Домой Коом Ак-Сууда чарчап калган бир жаштагы кыздын денесинде көгала тактар болгон

Ак-Сууда чарчап калган бир жаштагы кыздын денесинде көгала тактар болгон

10

Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Мирлан Акуновдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, наристе райондук ооруканага 10-январда түндө келип түшкөн.

«Наристенин денесин кароо учурунда далысында жана төш жагында көгала тактар болгондуктан соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат», — деди Акунов.

Ак-Суу райондук ооруканасынын жетекчиси Эркин Урманаевдин маалыматына караганда, бир жаштагы Ясина оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 10-январь түнү жеткирилип, 11-январда чарчап калган.

Иликтөөдө аныкталган маалыматтарга караганда наристенин атасы жарым жыл мурда каза болгон, апасы ошондон кийин Түркияга иштегени кетип, кыз таята-таенесинин колунда калган.

Булак: Азаттык