Аликбек Жекшенкуловдун орду кайда?

03.04.2017 | Саясат

Бүгүнкү күндө өзүн оппозициячыл саясатчы катары көрсөтүүгө далалат жасап келаткан Аликбек Жекшенкулов аттуу агабыз бар. Албетте, саясатта жүргөн узак жылдык тажрыйбасы бар экендигин да билебиз. Бирок, ошол узак жылдык тажрыйбасын мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн эмес, көбүнесе өзүнүн жеке саясый карьерасы үчүн пайдаланып келгенин айтпай кетсек болбойт.

Аликбек Джекшенкулов

«Чү» дегенде эле Аликбек мырзанын 2013-жылдары эркин басылмалардын бирине маек куруп, «Мен байлыктын, бийликтин, кара курсактын кулу болгон эмесмин, эгерде ошондой болсом, Убактылуу өкмөттүн учурунда эле тышкы иштер министрлиги сунушталганда макул болуп кетмекмин да» деген кыязда төш какканынан баштайлы. Биринчиден, Жекшенкуловго Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн эч кимисинен андай сунуш болбогонун айта кетели. Жакын досу болуп саналган «Ата-Мекен» лидери, азыркы тапта камакта отурган Ө. Текебаев ал учурда Конституция жазуу менен алек болуп, ТИМди Жекшенкуловго сунуштаганга да мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Экинчиден, мына ушул сөздөрү аркылуу Аликбек мырза «Мага булар ТИМди бербей коюшкан да» деген таарынычты билдирип жатат.

Бүгүнкү күндө деле ошол таарынычын ичине ката албай, бийлик «абысындарынын» катарына кошулуп алып, окшошсо, окшошпосо да бийликти сындап келет. Себеби, ал К. Бакиевдин доорунда май талкан кызматтарды аркалап, анын арты менен өзүнүн тууган-уруктарын жакшы кызматтарга коюп келген. Бүгүн андай мүмкүнчүлүгү жок. Маселен, ал Австрияда элчиликти аркалап турганда бир тууган карындашы Айжан Иманкулованы бухгалтерлик кызматка дайындаганы белгилүү. Ал эми жээни Нурайым Тыныбекованы БУУнун 2-катчылыгына отургузууга жетишкенин бул чөйрөдөгүлөр жакшы билишет. Эч кандай тажрыйбасы жок Тыныбекова таякесинин арты менен 2006-2010-жылдар аралыгында бул кызматты эч кимге берген жок. Мындан сырткары, жакын тууганы Бактыгүл Дакенова тышкы иштер министрлигинде, Стамбулдун башкы консулдугунда эмгектенди. Бул 2006-2009-жылдарга туура келет. Уулу Бекназар Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинде иштеген. Ошол эле убакта ал ТИМдин борбордук аппаратында да эмгектенген. Мунун өзү “Мамлекеттик кызмат”, “Дипломатиялык кызмат” тууралуу мыйзамдарды одоно бузганын көрсөтөт. Мына ушундайча «кызматтык абалымдан пайдаланып тууган-уругума кызмат бөлүштүрүп калайын» деген ураан менен жашаган Аликбек мырзанын бүгүн бийликти сындап отурганга деги кантип бети чыдап жатканын түшүнүү кыйын.

 

Апрель революциясы болбосо Жекшенкулов темир тор артынан чыгат беле?

Дал ушул суроого Жекшенкулов өзү баш оорутпайт окшойт. Деги эле бул саясатчынын өмүр-таржымалын карап отуруп, «мында өзүнүн конкреттүү позициясы барбы?» деген суроону бергиң келет. Эске сала кетсек, 2005-жылы мартта Акаев режимин жата калып коргоп, Акаевдин тапшырмасынын негизинде Вашингтонго барып, оппозицияны “поктоп”  келгенин көпчүлүк саясатчылар дагы деле айтып жүрүшөт. Ошого карабастан 2005-жылдын 24-мартында революция болуп кетип, Акаев Маскөөлөп качкандан кийин Жекшенкулов Бакиевдин тушунда тышкы иштер министрлигин жетектеди. Кече эле оппозицияны «поктоп» жүргөн Жекшенкуловдун Бакиевдин колтугуна кандайча кирип кеткенине көбүбүздүн башыбыз жеткен эмес.

Бирок, көп өтпөй эле Жекшенкуловдун ТИМдеги кыңыр иштери ачыкка чыга баштаган. Ошондо ага карата алгачкы кылмыш иши да козголгон. Тийиштүү органдар министрликтин имаратын оңдоп-түзөөдө 690 миң сом «ап-п» этилип кеткенин таап чыгышкан. Аликбек мырзанын айласы алты кеткен. Бирок, анын айлакерлигине дабаа жок экен, мында да “суудан кургак чыкты”.

Ошол эле убакта сыйлыкка алган тапанчасына байланыштуу кылмыш иши ачылып, акыры түрмөгө отурганын билебиз. Биринчи Май райондук соту аны беш жылга шарттуу кесип, 3 жылга чейин мамлекеттик кызматтарга баруусуна чек койгон. Ошол тапанчадан өлтүрүлдү делген түрк ишкерине байланышкан окуяга уулу Беккулдун да катыштыгы бардыгы каңкууланганын унута элекпиз. Ошентип, арманын «төрт дубалга» айтып отурган чакта Апрель революциясы болуп, натыйжада ал боштондукка чыкты. Эгерде ошол окуяда эр-азаматтарыбыз өмүрүн сайып, акыйкаттык, чындык үчүн күрөшпөсө, Аликбек мырза дагы деле абакта отурушу мүмкүн болчу. Тилекке каршы, Жекшенкулов Апрель революциясынын анын тагдырына жасаган бурулушун бат эле эстен чыгарды окшойт.

 

«Мегаком-гейттен» башы көрүнгөн Аликбек мырза

2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин «Мегаком» компаниясына «кызыккан» саясатчылардын катарында Жекшенкулов да болгону маалым. Мисалы, 2011-жылдын 11-мартында борбор калаабыздагы маалымат агенттиктеринин биринде «Альфа-Телеком» ЖАКсынын коопсуздук департаментинин башчысы Тилен-Аалы Кызалаков алардан «Акыйкат» партиясынын лидери Аликбек Жекшенкуловдон келдим деген Рашид аттуу жаран коркутуу жолу менен 4,5 млн. сом тартып алганын айтып чыккан. Андан бир нече күн өткөндөн кийин ошондой эле жол менен «кримавторитет» Камчы Көлбаевдин атын айтып Баатыр аттуу жаран компаниядан 2,5 млн. сом алып кеткен.

Натыйжада Жекшенкуловдун жардамчысы темир торго отуруп чыкты. Балким ошондо Жекшенкулов да темир тор артына отуруп калышы мүмкүн болчу, бирок ошол жерден ага досу Өмүрбек Текебаев колдоо көрсөтүп кеткен. Эми өзү ошол «Мегакомго» байланыштуу маселе менен абакта отурат. Мындан улам, «Мегаком» чырында Текебаев менен Жекшенкуловдун да кызыкчылыгы бир эмес беле деген суроо жаралбай койбойт.

 

Үңкүр-Тоону Өзбекстанга берүү үчүн «өзгөчө» кызмат кылганын Жекшенкулов тана алабы?

Өткөн жылы эки мамлекеттин ортосунда (Кыргызстан менен Өзбекстан) узак жылдардан бери талашка түшүп келаткан  Үңкүр-Тоо маселеси боюнча айрым оппозициячылдар ошол убакта өкмөт башчы болуп турган Темир Сариевди айыптап чыгышканын жакшы билебиз. Бул ишке Сариевдин канчалык катыштыгы бардыгын өзүнчө тактоо керек. Андыктан азырынча такталган фактыларды айтып туралы.

Эгемендик алганыбызга 15 жыл толгончо кыргыз бийлиги бул талаш аймакты Өзбекстандын аймагы деп тааныган эмес. Тактала элек, талаш аймак боюнча келген. Бирок, канкор Курманбек Бакиевдин бийлиги бул аймакты Өзбекстанга тиешелүү деп табууга жетишкенин биз өтө кеч билип жатпайбызбы.

Конкреттештирип айталы, 2006-жылдын 23-сентябрында Ташкент шаарындагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жана делимитация маселеси боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын биргелешкен кезексиз отурумунда протоколго кол коюлган. Ал протоколдо Үңкүр-Тоо өзбекче «Унгартепа» деп аталып, ал жер «Өзбекстан Республикасынын аймагында жайгашкан» деп белгиленген. Бактыга жараша ал протокол Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланганга жетишкен эмес. Демек, протокол күчүнө кирбеген. Мына ушул протоколго кол коюлгандан кийин ошол учурдагы президент Курманбек Бакиев Өзбекстанга расмий сапар менен барып, Ислам Каримов экөө чек араларды тактоо боюнча чечимдер туура кабыл алынган деген маанайда биргелешкен билдирүү таратышкан. Бир сөз менен айтканда, Курманбек Бакиев Үңкүр-Тоону Өзбекстанга “белек кылганга” катуу аракет жасаган.

Бул кыңыр иш минтип кырк жылды күтүп отурбай эле ачыкка чыкты. Ал эми ошол Үңкүр-Тоону Өзбекстандыкы деп тапкан протоколдун пайда болушуна зор салым кошкондордун анабашчысы, ошол убакта ТИМ министри болуп турган Аликбек Жекшенкулов болгонун кантип танабыз? Эмне үчүн ошондо ал биргелешкен билдирүүгө кол коюу – Кыргызстандын кызыкчылыгын сатууга тете иш экенин Бакиевге айтканга жараган эмес? Анын ордуна биргелешкен билдирүүнү даярдап жатпайбы!

Кыскача түшүндүрө кетели, 2006-жылдын 24-25-августунда ошол убактагы ТИМ министри Аликбек Жекшенкулов Өзбекстанга жумушчу сапары менен барып келгенден кийин эле маалымат булактарына “Эки өлкөнүн ортосундагы мамиле укмуштуудай жакшыра баштады” кыязында маалымат бере баштаган. Көрсө, ошол жумушчу сапарынын алкагында ал Үңкүр-Тоону Өзбекстандыкы деп тапкан протоколго кол коюлушуна салым кошуп келген экен. Ошондон бир ай өтүп, тактап айтсак, 2006-жылдын 23-августунда К. Бакиев өзү Өзбекстанга барып, Ислам Каримов экөө биргелешип, “чек аралар тууралуу маселе туура чечилиптир” кыязында жогорудагы биргелешкен билдирүүнүн таратып жатышпайбы!

Мына ушундай таржымалы бар Жекшенкуловдун бүгүн кайрадан бийликти көксөп, бийликти ашата шыбап жатканы акылга сыябы? Бирөөнүн сындаардан мурун, адегенде өзүнүн басып өткөн жолуна бир саресеп салып койбойбу десең.

Жекшенбек Абдысатаров


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: