Өлкөдө бир нече миң президент жашап, алар өлкөнү өнүктүрө алчудай ой жаралып…

 

1403936170_bcd567bb0c955fa9462fe75a288a4135

Кайрадан президенттин дарегине бардык жемелер жана пикирлер жаап, кайдан, эмне деп сүйлөш керектигин баары билип чыга келди. Ага кеңеш беришип, акыл үйрөтүшүүдө. Мындан улам өлкөдө бир нече миң президент жашап, алар өлкөнү өнүктүрө алчудай ой пайда болот. Себеби, алар жылуу-жумшак үйлөрүндө отуруп алышып, кантип башкаруу жана эмне кылуу керектигин билишет.

Бирок, “бүткөн ишке сынчы көп” дегендей, идея сунуштап, бир нерсе жасап колдоого ээ болууга караганда сынга алуу оңой. Президенттин сөзүнөн кимдир бирөө биз көптөн бери негативде жашап жатканыбызды жана бул адатыбыз аркылуу айланадагынын баарын өзгөртүүгө умтулуп, анын аракеттери аркылуу карай турганыбызды ким уга алды? Мурдагы күнү мамлекет башчы өтө жөнөкөй айтты: Астана бир нече жылда абдан өзгөрдү, анын өнүгүшүнө миллиарддаган доллар жумшалган. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен EXPO өткөрүү укугун алган жалгыз Казакстан болгондугу менен калкы сыймыктанат. Ал эми биз эмне менен сыймыктанабыз? Ушундай триумф менен өткөн Көчмөндөр оюндарын да талаш-тартыштын предметине айланта алышты.

Албетте, демократиялык жетишкендиктер тармагында Кыргызстандын кубанууга себептери кыйла көп. Бирок, бул кубаныч өлкөнү дайыма жаңы революциялык идеялар жана саясий каршылыктар менен козгогон учурда эмес.

Эки революциядан кийинки жылдары болуп жаткан процесстерди кандайдыр бир позитив менен кабыл алууга үйрөнө албай койдук. Бул революциялык жалын биздин тынчыбызды алып турат. Кыргызстандын өнүгүшүнүн мааниси дал ушунда экендигине ишенебиз. Бирок, балким, ал жакшы жана жаман демократияны тынымсыз  талкуулоодо эмес, акыры барып кыйратууга эмес, курууга үйрөнүүдө болуп жүрбөсүн.

Бул кыйратуучу маани бизге сиңип калган. Ансыз да жарадар өлкөгө кезектеги саясий карама каршылыктардан эс алып, база топтоого шарт түзүп берүү колубуздан келбей жатат. Анткен менен, бизде демократиялык баалуулуктардын негизги базасы түптөлгөндүгү талашсыз. Бул бизди коңшуларыбыздан артыкчлыктуу айырмалап турат. Ал эми бизге жетишпеген нерсе – жаратмандык ой-жүгүртүү. Бул мындай сапат адамдарды жок дегендик эмес, президенттин кайрылуусу баарына, бийлик өкүлдөрүнө да багытталган. Анткени бирин экинчисинен бөлүп кароо мүмкүн эмес.

Ошондой эле калктын суроо-талаптарына, анын өз укугун коргоого умтулуусуна жана башкарууга катышуусуна четтен карап турууга болбойт. Көбүнесе көңүл бурбай, сүйлөшүүлөрдү каалабай коюу каршылашууларга жана ишенбөөчүлүккө алып келет. Элдин алдындагы бийликтин жоопкерчилигинин жогорку деңгээли, аларга кулак салуу жана убадаларды аткаруу гана жаралган негативдерди жеңүүгө шарт түзөт. Калк саясатчылардын чыныгы аракеттеринен бийликке умтулуп, кызматтан киреше табууга эмес, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн кызмат кылууга умтулуусун көргөндөй сыяктуу. Президенттин кайрылуусунда ушул ой да айтылган.

Тилекке каршы, эки революциядан кийинки жылдары биз көп нерсе жоготтук, эки жолу бардык тутумдуу байланыштар үзүлдү. Бирок, эң башкысы, биз бийликтин ыйыктыгына жана кесипкөйлүгүнө, тартип жана жалпы маданиятка ишенимди жоготтук, деңгээлибизди түшүрдүк. Ошондуктан бүгүн арабызда саясатчылар абдан көп. Биз президентти тайманбай сынга ала беребиз, бирок, алгылыктуу иштерди аткаргандар абдан аз.

Кыргызстандыктардын алсыз жактары дагы эле көп. Бирок, алардын баары терс процесстерге болгон кайраттуу көз карашта ачык көрүнүп турат. Ошондой эле, жогорку трибуналардан ар нерсени өзүнүн аты менен атоодон коркпогон мамлекет башчысынын салымы зор. Анын сөздөрүндө өлкөсү үчүн, анын бүгүнкүсү жана келечеги үчүн күйүп-бышуу камтылган. Күн сайын көптөгөн көйгөйлөргө, терс жагдайларга туш болгон, биз сыяктуу эле, жан дүйнөсү жанчылган президентти түшүнүү ар бир эле адамга берилбесе керек. Айтканын баары каршы кабыл алынса, аны эли кантип түшүнмөк эле?

Биз бардыгыбыз, саясатчылар да, калк дагы бири-бирибизди уга билгенге, жагдайга терс таасир бербегенге үйрөнүшүбүз зарыл. Бардыгыбыз туура багытка салган оңтойлуу ой жүгүртүүгө, жоопкерчиликти алууга, биригүүгө жана өз ара аракеттешүүгө үйрөнүүгө тийишпиз. Себеби, ушул энергия гана өлкөнүн өнүгүүсүнүн кыймылдаткыч күчү боло алат.  Айнура Эсентурова, укук таануучу

 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: