Аида Исмаилова: Мектепте окуп жүргөндө «Эрсай» аттуу топто ырдачумун

28.03.2016 | Маек

Аида Исмаилова— Аида Жекшенбаевна, шайлоодо жетиштүү добуш топтогонуңуз менен, мандат алууда бир топ келишпестиктер болуп, акыр аягы сиз жеңдиңиз. Партия лидери менен андан кийинки мамилеңиздер кандай болду?

— Мен ошол маалда депутат болом деп өзүмдүн эмес, шайлоочуларымдын укугун коргодум. Борбордун кичи райондорунан 3 миңден ашуун добуш алуу оңойго турган жок. Шаардын эли мага ишенгени үчүн добуш беришти. Ошондуктан мен жөн эле жеңилип отуруп калбай, сот аркылуу мандатыма ээ болдум. Алгач жетекчилик менен түшүнбөстүктөр болду, азыр баары жакшы. Табиятыман чыр-чатактан алысмын, кек сактабайм. Ошондуктан кесиптештерим, жетекчилик менен мамилемди мурункудай сактай алдым.

— Жашооңуздагы, эмгек жолуңуздагы кыйынчылыктарды кантип жеңип келгенсиз?

— Канчалык кыйынчылык болгон сайын, күчтүү адам ошончолук чыйралат. Жашоомдогу, жумушумдагы кыйынчылыктар мени күчтөнттү десем болот. Атам ыраматылык өмүр бою билим берүү тармагында иштеген интеллигент адам болчу. Мени дайым колдоп турар эле. Өзүм да атамдан кеңеш сурап турчумун. Азыр оор күндөрдө анын жоктугу абдан билинет.

— Эмгек жолуңузду кандай кызматтан баштагансыз?

— Менин алгачкы иштеген ишим «Баласагын» аттуу балдар бакчасы болду. Бишкек гуманитардык университетинин чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетине окууга кирип “корей экономикасы” адистигине ээ болгом. Аталган бала бакча менен келишим түзүп бакчанын балдарына корей тилин үйрөтчүмүн. Университеттен алган сабагымды кайра балдарга өтөм. Ошентип, практика жүзүндө иштеп да, каражат таап да жүрдүм. 20 жашымда корей тилин мыкты өздөштүрө алдым. Анан корей фирмасына жумушка орношуп, ишти мыкты өздөштүрүп кеттим. Кореянын эң мыкты компанияларында инвесторлор менен 20 жылдай иштедим.

— Кайсы сапатыңыз сиздин ишиңиздин илгери жылышына жардам берди?

— Ишим илгери жылсын десең, эң оболу ишке жоопкерчиликтүү болуш керек. Кыргызда, «эрте тур, эрте мененки ырыскыңдан куру калба», — деген сөз бар го. Кайсы иш болбосун эрте туруп, аз уктап, көп иштеш керек. Өжөрлүгүм, жумушума берилгендигим ишимдин алдыга жылуусуна жардамын тийгизди.

 — Депутаттардын кээ бирлери өз бизнесин коргоо жана кол тийбестик үчүн ЖКга келип жүрүшөт. Сиздин ЖКга келгендеги максатыңыз? 

— Кесиптештерим туурасында терс пикирлерди айтуудан алысмын. Жогорку Кеңешке келгендеги бирден-бир максатым — Элим үчүн пайдалуу иш кылып, кыргыз журтунун жакшы жашоосу үчүн кичине болсо да салымымды кошуу. Азыркы учурда мени биздин өлкөнүн жарандарынын социалдык абалы абдан ойлондурат. Канчалаган жетим-жесирлер, карыларыбыз жатарга үйү жок кыйналып жүрүшөт. Аларды көргөндө жүрөгүм тилинип кетет. Эгерде сыйкырдуу таякчам болгондо алардын жашоосун көз ирмемде оңдоп коймокмун. Ошентсе да, мен азыр депутат болуп турганда, алардын жашоосунун жакшырышы үчүн болгон күч-аракетимди жумшаймын. Биздин өкмөт деле жакыр жарандарыбыздын жашоосунун жакшырышы үчүн иштерди жасашса болмок. Бирок, мен андай иштерин көрө элекмин.

— Жолдошуңуз, балдарыңыз тууралуу айта кетсеңиз?

— Жолдошум -юрист жана экономист. Ал саясаттан таптакыр алыс адам. Бир уул, бир кызым бар. Балдарым  чоңоюп калышты. Убактым азыраак болгонуна байланыштуу, алардын окуусуна жолдошум көзөмөл кылат. Албетте, балдарым өздөрү да тырышып мыкты окушат. Жолдошум менин депутаттык ишмердүүлүгүмө тоскоолдук кылбай, моралдык жактан колдоо көрсөтүп турат.

— Теңтуштарыңыз сизди, «анча-мынча артисттерден мыкты ырдайт» — деп калышат. Эмне үчүн ырчылыкты тандаган эмессиз?

— Туура, ырдоо жагынан менде анча-мынча талант бар десем болот. Себеби, мектепте окуп жүргөндө «Эрсай» деген топто ырдачумун. Вокалдан да сабак алгам. Үнүм азыркыга чейин ошол бойдон сакталуу. Бирок, жогорку окуу жайга тапшырганымда, убактымдын көп бөлүгүн окуума жумшап, чыгармачылыгым ошол бойдон калып калды.

Маектешкен Төлөбүбү Касымалиева


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: