Айсулуу Тыныбекова 45 миӊ сом стипендия алат

25.07.2017 | Спорт

Ai-suluu-Tynybekova

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришинче Кыргызстанда алдыңкы спортчулар үчүн 45 миң сом өлчөмүндөгү стипендияны 8 спортчу алат.

Эң жогорку стипендия алгандар Элеман Догдурбек уулу (эркин күрөш), Изат Артыков (оор атлетика), Ильгиз Каналбек уулу (дзюдо), Арсен Эралиев (грек-рим күрөшү), Эсен Калиев (паралимпиадачы, пауэрлифтинг), Жыргал Орозбаев (паралимпиеадачы, пауэрлифтинг),  Каныбек Жолчубеков (грек-рим күрөшү) жана жалгыз кызыбыз Айсулуу Тыныбекова (аялдар күрөшү).

Спортчуларды социалдык жактан коргоону жакшыртуу, эл аралык мелдештерге катышууга өбөлгөлөө максатында спорт түрлөрү боюнча стипендиялар белгиленген. Стипендианттардын саны 284 адамды түзөт.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: