Айгүл Рыскулова, коомдук ишмер: Алп манасчы атабызды жетиштүү даңазаласак, кийинки муундар алдында жүзүбүз жарык болот

26.09.2018 | Маек

Айгүл Рыскулова
— Сагымбай атабыздын 150 жылдык мааракесин өткөрүү иш-чарасына даярдык катуу жүрүп жатат. Биз да атабыздын мааракесине өз салымыбызды кошуп, болгон аракетибизди жумшоодобуз. Атабыздын мааракеси былтыр да мамлекет тарабынан каражат бөлүнүп, манасчылардын сынагы жана илимий конференциялар өткөн. Ошондой эле Ормон хан айылында манасчы атабызга жакшы сапаттагы, кооз эстелик-күмбөз да курулду. Ал эми ЮНЕСКОнун дүйнөдөгү улуу инсандардын, абдан белгилүү адамдардын туулган күнү белгиленген атайын тизмеси бар. Мына ушул тизмеде биздин сыймыгыбыз Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдык мааракеси да баса белгиленип көрсөтүлгөн. Ошон үчүн биринчиден мааракени чоң деңгээлде өткөрүү маселеси өкмөттүн, андан кийин Кочкор элинин, Кочкор коомунун демилгеси менен 29-сентябрга белгиленген. Бул мааракенин өтүшүн президентибиз да, премьер –министрибиз да колдоп жатышат. Өкмөттөн мааракени уюштуруу комитети түзүлүп, анын башында вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова туруп, тиешелүү иш алып барып жатат.
Мааракени эки чоң иш-чара менен өткөрүүнү максат кылып жатабыз. Биринчиси күндүз: көкбөрү, күрөш, аламан, жорго, кунан чабыш сыяктуу улуттук оюндар болот. Андан кийин театралдаштырылган оюн-зоок, концерт кечинде көрсөтүлөт. Манасчылардын чоң деңгээлдеги сынагын да уюштуруп жатабыз. Жети дубандан 30дан ашуун манасчылар келет деп эсеп кылуудабыз. Бул сынактын байгелери да өкмөт тараптан чечилип жатат. Бул жагын өкмөт Маданият министрлиги аркылуу өзү өткөрөт. Буйруса, бул маселе чечилди. Ал эми Кочкор эли, “Кочкор коому” ат оюндарына кетчү байгелерди ж.б. чыгымдарды көтөрүп жатат. Байгелер буйруса жакшы эле болот деп турабыз. Улуттук оюндарды Жаштар иши, дене-тарбия жана спорт боюнча агенттиктин жардамы менен өткөрөбүз. Анткени ар бир оюнга калыс керек, эрежеси болот дегендей. Баары так, калыс өтүш болуш үчүн аталган агенттиктин адисттери да бизге жардам көрсөтүшөт.
Атабыздын мааракесине жети дубандан коноктор чакырылды. Буйруса, эл абдан көп боло турган болуп жатат. Жеке эле Өкмөт жана Кочкор эли эле эмес, жалпы Нарын өрөөнү кол сунуп, жардам берип жаткандар да бар. Нарындын губернатору да өз жардамын аяган жок. Айтор, улуу манасчы атабызды биз болушунча даңазалашыбыз керек, буга түздөн-түз милдеттүүбүз!


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: