«Агындылардын» көркөм ажайып дүйнөсү (уландысы)

25.06.2016 | Маданият

(Башы өткөн сандарда)

“Кудай ай, 51-жыл бекен же 52-жылдын жазы бекен” деп, автор сөздү аябагандай табигый баштап, анан “тили менен буудай куурган” сөзгө  чебер, кепке чечен кудум айылдын такшалган тапанындай болуп, бир нерсени куюлуштуруп шөкөттөсө, Ш.Дүйшеевдин сөз сыйкырына арбалып, туткун болгонуңду сезбей каласың. Ушу жерден кыстырып айта турган нерсе, Шайлообек кичинесинде ушунча куйма кулак бала болгондугу сезилип турат. Ат-Башынын кемпир-чалдарынын, элеттик пенделердин арасында өскөндүктөн айылдык адамдардын бай тили, кеп стили, сүйлөө манерасы, речтик маданияты, жаргону, тилдик “субкультурасы” Шайлообектин дилине гана эмес, бүтүндөй сөөгүнө сиңип калган экен. Болбосо, Ат-Башы менен 70-жылдардын башында эле коштошкон, бүгүнкү шаардык интеллигенттин тили ушунчалык “буудай куурабы” э айланайын! “Агындылардын” тили жөнүндө сөз күтүп, кеп баккан көсөм интеллигенттерибиздин бири Табылды Эгембердиев бекеринен моминтип жазып отурган жок: “Китептеги эң негизги артыкчылык — автордун түбү жок тил байлыгы. Мен деле айылда өскөм. Кыргыз тилин суудай билем деп жүргөм. Көбүнө сынтакчумун. Көрсө, “Өрдөк жокто чулдук бий” болуп жөн эле мактанып жүрүпмүн. Шакемди окуп алып, ушундай курч, ушундай көркөм жана ушундай кооз тилди жараткан элиме ыраазы болдум. Ушундай тилдин күкүмүн калтырбай чогултуп алып, китебине чачып салган жандосум Шакеме ыраазы болдум. Китепти суу төгүлбөс, камчы салдырбас жорго мингендей эле кыйналбай, жыргап окуйсуң” (Табылды Эгембердиев, “Кара сөз менен ырдалган поэма” макаласынан).

 

5.Балалыгыңдын сүрөтүн тартсаң, Дүйшеевче тарт

“Агындылардын” дагы бир жагына көңүл буралы. Эгерде калемгер өзүнүн балалыгы жөнүндө чыгарма жазса, ал  анын биографиясынын гана жеке фактысы болбой, жалпы мааниге ээ картинага өсүп чыкса, андан көптөр өзүнүн балалыгын көрсө, анда бул-художниктин  жеңиши. Эмне үчүн биз Жеңижоктун “Балалык” деген ырын  ар качан кызыгып, сонуркап окуйбуз (“Жар боорунан балапан, алып жүргөн балалык.Чегирткени куш кылып, салып жүргөн балалык. Күчүгүн байлап мойнунан, карышкырга салам деп, шашып жүргөн балалык. Дөбөт менен мышыкты, кабыштырган балалык. Кимиси кыйын экен деп, салыштырган балалык. Эки айылдын жылкысын, алдыртан кошуп ийишип, айгыр менен айгырын, алыштырган балалык. Дөбөгө чыгып барышып, таш омкоруп алышып, «менин атым күлүк» деп, жарыштырган балалык. Так секирип улактай, кутуруп турган балалык. Оюнга мооку канбастан, жутунуп турган балалык. Оюн салган кунандай, окторулган жыландай, ордунда турбас балалык”)? Анткени улуу Жеңижок бул ырында адам пендесинин ажайып “көктөм” доору — балалыктын кайталангыс жаратылышын, балалыкты  түбөлүк коштоп жүргөн “мүнөздү”, “эн тамга” белгини кашкайтып ачып берип  жатпайбы. Жеңижоктун ырынын өлбөстүгү кайсы гана доор болбосун, балалыкка тиешелүү жалпы касиетти  жар салып тургандыгында. Карачы, ошол 19-кылымда Жеңижок ырдаган балалык мүнөз 20-кылымда  Ш.Дүйшеевдин балалык жосунунда  кайталанып жатат. Ш.Дүйшеев минтип сүрөттөйт: “Чарадай, чарадай таштарды жөн жаткан ордунан козгоп, омкоруп алып төмөн кулатабыз. Таш адегенде көңүлү келбегенсип жай аласалып, анан улам ылдыйлаган сайын ылдамдап, күүлөнүп алган соң тири шумдуктай чимирилип, аңкилдек  атып, анда-санда бир көрүнүп, өңкүлдөгөн бойдон салып-уруп баратып так желенин түбүнөн түйүлүп өтүп, дүп этип торпоктун жанына түшүп, андан секирип зуулдаган бойдон сайга кирип жок болор эле. Кулаткан ташыбыз боз үйлөрдүн бирине, мал-жанга тийип ойронун чыгарса эмне болорун ойлобой, ансайын оюндун кумарына батып алган бизди боз үйдөн атып чыккан эркектердин өкүм айкырыгы мык каккандай кагып токтотчу” (“ Агындылар” 70-бет).

Бул жерде кеп таштын кулашында деле эмес. Кеп бул эпизоддун бала деген пенденин жаны чынында оюн экендигин, оюн дегенде  ал бардык нерсени унутарын, оюндун ичине баш-оту, бүткүл жүрөк-жүлүнү менен кирип кетээрин, оюн анын өмүрү, жашоосу экенин туюндуруп, окурманды Жеңижоктун ырындай  балалыктын керемет табияты жөнүндө ойлондуруп, ар кимди мурутунан жылмайта алыста калган алтын балалык күндөрүн эстөөгө козутуп тургандыгында. Анан калса, Ш.Дүйшеевдин “Агындыларда” дагы башка  төмөнкүдөй тарткан картиналары акын Жеңижоктун балалык жөнүндөгү классикалык ырына зарыл толуктоо же анын башкачараак тариздеги уландысы сыяктанат. Чогуу окуп көрөлү:

“Жума таякемдин кызы Нина экөөбүз ойноп жүрүп бастырманын бурчунан чакага чыланган гудрон-асфальтка төгүлүүчү кара майды таап алып, жыргап, колубузду чыканагыбызга чейин малып, ыракаттана мыкчып, бети-башыбызды шыбап, чачыбызды майлап, бир заматта адам тургай айбан кача турган шумдук түргө келсек керек, көң алганы кирген келин:

-Апей көтөк!-деп ыргып чыга качып, колундагы таштеги тегеренип барып уктап жаткан иттин башына тийип, ал каңкылдап тамды айланып, бизди тиктеп алып байланып турган казыгына чиренип торпок өкүрүп. Ошондо оңой менен козголбогон таянем козголуп, шашпай басып келип, ит тиштеген күчүктөй көк желкебизден көтөрүп келип Нина экөөбүздү:

-Ме,тазалап ал!-деп Жума таякемдин алдына ыргытканын эстейм”.

“Дагы бир окуямды кийин уктум.

-Эшик акырын “тык-тык” деп басылып калат. А дегенде тоокпу деп көңүл бурган эмесмин. Бир аз тынчый түшүп кайра тыкылдайт.“Бул эмнеси?” — деп туруп барып карасам Шакен турат, чочогу чорбоюп, курсагы чердейип, киндигине жетпеген көйнөк, буту жыңайлак.

-Ай, эмне келдиң таңатпай?-десем.

-Нина чыгабы?-деп коөт.

-О шүмүрөй, “чыгабы?” деп койгонун, бар турсаңды кийип кел! Уялсаң болбойбу, өзүң кызга келсең, анан кебетең бул болсо, — деп кайра айдадым. Боорумдун эзилгенин айтпа, — деп Батипа таажеңең айтып калчу эле- деп энем айтчу”. («Агындылар», 33-бет)

Мынакей, балалыктын “тирүү” образы. Жылмаюуну жана күлкүнү жараткан кандай  керемет сүрөт. Жеңижоктон да өткөрө жазып салыптыр го. Айтып отурса, ааламга сыйбас балалыктын күнөөсүз баёо дүйнөсүн кичинекей гана нокоттой жерге батырып  коюптур ээ. Бутага таамай тийчү таасын фактына тандай билген, аны сөз менен саймалап, көркүн ача көркөмдөп бере   билген Шайлообектин  устакерлигин айт. Буга чейин балалык жөнүндө көп  эле чыгармаларды окудук. Бирок балалыктын бейнесин Дүйшеевчесинен  ташка тамга баскандай мынчалык даана тарткан калемгерди учуратпаптырмын. Шайлообек адабиятта балалык жөнүндө өңү эч качан өчпөс, өлбөс көркөм картинаны жаратып салыптыр. “Агындыларда” Дүйшеевдин балалыгы Дүйшеевдин гана жеке балалыгы болбой, ошону менен бирге жамы адамзаада окуй  турган жалпы эле балалык туурасындагы ажайып аңгемеге айланышы-бул художник Ш.Дүйшеевдин жетишкендиги. Баса, анан Ат-Башыдагы 10-класстын жаштык романтикасын да Шакең келиштире сүрөттөптүр. Айрыкча, “Агындылардын” кыздарга жазылган каттарга байланышкан беттери абыдан колориттүү жана жаркын чыккан, окуп эле отургуң келет.

 

6. Автордогу жазуучулук жөндөм менен сүрөтчүлүк өнөрдүн айкалышы кандай натыйжага алып келген?

Ушул жерден Ш.Дүйшеевдин автордук натурасындагы бир өзгөчө сапаттын китептин ийгилигине чоң сүрөө болгондугун баса белгилөөгө кезек жетти көрүнөт. Жанагы тоодо балдар кулатып жаткан таштарга дагы бир жолу тик багалычы. Таштын кулаганы ушунча көрөсөндүү, муну китептен окубай эле, кинодон көрүп жаткандай болосуң. А түгүл өзүңө карай кулап келе жаткандай иллюзия түзүлөт. Эми дагы сурайлы, автор сүрөттөөнүн мындай көрөсөндүүлүгүн кандайча камсыздап жатат? Ш.Дүйшеев китебинде окуучулук жылдарынан мындай эскермени алдыга тартат: “Башталгыч класстын мугалими Энтериев Жумабай агайдын республикага чейин атын чыгарган көрсөтмө куралынын сүрөттөрүн тартып берип жүрдүм. Ошондон тартып ботаникадан сабак берген Макан эже мага чөп-чар менен жалбырактардын сүрөттөрүн көп тарттырды”.(“Агындылар”, 207-бет). Көрсө, автор Шайлообектин туулганынан тубаса сүрөтчүлүк касиети бар турбайбы. Ал сүрөтчү болуп да төрөлгөн экен. Ал эми сүрөтчүнүн дүйнөнү предметтүү көрөрү, боөктор, түстөр, образдар аркылуу кабыл алары белгилүү. “Агындыларды” жазып жатканда автордун көмүскөдө көрүнбөй жүргөн дал ушул художниктик касиети көркөм тутканы тегеретүүдө активдүү роль ойноп жаткандыгы баамдалып отурат. Башкача айтканда, автордогу эки башталма-жазуучулук сөзмөрлүк жөндөм менен сүрөтчүлүк касиет бири-бири менен жуурулуша бириккен. Ш.Дүйшеевдин боюндагы ушул эки касиеттин союзу “Агындылардын” көркөм көрөсөндүүлүгүн (зрелиңность), колориттүүлүгүн, сүрөттөөнүн предметтүүлүгүн, “орнаменттүүлүгүн” шарттап берип жатат. Мына ушундан улам биз автордун баяндарынан, аңгемелеринен, чагылтууларынан көпчүлүк учурда  сүрөтчүнүн полотносун же кандайдыр бир кинокадрды көрүп жаткандай  иллюзияга кабылып жатканыбызды  туюнсак болот. Мынабу чийнеге түшүп талаада кетип бараткандагы Ат-Башынын бир айылынын түнкү пейзажын (146-бет) карачы, эмне деген керемет сүрөт. Же болбосо, мына мобу Кашка Айгыр менен Аңги Торунун жайлоодо бири-бири менен алышкан тири укмуш картинасын көрүп ал. (71-бет) Болбосо, Ой-Терскендин сайынын жээгинде маасысын чечип, жылаңайлак олтура калып, “кел” деп небересине жонун тосуп мингизип, жонундагы балага маасысын карматып, бир колуна тизесине дейре түрүп алган көйнөгүнүн этегин, түйүнчөгүн кармап, бир колу менен “мингизип” алган наристени көчүгүнөн сүйөп, сайдын бут какшаткан муздак суусун мөңкөйүп кечип бараткан Канымгүл чоң энени карап көрчү. (42-бет) Булар фотосүрөттөрбү, кыл калем кудурети менен ак кагазга түшүрүлгөн элестерби, телетасманын үзүндүлөрүбү, эмне? Кыскасы, мындай көркөм кооздук, картиналуулук, образдуулук чынында эле, өйдөтө белгилегендей, сүрөтчү менен жазуучунун бир инсандагы жумуртканын агы менен сарысындай айкалышкан биримдигинен гана жаралышы мүмкүн. Ушул биримдик жараткан эстен чыккыс элестүүлүк чыгарманын айрым бир фрагменттерине гана эмес, дагы айталы, “Агындылардын” бүтүндөй көркөм тулкусуна мүнөздүү экендиги Ш.Дүйшеевдин прозачы катары мөөрөйү эмей эмне? Анан калса биздин жогорудагы оюбуздун чындыгын ырастап, Ш.Дүйшеев өзү газетага моминтип интервью берип салбадыбы:  “Мен жаш кезимде сүрөтчү болсом деп тилек кылып жүрүп, айлам жогунан сүрөтчү болалбай калгам, бирок анын өчүн мен сөз менен сүрөт тартып алып келатам. Художниктер бири живописчи, бири портретчи, бири башка болуп ар түркүн жанрга адистешет эмеспи , а менде кудай жалгап ушулардын баары бар окшобойбу, анткени уй, кой, эшек эле эмес, суунун, чөптүн, таштын, кыштын, кишилердин кебете-кешпирин, жадагалса кайгы-муң менен күлкүнүн өңү-түсүнөн бери сөз менен кемелине келтире тартып бере аларымды Табылды менен Нуралы байкаган. Анан “жазуусу” бар болгон менен “жаны” жок болуп калбагайле деп ар бир сөздүн “колу-башын” кармалап, көкүлүн сылап, баскан-турганын тыңшап, бетинен өөп, мазарга түнөгөнсүп ар бир сөздүн “түбүнө түнөп” жүрүп “Агындыларды” жазганым текке кеткен жок”.(“Де-Факто”, 25.04.2014).

(Уландысы бар)

Советбек БАЙГАЗИЕВ,
филология илимдеринин доктору


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: