Айнура Сулейманова, зергер: “Эмгектеримди ырчылар сахнага тагынып чыкса сүйүнөөр элем”

18.01.2018 | Коом

26803424_1538783602866047_612188058_nЗергер десе эле күмүш менен алтындан зер буюмдарын жасаган адамдарды элестетебиз. Биз бул жолу металл менен эмес баалуу таштардан зер буюмдарын, аялзатынын сулуулугуна гана кам көрбөстөн, ден соолугуна пайда алып келе турган мончокторду, сөйкөлөрдү колье ж.б. зер буюмдарын жасаган Айнура Сулейманова эже менен баалуу таштардын касиеттери туурасында баарлашып кайттык.

“Фетрдин ичиндеги шурулар баалуу таштар менен иштөөмө жол ачты”

  • Ошто “Солнце на ладошке” деген майып балдар менен иштешкен коомдук фонд менен иштешип жүрчүмүн. Кийизден балдардын акылын өстүрүүчү фетрлерди балам экөөбүз жасап камсыздап жүрдүк. Анан ошол биз жасаган фетрдин ичиндеги шурулар мени баалуу таштар менен иштөөмө жол ачты. Көрүүсү начар балдарга бул фетр абдан жакшы жардам берет.

“Туристтер ташка болгон кызыгуумду ого бетер арттырды”

  • Таштарды бала кезден эле жакшы көрчүмүн. Акырындан өзүмдүн хоббиме айланды. Өзүмдүн кесибим боюнча инженер-куруучумун. Баалуу таштар менен иштегениме 3 жылдай убакыт болуп калды. Курбум Ысык-Көлдө дарыкана ачып, жалгыздыктан коркуп, бижутерияларыңды сатып алчы дегенинен ала баргам. Ал жакка орустар жана казак туристтер көп келишет экен. Туристтер эле мени ташка болгон кызыгуумду ого бетер арттырышты. Алар сатып алган сайын таштардын аттарын, алардын касиеттерин, кайсы ооруга пайда экенин сурап атышып, учурда мен баалуу таштардын ар биринин касиетин билип калдым.
  • 26857482_1538783822866025_109377094_n 26913859_1538782006199540_1324020751_n 26913983_1538783502866057_1240003148_n

“Асыл таштарга караганда баалуу таштар пайдалуу”

  • Таштардын баары азыр бизге кытайлардан келип калган. Базарда таштын түрү бар. Дизайнын өзүбүз жазайбыз. Мен асыл таштар менен эмес, баалуу таштар менен иштейм. Баалуу таштардын дарылык касиети көбүрөөк. Баалуу таштардын асыл таштардан айырмасы дарылык касиети бар. Толкуну алмаз, сапфир, бриллианттыкынан көбүрөөк. Асыл таштар баалуу таштарга караганда катуу жана сейрек кездешкени үчүн кымбат.

“Этно стилге көбүрөөк ыктай баштадым”

  • Кыргыз эли азыр таштын маанисин көп биле бербегени мени өкүндүрөт. Алтын, күмүшкө караганда таштардын ден соолукка тийгизген пайдасы көбүрөөк. Айрыкча эл менен иштеген адамдар таштарды көбүрөөк тагыныш керек. Учурда мен этно бижутерияга кызыгып жатам. Ысык-Көлдө 2-3 ай иштеп калган мезгилдери бош жатпастан, өзүбүздүн этно стилибизге көңүл бура баштадым. Бой тумарларды жасап, музейлерге кирип, теледен атайын этнопрограммаларды көрүп атам. Учурда мени менен иштешкен адамдар азыраак. Мен жасаган эмгектеримди биздин ырчы-бийчилер сахнага тагынып чыгышса абдан сүйүнөөр элем. Аларга бир тагынып чыкканына жөн эле бермекмин. Кыял базарында эмгектеримдин көбү сатылды. Үкү топуларды таштар менен шөкөттөп берсем сатып берет. Менин эмгектеримдин баасы жок.
  • 26857207_1538782269532847_1895531372_n 26940366_1538782036199537_1709763982_n 26940519_1538782476199493_98300863_n 26941276_1538782416199499_919924719_n

“Таш менен иштеген зергерлер Теңирчи эмес”

  • Биздин тоолордо асыл таштар бар. Бирок, ташты иштетүүчү фирмалар жок болгондуктан асыл таштарыбыз азырынча тоолордо эле жатат. Кытайлар болсо баалуу таштарды формага келтирип, иштетип чыгып жатышат. Таш менен иштеген зергерлерди Теңирчи жана башка деген сөздөрдү айтышат. Бирок, адам баласы жарала электе эле таштар пайда болгон. Илимий жактан алганда таштар эч бир динге кирбейт. Таштарды бардык диндин өкүлдөрү тагынып жүрөт. Ташты тагынып, пайдасын алышса деп ойлойм. Бирок, таштарды көрүстөнгө, куран окуган жакка, душка, дааратканага кийбеш керек, уктаганда да чечип койгон жакшы.
  • Төлөбүбү Касымалиева


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: