Административдик же финансылык ресурс күчтүүбү, парламент чече алган жок

03.10.2017 | Саясат

aea99c86667cef83d913fb4e03589e5b

Биздин урматтуу Жогорку Кеңеш президентти шайлоо алдында тыныгуу алып, кезексиз каникулга кетти. Ким иштейт? Ырас, кетээр алдында далай тагдырды баштан кечирген элдин жана мамлекеттин алдында олуттуу бирин-экин маселени талкууламыш этип коюп, көздөн кайым болушту. Азыр депутаттардын баары эле президенттик шайлоо өнөктүгүндө тыным билбей эмгектенип жатканы жашыруун эмес. Өзүлөрү кабыл алган мыйзамга ылайык, депутаттарга эл кыдырып президенттикке талапкерлер туурасында үгүт жүргүзүүгө тыюу салынбайт. Шайлоо алдында алар кайсыл маселени талкуулоого үлгүрдү деген суроолор жаралат.

Биздин урматтуу депутаттар кетээр алдында бул шайлоодо административдик жана финансылык ресурстун кайсынысы коркунучтуу деген өтө маанилүү суроого жооп издешти. Бир катар депутаттар бийликтин талапкерине добуш бергиле деп бардык мугалимдер менен врачтарды, мамлекеттик кызматкерлерди зордоп шайлоого катыштырган административдик ресурс коркунучтуу дешсе, башкалары шайлоочуларды акчага сатып алган финансылык ресурс коркунучтуу деген пикирде. Бир депутаттын айтымында, шайлоочунун бир добушу азыр жети миң сомдон кем эмес.

Депутаттар көп нерсени талкуулай алышат. Бирок, эч кандай чечим кабыл алынбаса, мындай талкуулар канчалык зарыл? Же бул жөн эле парламент бар экендигин эске салып коюубу? Анда эмне үчүн алардын жыйынына БШКнын (бул органды ушинтип кыскача атаган оңтойлуу) өкүлдөрү катышты? Парламент тарабынан бул органга кысым жасалып жаткан жокпу? Бардык документтерге ылайык, ал эч кимге көз карандысыз конституциялыкорган эмеспи. Же ал шайлоо учурунда да Жогорку Кеңешке отчет бериши керекпи? Анда бул органдын объективдүүлүгү, калыстыгы жана ошол эле көз карандысыздыгы кайда?

Сыягы БШК баягы эски адаты менен ар кимге эле отчет берип жаткандай. Себеби, аларды кимдир бирөөлөр тандап, анан дайындалышат эмеспи. Бирок, бир жагынан алып карасаң, шайлоо убагында БШКнын штаты милиция менен аскерлерди кошкондогу санына жетип барат. Ушул көп миңдеген күчтүнадминистративдик жана финансылык ресурстарга алы жетпейби?Мындай болбошу керек. А балким жөн гана иштегилери же кимдир бирөөлөрду таарынткылары келбейт. Анда баары түшүнүктүү, спикер айтмакчы кыргызстандыктар туугандык байланыштары менен күчтүү.

Деген менен БШК бул жылдарда парламент аркылуу административдик ресурстун акесин окутуп, какайтып коюусу колунан келмек. Кайдагы бир финансылык ресурс жөнүндө кепти мындай эле коёлу. Жөн гана бул жагынан БШК өз мүчөлөрү менен жалпы кызматкерлерине чоң укуктарды бериши керек. Чиновник шайлоонун эрежесин буздубу – БШК аны кызматтан алдырып, материалын укук коргоо органдарына берсин. Ал андан ары көп жылдарга зынданга салып койсун.

Добуштарды сатып алгандар боюнча да ушундай кылуу зарыл. БШК укук коргоо органдары менен бирге иштей турган кызматкерлердин топторун түзүп иштетсин – эч кандай көйгөй болбойт. Кармалгандын баары зынданга камалсын. Анда көйгөй эмнеде? Сыягы бул чаралар депутаттарга залакасын тийгизип коюшу мүмкүн деген ой туулат. Ошондуктан, БШКнын колу кыска болуп, Жогорку Кеңеште көп нерсеге укугубуз жок деп отурушат. Андай болсо, мыйзам жазып, укугуңарды кайтаргыла. БШК ошону үчүн түзүлгөн жана иштеши керек.

Шайлоо процессине БШКдан башкалардын бирөөсү да кийлигише албайт. Азыр шайлоо комиссияларына маяна төлөнөт, алар акчаны эмне үчүн алышат? Шайлоо учурунда бюллетень таратып, кайра аларды санаш үчүнбү? Албетте бул да шайлоолордун маанилүү учурлары, бирок жогоруда айтылгандай топтолгон чоң күчтү жана көп сандаган кызматкерлерди толук кандуу иштетүү керек. Же мындай эмеспи? Анткени, алар бул учурда башка иштерден бошотулган.

Депутаттардын кечээки айткандары таңкалтырат. Айрымдары финансылык ресурска караганда, административдик ресурс анчейин коркунучтуу эмес дегенге чейин барышты. Балаа деген баары бир балаа. Биздин депутаттар өз мыйзамдары менен бул балаанын тамырын кыркуулары керек. Ошондо тигил да, бул дагы ресурстар болбой, шайлоолор өз нугунда өтөт. Анын үстүнө өкмөттүк чиновниктер бул ресурстар шайлоолордо колдонулбасын деп жатат. Андан тышкары, шайлоолорго электрондук кийлигишүү мүмкүн эместигине ант берип ишендиришүүдө.

Кеп депутаттар БШКнын сервери кандай иштээрин билбегендигинде деле эмес, негизи алар билбеши да керек. Бирок, депутат катары алар мыйзамда серверлердин кандай тартипте иштей тургандыгын көрсөтүп жазуулары керек эле. Ошондо бул тууралуу депутаттар эле эмес, өлкөнүн бардык жарандары билмек. Ансыз адамдар бул жакты да финансылык ресурс толугу менен көзөмөлгө алган деп ойлоп калуулары толук мүмкүн. Башка бир учурларда өкмөттүк чиновниктер финансылык ресурстан, тагыраагы баарысын акчага сатып алуудан коркмок эмес.

Анын үстүнө бул макаланын автору акыркы үч жылдан бери шайлоолордогу жеңилбес ресурстар сыяктуу жабышкан кеселдерден арылууну сунуштап келет. Тилекке каршы, парламент унчукпай койду, айрым фракция лидерлери мындай мызамдарды кабыл алууга каршы чыгышкан. Биздин парламент көйгөйлүү маселелерди көтөрүү, ал эми шайлоо мезгилинде ресурстар тууралуу да айтуу үчүн керек эмеспи.

 

Курманбек ИМАНАЛИЕВ


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: