Акимов менен Мамыткановдун планы го…

12.03.2016 | Саясат

Сыргак Абдылдаев

Бир кезде Бакиев­чилердин заказы менен “чала өлүк” абалына чейин сабалып, сынбаган мүчөсү калбаган Сыргак Абдылдаев Турат Акимовго болгон кол салууга карата өз пикирин бидирген экен.

Бир кезде Абдылдаев менен Акимов адегенде, “Общественный рейтинг”, андан соң “Репортер-Бишкек” гезиттеринде чогуу иштешиптир. Абдылдаевдин айтуусунда Акимов дурус журналисттердин бири, көп нерсени билет. 2010-жылдагы революцияга активдүү катышып, бирок, эмгегине жараша “сый” көрбөй калган экен. Анан бүлө багуу түйшүгүн катуу тартып, акчанын азабынан оппозиция менен кызматташууга өткөн. Кийин УКМКнын мурунку кызматкери Максат Мамытканов менен дос болот, экөө ниеттеш болуп чогуу иштей баштайт. Мамытканов дегениң УКМКдан жөн кетпей, кайсы бир кемчилиги үчүн айдалган имиш.

Мына ошол Мамытканов ар кандай жашыруун иштерди, интригаларды уюштуруунун мыкты чебери экен. Акимовдун: ”Мага ИИМ министри Мелис Турганбаевдин буйругу менен кол салынды” деген кеби, чындыкка такыр туура келбейт дегенди Абдылдаев баса көрсөтүп, ал маселени ийне-жибине чейин талдап келип Акимов менен Абдылдаев экөө биригип, а балким, дагы бир үчүнчүлөрдүн планы менен уюштурулган иш дейт. Мелис Турганбаевди кызматынан кетире албай жүргөндөр ага түрдүү жолдор менен жаманчылык издеп жатканын айтат.

Биз деле Абдылдаевдин айткандары туура экендигин баамдап жатабыз. Учурда генерал-майор Мелис Турганбаевди каралоо “кампаниясы” баралына келип турган кези. Бирок, ал жанталашма  эч кандай жыйынтык бербейт, чоң сакал Крыловдун тамсилинин уландысы болуп кетери бар…


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: