Адашбек Жунушалиев эркин серепчи: Кыргызстан жана геосаясат

    IMG-20170630-WA0017

Азыркы дүйнолук глобализациянын күчөп турган мезгилинде, базар экономикасынын саясаты ишке ашкан учурда, Кыргызстандын дүйнө жүзүндөгү орду кандай деңгээлде болууда жана канткенде биз ушул эки чоң агымга туруштук бере алабыз деген суроолорго жооп издейли

     Кыргызстан көп улуттуу мамлекет, бирок негизги улут – кыргыздар болгондуктан элдин 75-80 пайызын түзөт. Эгемендүү Кыргыз мамлекети болгонуна 27 жылдын жүзү болду. Ушул убакытта Кыргызстан, социалисттик пландык экономикадан, эркин базар экономикасына толугу менен өттү. Мамлекеттик башкаруу президенттик системадан, парламенттик-президенттик системага айланды. Эки жолу мамлекеттик системаны, үй-бүлөлүк системага айландырып бараткан президенттерин ( Акаев, Бакиев ) өлкөдөн кууп чыкканга жетишти.

Кыргызстан дүйнөлүк көп уюмдарга мүчө болуп кирди ( ООН, ВТО ж.б. ) жана СНГ, ОДКБ, ШОС, ЕАЭС сыяктуу биримдиктерге да мүчө болуп, активдүү катышуучусу боло алды. Көп мамлекеттер менен визасыз кирип — чыгууга да кол коюлду. Мамлекеттин экономикалык , салык  саясаттары да эркин базардык экономиканын мыйзамдарына туураланды.

Ушул эле мезгилде , акыркы чейрек кылымда, дүйнө жүзүндө эмне жаңылыктар, өзгөрүүлөр болуп жатат жана алар Кыргызстанга кандай таасирин тийгизүүдө ? Кыргызстан ушул глобалдуу чакырыктарга, өзгөрүүлөргө туруштук берип, өзүнүн мамлекеттик деңгээлин көтөрө алабы ?

Бул макалада кеп Кыргызстан жана АКШнын мамилелери жөнүндө болмокчу.

Дүйнө жүзүнө үстөмдүк кылам деп,  Америка Кошмо Штаттары ( АКШ ) өзүнүн саясатында башка мамлекеттерге, кыргызча айтканда, керсейип мамиле кылууда. Бардык континенттердеги мамлекеттердин саясатына кийлигишүүдө жана өз үстөмдүгүн орнотууга чоң аракет жасоодо. Көп мамлекеттерде үстөмдүгүн, таасирин орнотууга жетишти десек жаңылышпайбыз.  Кыргызстан да АКШнын толук үстөмдүгүнө, таасирине аз жерден кабылып кала жаздады. Эгерде, АКШнын согуштук авиабазасы Кыргызстандан чыгарылбаганда кыйын эле болуп калмак кыргызга, азыр болбосо да  кийинчерээк. Анткени, АКШнын согуштук базасын Япония чыгара алган жок, канча жолу кол коюшса да. Чыгаруу жөнүндө сөз болгондо, АКШ Японияга карыздарын эске салат жана Япониянын компанияларын да АКШдан чыгып кетүүсүн эскертет. Япониянын карыздары жүздөгөн миллиарддар болгондуктан компанияларын АКШдан чыгаруу мүмкүн эмес. Ошентип, Япониянын жерин, аралдарын АКШ ээлеп бербей турат, ал жерде он миңдеген куралчан аскерлери , согуштук самолёттору, ракеталары жайгашкан. Ойлосо болот, Америка кайда да, Япония кайда деп. Бирок, Япония Россия жана Кытайдын жанында жайгашканы — эң негизги себеп. Анткени, АКШ өзүнүн таасирин түштүк-чыгыш Азияда күчөтүп, Россия менен Кытайга сүр көрсөтүп туруусу керек. Бул АКШнын мамлекеттик саясаты. Ошондой эле АКШнын согуштук базасы Түштүк Кореяда жайгашкан, бул мамлекет да Япониянын кошунасы.

А, Кыргызстан АКШнын согуштук базасынын чыгып кеткенине «тобо» деш керек жана Кыргызстан дүйнөлүк геосаясатта өз ордун туура таап АКШга окшогон согушчул мамлекеттин таасиринен чыга алды десек туура болчудай.

Азыркы учурда да Кыргызстандын АКШ менен мамилеси жакшы эле десек болот, бирок абдан жакшы деп айтуу кыйын. Согуштук базасы чыгарылгандан кийин, биз Евроазиялык экономикалык союзга киргенден кийин, Россия менен абдан жакшы мамиле орнотулган соң, АКШ бизге кырын салып супсагыраак мамиле кылып калган…

Кийинки макалада Кыргызстан менен Россиянын мамилеси жөнүндө болмокчу. Суроолор болсо гезиттин редакциясына жиберсеңер болот.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: