетилип бүттү. Негизги ал жакта запастар түгөнгөн, бирок ал жакта миңден ашык адам иштейт. “Макмалалтын” комбинаты Тогуз-Торо району боюнча 95% салыкты жергиликтүү бюджетке чегерет. Бюджеттик ишканалар, мектеп, оорукананы карайт. Менин негизги максатым —  ишкананы үзгүлтүксүз иштетүү.  Ошол учун азыр инвестор тартып жатабыз. Мурун биздин Терек-Сай филиалыбыз да экономикалык оор абалга тушуп, 2 жыл иштебей токтоп турган, кызматкерлердин айлыктарынын жарымын төлөп турчубуз. Ал жакта минералдык, сырьелук база деле түгөнгөн. Катуу аракет кылып, Турцияда 10 чоң ири компаниянын катарына кирген, жез жана алтын иштеткен «Эти Бакир Терексай» деген ишкана инвестор болуп келди. Өтүп аткан жылда мактанаарлык ишибиз Терек-Сай филиалыбыздагы кендин өмүрүн узарта алдык. Ал кенден “Кыргызалтын” ишканасы 25 пайыз үлүшкө ээ болду. Инвестор 20 миллион доллар мамлекеттик бюджетке бөлүп берди, 10 миллион долларды капиталга киргиздик. Кыргызалтын ишканасы Терек-Сайга эски заводду өткөрүп бердик. 300 кишиден ашык кызматкердин айлыктарын эки эсеге көбөйтүп, бардык шарттарды түзүп берди.

“Кызматкерлердин айлыгын 70%га көтөрдүк”

— Мен бул кызматка келээрде Өкмөттө Кумтөр маселеси боюнча сүйлөшүүлөргө эки жылдай катышып жүргөм. “Кыргызалтын” ишканасынын экономикалык абалын, ал абалдан алып чыгуу жолун абдан жакшы билчүмүн. Кыйынчылык абдан эле болду, бирок ал кыйынчылыктан жакшы чыгып кеттик. Инвесторлор Терек-Сай айылынын ичинде 7 чакырым жол салып берди. Жаны завод курулду. Эл үчүн абдан жакшы болду. Ал компания абдан жоопкерчиликтүү экен. Районго, айыл өкмөткө, мамлекетке жакшы салыктар түшүп жатат. Ал жактагы эң негизги максатыбыз  — жергиликтүү калкты иш ордулары менен камсыз кылуу. Азыр айлыктарыбызды 70 пайызга көтөрүп алдык. Эмгек жамааты сүйүнүп жакшы иштеп жатышат.

—    Мамлекеттик ачык акционердик коомдордун негизги көйгөйү –“Мамлекеттик сатып алуулар боюнча” мыйзам экен. Ошол мыйзамды өзгөртмөйүнчө ишканаларда өзгөрүүлөрдүн болушу күмөн. Биз устав боюнча ачык акционердик коом болгондуктан, бизде техникалар бузулуп же башка керектүү нерселерди тезинен сатып алуучу учурлар болуп калса, тендер жарыялаш керек.Өндүрүш ыргагы тендерди күтпөйт да, маселе дароо, ыкчам жана ысыгында чечилиши керек. Тендерге 1-2 айлап убакыт созулгандыктан, өндүрүшкө  абдан чоң тоскоолдук жаратат. Мыкты товар өндүргөн заводдор тендерге катышуудан баш тартышат. Алар товарлары өтүмдүү болгондуктан убакыт кетирип тендерге катышпайт, биз жарыялаган тендерлер аларга анча пайдалуу эмес. Тендер аркылуу биз каалаган фирмалардын товарларын, тетиктерин же техникасын ала албай калган учурлар өтө көп. Бул мыйзамга өзгөртүү киргизүү туурасында Жогорку Кеңешке, Мамлекеттик мүлк Фондуна ж.б. тийиштүү мамлекеттик органдарга сунуштарды берип жатабыз. Бизди жыл сайын эсеп палатасы, аудит текшерет. Ал жактан бизде эч кандай мыйзам бузу жок. Ошондуктан, “Мамлекеттик сатып алуулар боюнча” мыйзамды бизден алып салса абдан жакшы болоор эле.

“Кумтөр маселеси боюнча 2009-жылдагы кеткен одоно каталарды жаңы келишим оңдоду деп айта алам”

—  “Кумтөр” боюнча жаӊы келишимдин тегерегинде азыр ар кандай сөздөр жүрүүдө. Кээ бирлери “Кыргызстан үчүн абдан пайдалуу чечим болду”, — десе, айрымдарга ал чечим жакпай жатат. Бардык нерсени салыштыруу аркылуу баамдаса болот. Биз бул чечимге келбесек, кийин абдан өкүнүчтүү болмок. Мамлекеттик Экологияны көзөмөлдөөчү ишканаларыбыз  сотторго арыздарын бергенде, биздин соттор ал арыздарды караган күндө деле ал чечимдерди аткарбайт болчу. Себеби, Центерра, Кыргыз Мамлекети жана “Кыргызалтын” кол койгон 2009-жылкы келишимде арыздарды кароого Эл аралык Арбитраждык соттун гана укугу болгон. Биздин мамлекеттик органдар Эл аралык Арбитраж биздин органдарга туура эмес чечим чыгарып атат деп беришмек. Андай учурда биздин акцияларды жөн эле алып алышмак дагы Кумтөргө инвестицияны токтотмок, биз андан ары кенди иштете албай калмакпыз. Кыргыз элин, мамлекетти Кумтөр багып атпайбы. Жаңы келишимдин негизинде мамлекетке, экологияга келтирген зыяны үчүн 50 миллион доллар берди. Ал акча Ысык-Көл облусунда бир катар имараттарды курууга керектелет. Андан сырткары онкологиялык оорулууларга 10 млн. доллар берип жатат. Жакшы жактары көп. 2009-жылдагы кеткен одоно каталарды жаңы келишим оңдоду деп айта алам.

“Кыргыз алтыны сапаты жагынан дүйнөлүк деңгээлде алдыңкы орунда турат”

—   Кыргыз алтыны сапаты жагынан дүйнөлүк деңгээлде алдыңкы орунда турат. «Гуд Деливери» деген 4 жылдыздуу сертификатыбыз бар. Сертификатты алыш үчүн ар бир 3 жыл сайын Лондондун баалуу металлдар биржасынан аудит өтөбүз.

“Кыргызалтындын” азыркыдай жогорку көрсөткүчкө жетишине ар бир кызматкердин орду — тоодой”

—   “Кыргызалтын” ишканасынын түзүлүп, иш алып барып жатканына быйыл 25 жыл болду. Ишканадагы эң негизги байлык деп алтын же күмүш же андан түшкөн акчаны айтпайт элем. Биздин эң негизги байлыгыбыз — биздин ишкананын иш жамаатынын бир муштумдай түйүлүп, бардык оор кырдаалды жеңген ынтымагында. 25 жылдан бери ишканада өз ишинин майын чыгара аткарган иш билги адистер чогулду. Ушул жамаатты колдон чыгарбай кармап калышыбыз керек. Кандай кенди бербесин иштетип кете алышат. Биздин жамаатка алып барып жаткан иштеринде ийгиликтер көп болушун, ар биринин үй-бүлөсүндө бакубаттуулукту, үй-бүлөлүк бакытты, ден соолук жана түмөн түйшүктүү ишиңиздерге ийгиликтердин жарала беришин каалаймын! Баарыбыз бир кишидей ынтымакка биригип, бир максатты көздөсөк гана биздин алдыга коюлган үмүт‑тилектерибиз ишке ашат.

“Кыргызалтындын” азыркыдай жогорку көрсөткүчкө жетишине ар бир кызматкердин орду — тоодой десем эч жаңылбасам керек. Бардык жетишкендиктер жана ийгиликтер эмгек жамаатынын талыкпастан узак жана биргелешкен аракети деп баалайм.

Кудай буюрса эмки жылы жамаатыбыз менен биринчи орунга чыгабыз деп ишенем.

 

 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: