Ак илбирске аңчылык үчүн айыппул 1,5 млн сомго көтөрүлдү

23.08.2017 | Коом

macan tutul salju

Бул тууралуу атайын токтом 18-августта жарык көргөнүн Айлана-чөйрөнү коргоо жана кен байлыктарды иштетүү департаментинин башчысы Алмаз Мусаев 23-августта журналисттерге билдирди. Анын маалыматы боюнча, быйылкы жылы илбирске аңчылык кылуу фактысы каттала элек. Илбирсти өлтүрүү, кармоо жана башка жакка сатуу аракети үчүн айыппулдун мурунку өлчөмү 500 миң сом болчу. Мусаевдин билдиргени боюнча, быйылкы жарым жылда канаттууларга жана жаныбарларга мыйзамсыз аңчылык кылган 190 учур катталган.

24-25-августта Кыргызстанда ак илбирсти сактап калуу маселесине арналган эл аралык жыйын өтөт. Кыргызстанды байырлаган ак илбирстер азыр канча экени так анык эмес. Болжол менен үч жүздүн тегерегинде экени айтылып жүрөт.

Булак: Азаттык


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: