Айылдык кеӊештин депутаты Дурусбек Маданбеков 4 айылдын жолун оӊдоп берди

20.10.2017 | Коом

IMG_5711

Айыл өкмөттөр чече албаган маселени Айылдык кеӊештин депутаты да жасай алат. Аламүдүн районунун Ленин айылдык кеӊешинин депутаты Маданбеков Дурусбек мырзанын элге кылган иши туурасында жазгыбыз келди. Дурусбек мырза СДПК партиясынын мүчөсү болгонуна он жылдан ашып калды, өзү Ленин айыл өкмөтүнүн Айылдык кеӊешинин депутаты. СДПК партиясынан президенттикке талапкерлигин коюп, жеӊишке жетишкен Сооронбай Шарипович Жээнбековдун шайлоодогу программасын колдоп, өзү демөөрчүлүк кылып жакында эле аталган айыл өкмөттөгү Мыкан, Ленин, Константиновка жана Луговое айылдарынын жолдоруна шагыл төктүрүп, Константиновка айылынын борбордук көчөсүнө жарыктарды орнотуп бергенин айылдын жашоочулары ыраазы болуп айтышууда. Айылдык кеӊештин депутаты кылган ишти даӊазалап, элдин маселесин чечүүдө болгону элди сүйүү, мекенге болгон патриоттуулук сезими бийик болушу керек экендигин баса белгилегибиз келди. Дурусбек мырзадан Айылдык кеӊештин гана депутаттары үлгү албастан Жогорку Кеӊештин депутаттары, акимдер жана айыл өкмөт башчылары үлгү алчудай.

IMG_5706 IMG_5707 IMG_5712 IMG_5713


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: