Айнура АРЗЫМАТОВА, саясат таануучу: “Президенттин тышкы саясатта Россияга артыкчылык бергени туура”

12.03.2018 | Маек, Саясат

            1456990731_38650400

 Президент Сооронбай Жээнбеков өткөн жумада журналисттер менен  болгон жолугушууда Россия Кыргызстан үчүн маанилүү жана таяныч кыла турган өлкө экенин билдирди. Тактап айтканда, президент тышкы саясатта Россияга өзгөчө маани бере турганын билдирди. Мындай тандоо туура элеби?

—  Албетте, президенттин тышкы саясатта Россияга артыкчылык бергени туура. Ошол эле кезде биз эгемендүү мамлекет катары көп векторлуу тышкы саясатты алып барышыбыз керек. Ошонун ичинен Россияга өзгөчө маани бергенибиз туура болот. Анткени, ал мамлекет менен тарыхый байланышыбыз терең, эки элдин менталитети да жакын.

—  5 percent proscar. Ошол эле кезде Россия менен мамилесин бекемдеген мамлекеттер эч качан өнүкпөйт, Батышка ыкташыбыз керек дегендер бар. Мындай пикирге кошуласызбы?

—  Албетте, Батыш менен деле мамилени бекемдеш керек. Ал гана эмес, Чыгыштагы өнүккөн мамлекеттер бар. Бирок, ошолордун ичинен стратегиялык өнөктөшүбүз болушу керек. Ал Россия болгону жакшы. Анткени, биз бул мамлекет аркылуу дүйнөгө чыгып, алар менен экономикабыз тыгыш байланышта.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: