Аида Салянованын “любимчиги” Алексей Елисеевдин кайрадан калпы чыкты

04.07.2017 | Саясат

    178AD0C4-F235-422A-982E-3FA833756446_cx0_cy32_cw0_w1023_r1_s

Экс-башпрокурор, мурдагы юстиция министри, учурдагы «ата мекенчи» депутат Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүүдө канкор Курманбек Бакиевдин эрке-талтаң уулу Максим Бакиевдин кан досу,  башкы юристи Алексей Елисеевдин видеокайрылуусу жасалды.

Анда ал «Аида Салянова менен эч качан тааныш болгон эмесмин жана 2010-жылы адвокаттык лицензиямы узартуудан эч кандай пайда алган жокмун» деп билдирет.

Эске сала кетсек, А. Салянова 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткаруучу болуп туруп, Максим Бакиевдин кызыкчылыгын коргоп жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деп айыпталууда. Бул ишке күбө катары видеокөрсөтмө берген Елисеев адатынча жалган айтып атканы билинүүдө.

Биринчиден, анын «лицензиямды узартуудан эч кандай пайда көргөн жокмун» дегени чындыкка дал келбейт. Себеби Елисеевдин персоналдык сайтында мындай деп жазылган: «2010-жылдын 7-апрелиндеги Кыргызстандагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Алексей Елисеев ага саясый башпаанек берилген Латвияга келген. Ошондой эле мамлекеттик кызматтагы ишинин токтогонуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын юстиция министринин милдетин аткаруучу Аида Салянова өзүнүн 2010-жылдын 28-июнундагы №58 буйругу менен адвокаттык ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн Елисеевдин лицензиясын узартып жана анын маалыматтарын адвокаттардын мамлекеттик реестринде калыбына келтирген.

Өзүнүн адвокаттык лицензиясынын негизинде Алексей Елисеев Латвия Республикасында өзү тарабынан түзүлгөн Central Asia Consulting компаниясынын алкагында жеке консалтингдик бизнесин негиздеген». Башкача айтканда Елисеев компанияны уюштуруп жана Максим Бакиевдин тобундагы досторунун кызыкчылыгын коргоо менен өзүнүн ишмердүүлүгүн уланта алган.

Экинчиден, Елисеев өзүнүн персоналдык баракчасында 2009-жылдагы Кумтөр боюнча келишимге кошкон өзүнүн салымын да белгилейт. Андыктан ал юстиция министринин милдетин аткаруучу кызматын, андан соң юстиция министрлигинин статс-катчысы кызматын ээлеп турган Аида Салянова менен жолукпай калышы мүмкүн эмес эле. Себеби бул келишимдин юридикалык жактан жасалышына аталган министрлик жооп берет. 2013-жылдын жазында аз эле жерден жаңжал чыгып кете жаздады. Парламент депутаттары ошол убактагы баш прокурор Салянованы 2009-жылы «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКсынын бир жарым миллиард сом салыгын жоюп салууга катыштыгы бар деп айыптап чыгышкан.

Жогорку Кеңештин өткөн чакырылышынын депутаты Ширин Айтматова Саляновага карата кылмыш ишин козгоону талап кылган. 2009-жылы Салянова Данияр Үсөнов премьер-министр болуп турган кезде юстиция министринин милдетин аткаруучу болуп туруп, Айтматованын аныктамасы боюнча «элге каршы» документке кол койгон. Тактап айтсак, алтын казуучу «Кумтөр» компаниясынын 32 млн АКШ долларлык карызын жоюп салган.«Азыр Данияр Үсөнов эл аралык издөөдө жүрөт, ал эми ага документтерди юридикалык жактан даярдоого жардам кылган адам – башпрокурор», — деген Ширин Айтматова.

Анын айтымында, ал Саляновадан «Кумтөр» темасы боюнча кызыгып сураган, бирок башпрокурор эч кандай күнөөм жок деп жооп берген. Ошол эле убакта 2011-жылы Эсептөө палатасы Аида Салянованын карыздарды жоюу үчүн юридикалык негиз даярдап бергенин аныктап чыккан депутат кошумчалайт. Бирок, буга тиешелүү реакция жасалган эмес.

Салянова ошол убакта Мамлекеттик салык кызматына жазган катында компаниянын карызын жоюуну жадакалса токтом катары эмес, жөнөкөй гана өкмсөттүн буйругу катары даярдоону сунуштайт. Салянованын тыянагынын негизинде МСКнын төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу Ж. Эшенкулов өзүнүн пикирин премьер-министр Үсөновго даректейт. Бирок, алар ошондо эле токтом же буйрук менен салыктарды жоюуну чечип салууга болбостугун билишет. Себеби Салык кодексининин башкы пунктарынын биринде «Субьектилердин салык карыздарын жоюу боюнча чечим өзүнчө мыйзам менен кабыл алынат» деп жазылып турат. Бир сөз менен айтканда Салянова А. Елисеев уюштуруп жүргөн «Кумтөр» боюнча 2009-жылдагы жаңы келишимдин жыйынтыгына активдүү катышкан.

Анан кантип ал Аида Салянованы таптакыр тааныбай калат? Алардын ошол кездеги жакшы тааныштыгы Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын мыйзамсыз узартылышына башкы себеп болуп атканы даана эле байкалып турбайбы?


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: