Домой Саясат «Акнет» иши: Ажимудиновдун тарапташтары пикетке чыкты

«Акнет» иши: Ажимудиновдун тарапташтары пикетке чыкты

3

«Акнет» ишканасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Кубан Ажимудиновдун тарапташтары бүгүн 19-февралда Бишкекте пикет өткөрүштү. Алар күч органдарын мыйзамсыз куугунтук үчүн айыптап, компания рейдердик басып алууга кабылганын билдиришти.

20 чакты адам парламент имаратынын жанына чогулуп, колуна Ажимудиновду бошотууну талап кылган жазууларды кармап турушту.

“Ал күнөөсүз. Аны ишканадагы үлүшүн толук бойдон сатууга мажбурлаш үчүн тергөө абагында мыйзамсыз кармап жатышат. Компанияга алардын адамдары келип алганы, жылдар бою топтолгон акчаны алып алышканы аз болуп жатат. Финпол аны актап, иштердин баарын жаап, моюнубузга илген 150 миллион сомду төлөп берсек да мыйзамсыздык уланууда”, — деп билдирди чогулгандардын бири Гүлнара Ажимудинова “Азаттыктын” кабарчыларына:

Ажимудиновго козголгон кылмыш иши Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилгени 2019-жылдын декабрь айында белгилүү болгон.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) 150 млн. сом салыкты төлөөдөн качуу фактысы аныкталганын кабарлаган.

Ишти Ички иштер министрлиги (ИИМ) иликтеп чыгып, жыйынтыгында «Акнеттин» жетекчиси андан тышкары 616 млн. 816 миң сом салыктан качканы боюнча кошумча факты аныкталганын жарыялаган.

ИИМдин маалыматына караганда, «Акнет» ишканасына каршы арыздын ээси, акционерлердин бири компания анын үлүшүн азайтып, дивиденд төлөөдөн баш тартканын, мамлекетке салык жана социалдык төлөмдөрдү аз төлөп жатканын айтып, милицияга кайрылган.

«Акнет» компаниясынын негиздөөчүлөрү катары Кубан Ажимудинов, Аскар Кутанов жана Руслан Абдумажитов деген жарандар катталган. Буга чейин аткаруучу директор болуп келген Абдумажитов менен президент Ажимудиновдун ортосунда үлүш ээлиги жана кирешени бөлүү боюнча келишпестик бар экени ачыкка чыккан.

Булак: Азаттык