Алгачкы махабатым көзүмө чөп салды. Актердун арзуусу

13.02.2017 | Маданият

Абдыкалык Акматов

Жаштыктын жалындаган кезинде аруу махабатына жеткени менен бактысыздыкты башынан кечиргенин эскерип өкүнсө да,  улгайган учурунда кездешкен сүйүүсүнө сыймыктанган бул маектешим болгонун ачык айтып көптөн берки бугун чыгарып бир сыйра жеңилдеп алгансыды. Эмесе киноактёр, С.Чокморов атындагы сыйлыктын ээси Акматов Абдыкалык мырзанын сүйүү баянына чогуу ортоктош болсок.

 

“Алгачкы махабатым көзүмө чөп салды”

— Азыр мен ойлоп  көрсөм жөн гана жашоо үчүн жашап жаткандар абдан көп окшойт. Ал эми өзүнүн тунук сүйүүсүнө жетип бактылуу болгондор турмушта аз кездешет экен. Өзүмдүн эле жолдошторумдун арасынан айрымдары:  “Аттиң ай… Биз өзүбүздүн сүйүүбүзгө жете албадык. Эми айла жок балдар үчүн гана жашап жатабыз” деп  көп учурда арманын айтып калышат. Эмесе биздин учурда сүйүү ушунчалык таза болсо керек… Кыздарга арнаган открыткабызды учурунда уялып бере албагандыктан чөнтөктө жүрүп  тытылып да кетчү. Анан өзүбүздөн кичүү “почтальон” балдардан ашыктарыбызга арнаган каттарыбызды берип жибергенибиз менен көбүнчө алар деле колдоруна бере алышпай кайра келишчү. Ошентип мектепти бүткөн соң бир кызды көрүп менде аруу сезим пайда болду. Ал кыздын артынан балдар аябай чуркачу эле. Мен дагы алардан кем калышпай кыз үйүнө кирип кеткенче көзүм талыгыча карап турчумун. Бир күнү “баары бир бул кызга жетем” деп алдыма максат койдум.  Акыры аны менен таанышып үйүнө чейин узатып кайра кайтканымда топ жигиттер алдымдан  тосуп чыккан болчу. Ошондо бирөөсү тумшукка бир койгондо  баары жабылып  токмоктоп кетишкен. Көзүмдү ачсам эсим ооп калган экен. Жолдон алыс ыргытып жиберишиптир. Эртеси күнү эрдим шишип, көзүм көгөргөн абалда баягы кызга жолукканда эмне болгонун сураганда: “Сени узатам деп көпкөн жигиттерден таяк жедим”-десем, ал каткырса болобу. Андан кийин экөөбүз бири-бирибизди жакшы көрүп калдык. Аты Арзыгүл. Чүйдүн кызы эле. Солто уруусунан болот.  А мен Ноокаттыкмын.  Ал учурда Оштогу текстиль комбинатында мастер болуп иштечүмүн. Арзыгүл болсо комбинаттын бир цехинде эмгектенчү. Анан ага ашык болгондор көбөйө баштаганда атайын жигиттерге өчөшүп 19 жашымда үйлөнүп алдым, элди чогултуп “комсомолский вечер” кылып. Экөөбүз баш кошкондо Арзыгүл 16 жашта болчу. Бизге эки тарап тең каршы болушкан эмес. Тагдырдын тамашасын карабайсыңбы. Бир учурда мени таяктаган баягы жигиттер жакын достордон болуп калышты. Бир уулдуу  болгонубуздан кийин мен Москвадагы киноматография институтунда  окуп калдым. Ал уулумдун аты Тимур. Азыр ал 41 жашта. Р.Абдыкадыровдун күйөө баласы болот. Сюитанын жолдошу.

Институтту бүтүп келгенден кийин кино деп талаалап жүрүп аялымдын мени бирөөгө алмаштырганын элден угуп, өзүм да сезип калдым. Москвада окуумду бүтө турган мезгилде кыздуу болгонбуз. Эки бөлмөлүү квартирамды уулум менен кызыма берип, аялыма мындан ары бирге жашабасымды айтып туруп үйдөн чыгып кеткем. Анан ошол… Сүйүүңө жетет экенсиң. Жашоо деген абдан татаал нерсе экен.  Жашоого болгон тазалык болбосо сүйүү да талкаланып, тебеленип кор болот окшойт. Эми менин аялым жеңил ойлуулук кылдыбы, же өзүм командировкага көп кетип ага жакшы көңүл буралбай калдымбы, айтор  эмне болгону азыркыга чейин мен үчүн турмушум түшүнүксүз бойдон калды. Экөөбүз тең бири-бирибизди күнөөлөй албайбыз. Арзыгүл кийин жолугуп ыйлап, кечирим сурап, балдарды бетке кармап кайра жараша турганын билдиргенде мен: “Сынган кесе кайра бүтөлбөйт. Бүтөлгөн күндө дагы сызыгы калып калат. Экөөбүз өмүр бою бири-бирибизге асылып чыркырашып жашагандан кєрє сый эле бойдон калалы. А бирок алгачкы махабатым катары эсимден чыккыс болдуң. Кечирип кой, бирге боло албайбыз” деп айтканымдан кийин экөөбүз эки айрылыш жолго түштүк. Ошол бойдон аны көрө элекмин…

 

“Сүйүүсүз үйлөнгөн аялымдан Нарынга качып кутулдум”

— Жан дүйнөмдүн кыйналганын айтпа. Турмуш кыйнагандыктан чынын айтсам учурунда ичип кеткем. Күндөрдүн биринде Орозбек байке( ред.Кутманалиев) атайын чакырып алып: “Кинодо сен башкы ролдорду ойноп жатасың. Өзүңдү бекем карма. Арак көп кишинин түбүнө жеткен,-” деп айтканда гана көзүмдү ачып, терең ойлонуп ичкиликтен алыстай баштадым. Эмнесин жашырайын. Экинчи аялыма жөн эле жашаш үчүн үйлөнгөм. Ал кезде Төлөмүш байкенин (ред. Океев)  “Мираж Любви” тасмасында таптакыр турмушка чыга элек  Бообекова Зарылкан  деген селки  “кастюмерша” эле. А мен режиссёрго ассистент болчумун. Ал экөөбүз таанышканда: “Ой менин жашым өтүп баратат. Эртерээк балалуу болсом жакшы болот эле” дегенде мен жөн турбай тамашалап, “балалуу болгуң келсе мен анда жардам берейин” деп айттым. Ошону менен ортодогу мамиле уланып кетти. Анан бир күнү экөөбүз балага шылтоолоп жолуккан соң ошол бойдон бир жылдай жашап калдык. Боюнда болуп калып уул төрөдү. Зарылкандын тегин сураштырсам томолой жетим экен. Уулум болсо менин “копиям” болчу. Анан уулумду бир карап, аны бир карап боорум ооруп дагы төрт жыл жашадым. Ал аябай кызганчаак болчу. Балким мени аябай сүйгөндүр… “Кербез” тасмасында Т.Сатылгановдун ролун ойноп жатканымда кыздардан кызганып бетимди тытып алганда  сьемка токтоп калбадыбы. Аны менен беш жыл жашаган соң  чектен чыккан кызганычтан тажаганымда биротоло кетип калгам. Артымдан каргаган бойдон кала берген… Анан кырктан өткөнүмдө бирөө бир келин менен тааныштыра койгонунан карасам өңү-башы жакшынакай эле экен. Аны менен жашап көрөйүнчү деп бир аз жашаганымда байкасам кыпкызыл эле алкаш экен. Мурда турмуш куруптур. Жашагым келбегендиктен кайсы жерге барсам да издеп таап алганына улам акыры андан Нарынга качып кутулгам. Нарында маданият борборунда алты жылдай иштедим. Ошентип  кайрадан бойдоктук доорду сүргөнүмө баш-аягы 13 жыл болуп кетти…

 

“Улгайган кездеги сүйүүгө жетпейт экен”

— Акыры жакшылыктан үмүтүмдү үзбөй жүрүп чыныгы сүйүүмө жолуктум. Зульфия болсо ырчы. Москвадан маданият институтун бүткөн. Биз алгач таанышканда эле баягы жоготуп жиберген алгачкы махабатымды кайра козгоп, жүрөгүмдө сүйүү пайда болгондуктан ушул аялым жашоого, коомго болгон көз карашымды кадимкидей түп-тамырынан бери өзгөрттү. Анткени мени ага чейин көп эле  жерден бойдоксуң дегенсип адам катары санабай кемсинткендер болчу эле. Азыр анын бири жок. Ушул аялга жолуктурган Кудайыма миң мертебе ыраазымын.Экөөбүздүн ортобузда эки уул, бир кызыбыз бар. Кайындарым Алайдан болот.  Мен азыр өзүмдү дүйнөдөгү эң бактылуу адаммын деп эсептейм. Себеби жоготуп жиберген өзүмдүн сүйүүмдү тапкандыктан чыгармачылыкка катуу кириштим. Эми жаш кездеги сүйүү өзүнчө бир кызык экен. Анда арзыган адамыңды көрбөй калсаң ыйлап жибере тургандай абалда болот эмессиңби. Ал эми азыркы сүйүүм тууралуу айта турган болсом: бул аялым чыгармачылыгымды түшүнгөндүгү, жоро-жолдошторума жасаган сый мамилеси, жан дүйнөсүнүн тазалыгы менен арбап алды… Эми улгайган кездеги сүйүүгө жетпейт экен да. Эгер чыныгы сүйүү менен жашасаң үй-бүлөгө да кубаныч тартууланат экен. Себеби азыркы сүйгөнүмө жасаган мамилеме балдарым да суктанат. Сүйгөнүмдү “менин күнүм”, анан көбүнчө “жаным” деп эркелетем. Жанымды башкалардан аябай кызганам. Анын тазалыгы мени баш ийдирди.  Ошон үчүн аны өзүмдөн бийик сезем. А бирок… Өзүмдүн алгачкы сүйгөн адамымдан ажыраганым мен үчүн  өмүр бою эсимден кеткис  өкүнүчтүү окуя болду…

Нуркемел Исаев


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: