Аксы окуясынын курмандыктарына арналган жарандык жыйын 17-мартта өтөт.

15.03.2018 | Саясат

3-16

2018 жылдын 17-мартында Аксы окуясына жана 2010-жылдагы тынчтык курултайынына арналган жарандык Жыйын өтөт. Жыйынга Аксы окуясынын курмандыктарынын туугандары, 2005 жана 2010 жылдардагы революциялардын катышуучулары, ”Айкөл-Ала-Тоо” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулат. Чогулушта эки революциянын ардагерлери, Кыргызстандагы саясий процесстердин өнүгүүсү боюнча өз ойлорун билдирип, КР Президенти, премьер-министри жана Жогорку Кеңештин депутаттарына болгон талаптарын коюшат. Ишчара эртең менеки 11де старт алат. Ал эми катышуучулардын чогулушу 9да башталат. Иш чара өтө турган дарек: Бишкек, Шабдан баатыр көчөсү, 4б, Медиа-Форумдун имаратынын жанында.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: