Адил Ботобаев: Акыркы 6 жылда болуп көрбөгөн көрсөткүчкө жетиштик

04.04.2016 | Маек

Адил БотобаевИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Адил Ботобаев менен маек.

— Адил мырза, белгилүү болгондой, сиз башкарган башкармалык ИИМдин эң маанилүү бөлүмү, мындайча айтканда министрликтин өзөгүн түзүп турат десек болот. Андыктан, бул башкармалыкка башчы болуп тажрыйбасы чоң кызматкерлер дайындалат. Талашкандар, максат кылгандар да көп болот дегендей. Алгач ушул сиздин тажрыйбаңыз тууралуу уксак…

— Жакшы болот. Сиз биздин башкармалыкка эң туура баа бердиңиз. Мен милицияга 1984-жылы келип, Жол кайгуул кызматында иштеп баштагам. 1988-жылы кылмыш иликтөө кызматына өтүп, Бишкекте катардагы опер кызматынан шаардын кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчылыгына чейин жеттим. 2009-жылы Транспорттук милицияга барып, аэропортто жетекчинин орун басары болуп турдум. 2010-жылы революциядан кийин Жалал-Абад облустук Ички иштер башкы башкармалыгын жетектеп калдым. Ошол учур белгилүү болгондой, абдан оор болуп турган. Ал жерде турганда саясый чечим кабыл алышып, мени ИИМдин Баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы кылып дайындашты. Аталган башкармалыкта 4 жыл иштедим. Жаман иштеген жокпуз. Мактанып деле айтып койсок жарашат болуш керек. Себеби, биздин көрсөткүчтөр эң жакшы болуп турду. Айтсак, Баңгизаттарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын көрсөткүчтөрүнөн да жакшы болуп турду. Бир ирет өкмөттүк комиссия түзүлүп, аталган кызмат менен биздин башкармалыктын көрсөткүчтөрүн салыштырып, анын натыйжасында аталган кызматтын жетекчилерин кызматтан алышканын жалпы коомчулук жакшы билсе керек. Ал эми бул кызматка мени 2014-жылдын күзүндө министр Мелис Турганбаев дайындап жатып: “Башкы башкармалыкка барасың, сүйүнүп жатасыңбы?”-деп калды. “Барам. Баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгынан булганбай таза, жакшы көрсөткүчтөр менен кетип жатканыма сүйүнөм” — деп жооп бердим.

— Жакшы. Эми бул жерде аткарып жаткан кызматыңар да абдан оор. 1,5 жылдан бери Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ишин канчалык деңгээлде жакшырта алдыңыз? Жогоруда айтылгандай, мактоого алына турган көрсөткүчтөр барбы?

— Жаман эмес. Кудайга шүгүр, жетишкендиктер, жакшы көрсөткүчтөрүбүз бар. Биздин башкармалык негизи майда уурулуктан баштап, кылмыштын ар кыл түрлөрү боюнча иш алып барабыз. Эң негизги биздин милдетибиз — оор жана өтө оор кылмыштар менен күрөшүү болуп саналат. Акыркы кездерде адам сатуу, сойкулук деген маселе күчөп кетпедиби, биз бул көрүнүштөрдү жоюу, азайтуу багытында иш алып бара турган атайы башкармалык ачып, бул маселе боюнча да жемиштүү иш алып барып жатабыз. Ар кандай демилгелер менен Жогорку Кеңеште биздин маселелер да каралып жатат, ошондой эле бизге тиешелүү мыйзамдарга толуктоолорду киргизүү маселелери да колго алынууда.

Ал эми сиздин көрсөткүчтөр боюнча сурооңузга далилдерди келтирип, сандар менен айтып берейин. Биз 2009-жылдан берки биздин башкармалыктын аткарган ишин анализ кылып, иликтеп  чыктык.  2015-жылы мен бул жерде толук иштедим, ошол жылы көрсөткүчтөр акыркы 7 жыл боюнча эң жакшы көрсөткүчтөр болду. Мисалы, 2009-жылы кылмыштуулук 88 пайызга ачылса, 2010-жылы 54 пайызга чейин түшүп кеткен. 2011-жылы 81 пайыз, 2012-жылы 88 пайыз, 2013-жылы 89 пайыз, 2015-жылы 91 пайыз болгон. Ал эми 2015-жылы биз кылмыштуулуктун бетин ачууну 93 пайыздан ашырдык, бул көрсөткүч бардык тараптар боюнча. Бир сөз менен айтканда 6 жылдын ичинде мындай көрсөткүчтөр болгон эмес.

— Акыркы жылдары киши өлтүрүү көп болуп кетпедиби? Ошол оор кылмыштардын бетин ачуу талапка жооп береби?

— Туура, тилекке каршы киши өлтүрүү кылмышы көбөйүп жатат. Андай оор кылмыштардын бетин ачуу маселеси биз тараптан талапка жооп берет деп айта алабыз. Мисалдарды айтсак, быйылкы жылдын 2 айында 41 киши өлтүрүү боюнча кылмыш иши козголуп, бүгүнкү күндө анын экөөсүнүн гана бети ачыла элек, калганы толук ачылган.

— Жашы жете электерге зордук-зомбулук көрсөтүү, зордуктоо,ошондой эле каракчылык, уурулук кылмыштары да көбөйүп жатат, бул боюнча да айтсаңыз?

— Быйыл жыл башынан бери зордуктоо боюнча жалпысынан 137 кылмыш иши козголуп, 100 пайыз ачылган. Каракчылык боюнча жыл башынан бери 47 кылмыш иши катталып, анын дээрлик баары такталып, бетин ачтык. Эң эле көп бул- өздүк мүлктү уурдоо болуп эсептелет. Жыл башынан бери эле бул боюнча 1769 кылмыш иши козголуп, мунун 1137синин бети ачылды. Бул кылмыштын ичинен батир уурусу эле 465 экен. Андыктан жарандарыбыз өз батирлериндеги буюмдарга сак болсо дейт элек. Эң көбү эле Чүй менен Бишкекте. Мал уурдоо да аз эмес. Эки айдын ичинде эле 309 кылмыш козголгон. Эң көбү Нарынга тиешелүү, саны 86, андан кийин Чүйдө 61, Ысык-Көлдө 53, Жалал-Абадда 52. Калган жерлерде аз-аздан. Бирок, бул 309дун ичинде жайыттан жоголуп кеткендер да бар, алар кайра табылышы мүмкүн. Ага чейин каттоого киргизе беребиз. Кыскасы, биз ар бир катталган ишти эч качан көз жаздымда калтырбайбыз, баарын өз-өзүнчө анализ кылып, иликтеп чыгып, алардын бетин ачууга бүт аракеттерибизди жумшайбыз. Анктени, ар бир уурдалган мүлк же башка кылмыштардын баары тең эле адамдардын көз жашы, эмгеги, тагдыры. Андыктан кылмыш иликтөө биздин эң негизги жумушубуз болуп жаткандан кийин, бир да мүнөт кайдыгер карабашыбыз зарыл. Мындан тышкары, чөнтөк телефонду уурдагандар абдан көп болуп жатат. Мындай уурулук менен күрөшүүнү жеңилдетүү жана алдын алуу үчүн Европадагыдай эле кылып койсок жакшы болмок. Мисалы, ал мамлекеттерде телефон ээсине катталат. Бизде сим-карта эле каттоого алынып жатат, телефондун өзү да, заводдо коюлган “имей коддору” да сатып алган адамга катталышы керек. Анан азыр телефондо бирдик жок калса, операторлор “баланс толтуруңуз” — деп кайталап турушат. Уурдалган телефондорду уурулар иштеткен кезде же башка адамдарга сатканда операторлор “сиздин телефон уурдалган, сиз сүйлөшө албайсыз” — деп сүйлөп тургандай кылып койсо болот. Анткени, уурдалган телефондор тууралуу милиция алдын-ала байланыш компанияларга маалымат берип турушат да. Мына ушундай ыкмага жетишип алсак телефон уурдоо маселеси өзүнөн-өзү азаймак.

— Кылмыштуулук боюнча түшүнүктүү. Эми сиз жетектеген башкармалыктын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеп кылсак…

— Мүмкүнчүлүктөрүбүз кудайга шүгүр. Бүгүнкү күндө бизге жардам бере турган кызматтардын бардыгы жакшы иштеп жатышат. Кылмыштардын бетин ачууга шартыбыз мурункуга салыштырмалуу кыйла жакшырды. Материалдык-техникалык базабыз барган сайын чыңдалып жатат. Машинелерибиз, керектүү аппараттарыбыз жетиштүү. Кадр маселесин айтсак, биздин башкы башкармалыкка кызматка келиш үчүн жер-жерлерде милдеттүү түрдө 5-10 жыл иштеши керек. Андан кийин гана бул жерге кызматка алынат. Бизде баары тең офицерлер, билимдери, иш-тажрыйбалары жетиштүү. Милициялык чиндери майор. Себеби, биздин башкармалык борбордук аппарат да. Ал эми айлык маянабыз азыраак. Бирок, ал маселени мен чечпейм да, чече турган чоң жетекчилерибиз бар. Кызматтык үй маселелери да мурунку жылдарга салыштырмалуу талапка ылайык чечилип жатат. Биздин үйлөрү жок балдарыбыз да, кезек-кезеги менен туруп, акырындык менен алып жатышат.

— Башкы башкармалыкта деле талапка жооп бербеген, кылмыш иштерин жашырган же пара талап кылган, айтор таза эмес кызматкерлер  бар да?

— Кызматкерлерибиздин баары 100 пайыз таза, 100 пайыз укмуш деп айтуудан алыспыз. Бизде да кемчиликтер бар, ошондой эле талапка жооп бербегендер да кездешет. Себеби, милициянын баары эле асмандан түшкөн жок, элден чыккан. Айрым кездерде пендечиликке алдырып койгондорубуз да болот. Бирок, маселенин баары болбосо да көбү жетекчиге байланыштуу болот экен. Негизи эле азыр милиция кызматкерлерибиз мындан бир нече жыл жасап койгон же жасай турган иштерди жасашпайт. “Кой аксагы менен жүз” дегендей болуп жатабыз. Өзүбүз кылмыш иликтеп, тартип коргоп жаткандан кийин, коомчулукка үлгү болушубуз зарыл.

Маектешкен Айбек Шамшыкеев


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: