«Агындылардын» көркөм ажайып дүйнөсү

25.06.2016 | Маданият

1.Ш.Дүйшеев адабияттагы кандай көнүмүшкө каяша жасаган?

Шайлообек Дүйшеевдин “Агындылар” прозалык китебин окуп чыккандан кийин Чыңгыз Айтматовдун бир кезде “Башкы китеп” деген макаласында моминтип жазганы дароо эске түштү: “Маселен, эсиме келет: авторлордун бири Москвага биринчи жолу келген каарманын көрсөтүү үчүн, адегенде, ал кандай поездден кайсы вокзалга түшкөнүн, метронун кайсы станциялары аркылуу жүрүп отурганын, анан да айыл чарба көргөзмөсүнүн бүткүл павильондору жана жасалгалары  менен кантип таанышып чыкканына чейин баяндап жүрүп отурат. Көрсө, азыркы теманын чечилиши мына ушул демекчи экен”. Дүйнөлүк реализмдин бийигинен караганда, мындай көзүнө көрүнгөндүн баарын терип-тепчип сүрөттөп жаза берген адабиятты фактографияга, баяндоочулукка, эмпиризмге бастырган адабият деп коёт. Мындай көрүнүш бир гана калемгердин өксүгү эмес, тилекке каршы бүтүндөй адабиятыбыздын (Ч.Айтматов баш болгон кээ бир жазуучулардын бул алкактан чыгып кеткендигине карабастан) илдети эле. Мындай оору менен кечээки көзү өтүп кеткен аксакал жазуучулардан тартып, бүгүнкү “Эл жазуучусумун”  дегендердин кыйласы ооруп келди. Бирок баяндоочулукка чулганган ошондой беллетристика тышкы чоң дүйнөгө барксыз болгону менен атактуу сынчы Кеңешбек Асаналиев айткандай, өзүнүн провинциалдык үйүндө “улуу” адабият болуп даңазаланып жүрбөдүбү.

Талантынын кудуретиненби же билиминин күчүнөнбү, билбейм, айтор Шайлообек Дүйшеев кыргыз адабиятындагы ошондой бардыгын бабырап, эбиреп-жебирей берген көнүмүшкө ичинен оппозицияда келгенби, “Агындылары” менен дал ошол боору менен жылган фактографизмге, баяндоочулукка (описательность) катуу сокку уруптур. “Агындылар”- дагы айталы, көрүнгөндүн баарысын көгөнгө тизип, жонунан жоргологонго адат алган кургак чечендикке өзүнчө бир альтернатива десек жаңылбас элек. Кеп мында болуп жатат. Ш.Дүйшеев “Агындыларында” өзүнүн балалыгы, өмүр-таржымалы аркылуу ааламдын бир бурчу болгон Ат-Башынын бүтүндөй бир “автобиографиясын” кошо чагылтып бергиси келген. Бул жерде тема көрүнүп тургандай, азгырыктуу. Автордун алыста калган сагынычтуу балалыктын күндөрүнө жана сүйүктүү туулган жерге сонуркап, эчтекесин калтырбай майда-баратынан өйдө, бардыгын көрсөтүп берүү кумарына жутулуп, баягыдай утушу аз, узак сөзгө түшүп кетиши мүмкүн эле. Бирок Ш.Дүйшеев “Агындыларында” мындай азгырыкты жана көнүмүштү кан буугандай токтоткондугуна кубана баа берип турабыз.

 

2. Дүйшеевдик альтернатива

Ш.Дүйшеев ичинен тутунган өзүнчө бир эстетикалык кредосу бар, карманган көркөм принциби бар художник экен. Анын мүдөөсү — биринчи иретте, көркөм сөздүн өзүнүн спецификасынан чыгып, образ жаратуу. Карманган эрежеси — ошол образды көлөмгө азгырылган көп сөздүүлүк менен эмес, көз жоосун алган көркөм боёктор, жандуу сүрөттөр аркылуу жарыкка алып келүү. Ш.Дүйшеевдин куралы, аспаптары-кыска жана нуска, ийкемдүү штрихтер, “сакадай бою сары алтын” эпизоддор, тулкусунан “күн көрүнгөн” кичинекей турмуштук “тамчылар”, дароо иштин ток этер жерин, данегин көрсөткөн курч окуя, бутага “чак этип тийген” сахналар, фрагменттер, пендени ич жагынан аңтарып таштаган монологдор, диалогдор, речтик мүнөздөмөлөр ж.б. “Буканы чап мүйүздөн алган” кыска кеп менен иштөө, окурманды индукция аркылуу дедукцияга алып келүү, олчойгон романдын ордуна ичине орошон мазмунду сыйдырган оймоктой  аңгемени тартуулоо, турмуштагыдай табигый тирүү сүрөттөрдү тартып берүү — бул Ш.Дүйшеевдин методу. Тилекке жараша, мындай чеберчилик “Агындыларда” кашкайган реалдуулукка айланган. Антон Павлович Чеховдун “кыскалык-таланттын сиңдиси” деген афоризминин чындыгына ушул “Агындылардан” улам ишенесиң. “Агындыларды” миниатюралардагы ажайып искусство десек жаңылышпас элек (сөз биринчи китеп жөнүндө баратат).

Ушундай чебер көркөм амалдар менен “кармалап көрсө боло тургандай” (Максим Горький) болуп, таасын түзүлгөн образдардын бири — элүүнчү жылдардагы элеттик кара тиричиликтин кадимки каарманы — чүкөдөй кара кемпир- китептин авторунун чоң энеси Канымгүлдүн образы дээр элек. Баса, айтмакчы, урматтуу окурман, сиз көлөмү анча чоң эмес болсо да (биринчи китеп), миң главадан — миң бөлүктөн турган чыгарманы көрдүңүз беле? Болгондо да, главалары, бөлүктөрү кандай дебейсизби? Бир главасы бир бүркүм гана сөз. Дагы  бир бөлүгү томуктай болгон бир аңгеме. Дагы бир главасы алакандын отундай жерге гана сыйып турат. Кийинки да бир бөлүгү тепкедей болгон гана бир-эки сүйлөм. Кыскасы, китептин структурасы демейкидей эмес, адаттан тыш. “Агындылардын” жаңылыгы дароо ушундан да көрүнөт. Бирок, негизги жаңылыгы мында да эмес. Негизги жаңылык дал ошол чыгармадагы таруудай жайнаган “тамчылардын” (главалардын) ар биринен “күн” көрүнүп тургандыгында, ошол ички бир логикалык өзөккө байланган томуктай миниатюралардын жалпыга кызыктуу орчун маани-маңызды, мазмунду тейлеп отургандыгында. Ш.Дүйшеевде баяндоо баяндоо үчүн эмес, бараандуу ойду, бакыйган маанини бериш үчүн жашайт.

3. Энеге тургузулган дагы бир ажайып көркөм эстелик

Эмесе, чүкөдөй болгон Канымгүл кара кемпирге назар буралы. Кай бир пенде бу дүйнөдөн жашап өтөт. Анын жашоого келгенин да, жашоодон кеткенин да мамлекети билбейт. Анын наамы да, мансабы да, алган медалы да болгон эмес. Анын ысымын, сүрөтүн эч бир справочниктен да, эч кандай окуу китебинен да, а түгүл, айылдын атайылап чыгарган энциклопедиясынан да таппайсың. Биз адат катары активисттерди, мансаптуу болуп өткөндөрдү, орден-медалдууларды гана каттап-чоттойбуз да. А мобу адам көртирликтин ичинде жүрүп өтүп кеткен бир карапайым жан. Бирок терең үңүлүп, байкап көрсөк, дал ушул “атак-даңксыз”, билинбеген жөнөкөй карапайым катардагы пенде не деген адамдык улуулукту, не деген асылдыкты, рухий сулуулукту, не деген тагдыр драмаларын, трагедияларын өз боюнда көтөрүп жүрүп өткөн. Ошондой билинбеген карапайым элдик асыл адамдар  көрсө, жашообуздун тузу да, тиреги да, көркү да экендигин, алардын бу дүйнөдөн кетиши менен акырындап, астыртан нравалык түркүктөрүбүздүн кемип-кесилип, бузулуп, жемирилип  отургандыгын аңдабаптырбыз.

Адегенде, “Агындылардан” Канымгүл кара кемпир менен мындайча кездешебиз. “Ормонун ташы” деген кичинекей главаны окуйлу. Автор минтип сүйлөп турат:

“Мени ээрчитип алып Ысабектин күмбөзүнүн үстүдөгү мал оттой берип такырайтып салган талаага келип токтор эле. Анан түшүрүп ийип жоготуп алган топчусун издеп аткансып, боз үйдүн ордундай жерди кайта-кайта айланып, кайта-кайта тегеренип жүрүп, бир маалда:

-Таптым, Шакенбай, таптым! Ушул жер болчу! — деп сүйүнүп кетчү.

Көрсө, энем, уулу Ормо согушка кетер алдында экөө олтурган жерди, уулунун буту баскан жерди издеп келчү экен.

-Ушул жер болчу, жакшылап карап, таанып ал, илгери-кийин кереги тийип калар, Ормо акеңди согушка алпкетчү кабар ушул жерге чейин келген. Экөөбүз ушул жерде эс алып олтурчу элек. Мына бул таш ошондо эле ушул ордунда жатчу. Күрмөсүн бүктөп, башына жаздай коюп, ушул ташты жаздык кылып, эс алып жата калар эле, каралдым. Эми минтип чөп көөмп бараткан тура жарыктык, ак жолтой таш боло көр, кагылайын! — деп курган энем сыры тургай сыны кетип, табы кетип кабы эле калган, кабы деле калбай, көр-түйшүктүн айынан жедеп майышып бүтүп, терисинен тажап, сыртка чыга каччудай жондонуп, көгөрүп турган тарамыштуу колдорун, ийрейген манжаларын таштын бетине акырын коюп алып, уулунун маңдайынан сылап аткансып, жансыз ташты бир топко дейре сылап-сыйпап, чеке-белиндеги чөп-чарын тазалап, анан чүпүрөгүнө түйгөн төлгө ташын алпчыгып,  адегенде маңдайына, колуна, оозуна тийгизип алып: ”ачык айтып, ак сүйлө, кагылайын, өзөгүң үчтөн, түлөөң түштөн” деп күбүрөнүп, анан, төлгөсүн салып кирер эле.

— Балекетиңди алайын Шакенбай, кудай жалгап башы тогуз, аягы алты, төлгөбүз төп түштү. Баламдын бир аз санаасы болбосо, дени-карды сак, аман-соо жүрүптүр. Бир жакка шашып алган түрү бар. Күз менен келип калчудай өңдөнөт, кара козуну жакшылап бордоп туралы, о кудай, кудуретиңден кагылайын, жаман уулумдун башын таштан, оозун аштан кыла көр!-деп төлгө ташын жыйначу. Мен энемдин төлгө тартып жатканынан көзүмдү албай карап туруп, эч нерсе түшүнбөсөм да, аябай ишенээр элем.

Энем ордунан турарында койнунан дагы бир түйүнчөк алпчыгып, андагы топурагын чачып жиберип, түйүнчөгүнө кайра эле ошол жердин топурагынан жаңыртып түйүп алып, жыттап туруп койнуна катып алчу…

-Ушул топурактан Ормом ала кеткен, — дечү” (“Агындылар”,16-17-беттер).

Ушул тексттен адегенде мобуга көңүл буралыбы. Караңызчы, кара кемпирдин мынабу “табы кетип, кабы эле калган, кабы деле калбай, көр-түйшүктүн айынан жедеп майышып бүтүп, терисинен тажап, сыртка чыга каччудай жондонуп, көгөрүп турган тарамыштуу колдорун, ийрейген манжаларын”. Бул эмне деген укмуштуу кол. Бул тарамышы көрүнгөн колдун ары жагынан бала-бакырам, үй-бүлөм деп күн-түн “канатын жерге чапкылаган”, мойнуна “каамыт кийип”, өмүр бою көртирликтин сокосун сүйрөгөн, үй-бүлөнүн гана эмес, колхоз түйшүгүнүн оор жүгүн да майышып жонуна көтөргөн, 20-30-жылдардын ак кар, көк музунун, согуш убагындагы ачарчылыктын азап-тозогунун отуна күйгөн, буга кошумча большевиктик казармалык система жана тоо арасындагы тоталитаризм каалашынча уйпалаган (муну ал өзү кайдан сезсин) бечара карапайым элеттик аялдын бүтүндөй тагдырын көрүп турабыз. Кыйынчылыктарды пилче чыдап көтөрүп, карыса да али кайратынан жазбай, дале болсо оокат деп тырмалаңдаган, карганын шыйрагындай каткан ушул кол эмне деген ыйык кол. Бул туурулган кол-турмушту тиреген кол. Ушул калтыраган колдун ары жагында не деген укмуш жүрөк кагып турат. Ушул жүрөктүн эмне деп, ким деп, согуп турганын көрчү. Жаны жай албай, ичинен түтөп, өрттөнүп күйүп турган кемпирдин кебетесин карачы. Талаага келип, майдандан кайтпай калган уулунун акыркы жолу буту баскан жерди темтеңдеп тегеренип издеп, уулу “жаздык кылып” жөлөнгөн ташты эш кылып, аны алаканы менен аёолуу сылап, Ормосунун  ташынын түбүнө төлгө салып, балам тирүү деп кыйкырып турганын карачы. Алда айланайын эне ай! Бул жаратылыш “балам”, “балам” деп чыркыраган улуу инстинктти, улуу сезимди өзүңө ченебей берген экен го. Согуштун басылганына далай жыл болсо да, 50-жылдардын ортосунда апасын күткөн жаш баладай жол карап, кара козусун түлөөгө байлап, кудайлап турган эненин жүрүм-туруму жүрөктү сыздаткан не деген кайгы да, не деген улуу көрүнүш.

Ушул жердеги Ш.Дүйшеевдин калемгердик чеберчилигин айталы. Тепкедей болгон ушул үзүндүдө энени жактаган, даңктаган, же болбосо “эненин кайгысы”, “эненин үмүтү” дегендей бир да сөз жок. Баягы узун баяндамалардагыдай автордук сырткы мүнөздөмөлөр, каарманды тышынан сыпаттаган эпитеттер жок. Дидактикалык насыят көрүнбөйт. Эне жөнүндө баягыдай тирада жок. Булардын ордуна автор баштан өткөн окуянын гана реалисттик картинасын алдыбызга таштап койгон. Натыйжада жазуучунун баянын окуп эмес, художниктин кыл калем менен тарткан полотносун көрүп жаткандай болобуз. Бул жерде Ш.Дүйшеев автордук мүнөздөмөнүн, сыпаттаманын ордуна кемпирдин өзүнүн жүрүм-турумун, кыймыл-аракетин, речин, жасап жаткан ишин сүрөттөө сыяктуу реалисттик искусствонун эффективдүү ыкмасын колдонуп жатат. Ысакбектин күмбөзүнүн үстүндөгү талаадан “түшүрүп ийип топчусун издеп аткансып, боз үйдүн ордундай жерди кайта-кайта айланып, кайта-кайта тегеренип” уулунун буту баскан жерди издеп жатканын, ошол жердеги уулу жөлөнгөн жанагы ташты сылап-сыйпап отурганын, таштын чеке белиндеги чөп-чарды аярлап тазалап жатканын, кудайлап салган төлгөсүн, “балекетиңди алайын Шакенбай, балам аман-соо жүрүптүр, күзү менен келип калчудай өңдөнөт” деген жүрөктүн түпкүрүнөн атып чыккан сөздөрүн, уулуна арналган кара козуну, чүрпөсүнүн таманы тийген жердин топурагынан алып, түйүнчөгүнө түйгөнүн көрсөтүү аркылуу калемгер эненин ички драмасын жана психологиясын, дегеле бу жарыкчылыкта эне деген ким экендигин кашкайта элестетип таштаган. Автор бул жерде жалаң образдар, штрихтер, боёктор менен иштеген. Калемгердин баяндоо интонациясы да жасалмасы жок жүрөктөн чыккан сырчылдыгы, жөнөкөйлүгү менен айырмаланып турат.

(Уландысы бар)

Советбек БАЙГАЗИЕВ,
филология илимдеринин доктору


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: