Адахан Мадумаров: “Элүүдөн ашып калсам да, энеге болгон кусалыгым өчө элек…”

05.07.2017 | Саясат

 

 

19848801_1449134811841851_1301741874_n

Талант, эмгек, жɵндɵм жуурулуша келген инсандар ар бир иштин майын чыгара аткарат ɵӊдɵнɵт. Кыялдын ордуна жароочу бирɵɵ гана бар — ал тажрыйба. Чындыгында тажрыйбадан ɵткɵн устат жок. Бирок ага тɵлɵнчү акы кымбат. Бул каарман түмɵн түйшүктүү жолду басып ɵткɵн, ɵз тажрыйбасы аркылуу ийгиликти багындырган элдин уулу. Элдин келечегин ойлоо биздин милдет деп калпеле тɵш каккылагандар мындан кɵп… Бул мырзанын жүрɵгүнүн кагуусу да башкача. Эл тагдыры үчүн чындап күйүп бышкан мекенчил уулдун жүрɵгү элим-жерим деп согоору анык. Андыктан баралына толуп турган кезде сүйлөтүп акылын, иштетип күчүн алалы… Адахан мырза сүйлөп жатканда, сайрап жаткан булбул жаӊылып кетиши мүмкүн. Сөзгө чечендиги тубаса таланты же турмуш тажрыйбасынын жыйынтыгынандыр.  «Каным, жаным, жериме азык болсун, каруум элге казык болсун»- деген сөзү эли-жери үчүн башын сайып коюуга даяр экенин тастыктап турат. Кыргыздын кыраан уулу жайдын ысык аптабында   ары кызыктуу, ары маанилүү маек куруп берди.

— Атаӊыз абдан сүрдүү болгон дешет…

—       Ата баласын көп деле  үзүлүп түшүп, эзилип эркелете бербеш керек. Атанын балага болгон сүйүүсү, эненин сүйүүсүнө жетпейт. Себеби, кыргыздын касиетинде атанын сөзү ок дейт. Атанын назары түшүп, көӊүлү калып калат. Эмне үчүн кыргыздар илгери жети жашка чейин атасына көргөзбөй чоӊойтушкан билесизби? Себеби, бала балалык кылып, бир сөздү туура эмес айтып койсо, атанын ичинде ай аттиӊ деген ой пайда болот да, ошол балага зыян келтирип коёт. Назар түшүп калат же назардан калып калат. Бул жагынан Кудайга шүгүр Жараткан пенде кылып жаратып атам мага ата болуп, апам мага апа болуп калганына чексиз бактылуумун. Себеби, ар бир бала үчүн өз ата-энеси дүйнөдө жалгыздай туюлат. Балалык сезимден  өтүп, кийин чоӊойгондо  эки жакты карап, ак-караны айырмалай, адал менен арамдыкты таанып калган мезгилде өзүӊө ата-эненин турмушта тутунган баалулуктары ыйыктыктары көрүнөт. Кимди кумир тутасыӊ десе атам менин кумирим деп таамай айтаар элем. Мен атамдай болгум келчү. Бирок, атадай болуш кыйын. Атам пенсияга чыккычакты мектепте эмгектенди, андан соӊ колунан кетмен түшпөй дыйканчылык менен алектенди. Ар бир айткан сөзү азыркы кыргыз конституциясына караганда мага миӊ эсе ыйык. Кулакка күмүш сырга болуп илинип калган ыйык сөздөрү бир үзүм нан алып келип балаӊдын оозуна салып жаткан адал нан болуш керек деп айткан накыл кептери кулагыма дале да жаӊырып турат. Ар жактан бер жактан жулуп келип тамактандырган балдарыӊдын азабын кийин көрөсүӊ деп койчу. Эч качан балдарыӊдын оозуна арам тамак салбагын эч качан элдин назарына калбагын деген сөзү аксакалдарга мен билгенди силер билбейсиӊер деп катуу сүйлөбө деген сөздөрү жүрөгүмдө мыйзам болуп жазылып калды. Атамдын кесиби  мугалим болгондуктан катаал, сүрдүү көрүнчү. Себеби, көзүндө огу бардай теше карачу. Апама арызданып ыйлап жиберген күндөрүм болгон,  ушундай теше карагандан көрө атам мени жакка бир чапса жакшы болмок дечүмүн. Бир көз-карашы бир канча ирет камчы менен ургандай катуу тийчү. Депутат болуп иштеп жүргөндө атам: “ Жетекчинин көзүндө каары, көкүрөгүндө мээри болуу керек. Көзүӊдөгү каарыӊды кол алдындагы иштегендерге чачыш керек, ал эми көкүрөктөгү мээрди элге чачыш керек. Биздин заман тескери баарыӊар тескери болуп жатасыӊар каарыӊарды элге, мээриӊерди чиновниктерге өз тегерегиӊерге чачып жатасыӊар”- деп көп айтып калды.  Мен үчүн азыр акыл айтар киши жок. Көп жылдан бери,  мен атамды эмес эӊ жакын ишеничтүү досумду кеӊешчимди аӊгемелешип отурчу акылманымды жоготтум. Мага жөлөк болчу тирегимден, жөлөнө  турган жөлөгүмдөн айрылдым.

—       Эне баланы алгач курсагында, анан кучагында, анан өмүр бою жүрөгүндө көтөрөт экен…

—       Ааламдар кандай сүйүүлөрдү айтышат. Адамдын  жаратылышка, мекенге, түгөйүнө, балдарына болгон сүйүүсү. Ошол сүйүүлөрдүн туу чокусунда жападан жалгыз гана сүйүү бул эненин балага болгон сүйүүсү. Менин апам жөнөкөй, карапайым кыргыздын кадимки энелери сыяктуу айылдык келиндеринин бири. Жаш кезинен тарта жатак мектебинде тарбиячы болуп эмгектенген. Ал мезгилде көз алдымда көгүш гүлдөрү бар ак көйнөкчөн эсимде калды. Ак жоолук салып алып, уйду талаанын четине байлап, тамекиде иштечү. Мен 5 жашар бала болсом керек негедир издеттиргенди жактырат элем. Апам чарчап отуруп калганда, жүгөрүнүн арасынан чыга калып, апамды “ба-аа!” деп чочутат элем. Апам мага камыштан төө жасап, чөптүн үстүнө өбөктөп мени ойноткон күндөрүн кантип унутайын.  Менин таттуу, баёо күндөрүм Өзгөндүн Куршаб айылында калган. Балалыктын кайсы күнүн эстебейлик, бардыгы сагынуу, кусалык менен көз алдыбызга тартылат. Топуракка аралашып ойноп, кечинде боз ала чаӊ болуп үйгө келсем апам жуунтуп-тазалап туруп, кесилген согончогума өкүртүп-бакыртып койдун майынан сыйпаган күндөрдү азыр жомок катары сезем. Балалыктын баёолугу да, үйүбүздө шабдаалы бышып, шагы ийилип турса аны жебей, башка бирөөнүн багына ууруга кирчүбүз. Алдын ала даярданып баштык ала кирбейсиӊ да, түктүү шабдаалыларды терип, коюнга салып качып чыгабыз. Анан шабдаалынын майда-майда түкчөлөрү денеге сайылып бир кытыгылап, бир кычыштырат дейсиӊ… Айтор, балалыктагы түйшүктүү күндөрүбүз түш сымал алыста калды. Ошол таттуу, сыйкырдуу сезимдерди курчаган мезгилди учурунда сезип, баалай албайт экенсиӊ. Аскерден сагынып барганда биринчи кезекте энемдин көкүрөгүндөгү жыты мурдума урат. Үйүӊдөгү жылуулук жарыкчылык ошону менен бааланат экен. Апамдан айрылганымда, кусалыктын ынак өзүн сездим. Ата-энеге болгон кусалык бөтөнчө экен. Жаныӊ денеӊден бөлүнмөйүн ал кусалыктын азабынан кутула албайт көрүнөсүӊ… Элүүдөн  ашып калсам дагы энеге болгон кусалыгым сөз менен айтып жеткире алгыс. Менден улуу агам мага караганда бактылуу себеби апамдын жанында болду. Той-тамаша жамандык-жакшылыктарга алып барып, жанынан карыш жылбай жүрдү…

 

19866368_1449134948508504_2069106746_n

—       «Үмүтсүз жалгыз шайтан болот» деген сөздү дайым айтып келесиз. Кыргызстанды келечекте кандай элестетесиз?

—       Кыргыз баласы өлүм төшөгүндө жатканда дагы «Аксакал, кандайсыз?»-десе, ал «Жакшы, балам, өзүӊ кандай? «,-деп жооп берет. Эч ким жаман деп айтпаган ушундай касиеттерибиз болгон. Азыр эле жаман болду. Бир жерде сел жүрүп, же көчкү көчүп жатса, тыйын бер деп жардам сурашат. Берүүчү зат-жараткан өзү. Пенде пендеге берип, пендеге жардам көрсөтүп, аны бай кылып көрсөтө албайт. Пенде маӊдайына жазып койгон бакытты тартып алып, аны кем кылып коё албайт. Мына ошондуктан, шайтан гана үмүтү жок болот деп айтып келем. Адам баласы болгондон кийин жакшылыкка үмүт кылат. Ооруп жаткан адам да жараткан шыпаасын берсе, жакшы болуп калам деген үмүттө көзү жумулуп кете берет. Өмүр бою максатсыз жашаган адамдан, уя салып жашасам деген куштун ою кымбат деп Мадумаров 9-классында айтып койгон. Үмүтсүз жашоо болбойт. Себеби, куш дагы үмүт кылып жатат. Ушул жерде балапан ачсам, анан аларды учурсам деп ал да аракет кылып жатат. Балапанынан кеӊ келечектин эч кандай жардамы тийбейт, бирок ошолор да балапаным деп чыркырап жатат. Ошол максатсыз жашаган адамга караганда куштун ою кымбатыраак деп эсептейм.

—       Кыргыздын кадыры бийик атактуу инсандарынын бири: «Ата Мекендик согуш учуру болсо, Мадумаров Гестапо болмок. Адамгерчилиги жок. Ал жөнүндө сүйлөгүм да, уккум да келбейт»,- деген баасын берген дешет. Буга сиздин оюӊуз?

—       Эми ким нааразычылыгын берсе бере берсин. Биз бир адамдын жеке ыраазычылыгын алалы деп эмес, калыӊ элдин ыраазычылыгын алалы деп жашайбыз. Негизи, Жараткандын ыраазычылыгын алышыбыз керек. Өткөн кеткен ата-бабалардын рухтары ыраазы болушу шарт. Биз ошон үчүн иштейбиз. Гестапо болмок дегенге мен ачык айтам, бүгүн мыйзамды, тартипти катуу талап кылсак, атка минерлердин эч кимиси чыдай албайт. Алар жайлоого чыккандай болуп, ээн-эркин жүрүп көнүп калышкан. Эртеби-кечпи ошондой тартип орнотушубуз керек. Кандай сын-пикир болсо айтыша берсин, тарых өз баасын берет.

— Ата Журтту сүйүү —  ажайып парз, чындыкты сүйүү – андан да керемет парз. Чындыкты жашырып жер алдында көмсөӊүз да, ал акыры өсүп чыгат экен.«Кыӊыр иш кырк жылда билинет» дегендей акыры элибиз чындыкты тарых барактарынан окуп калат деп ойлойсузбу?

— Сөзсүз түрдө, илгери кырк жылда билинген болсо, азыр кырк саатта эле билинип калат. Заман ушундай тез өзгөрүп жатат. Элибиз эртеби- кечпи баары бир тарых барактарынан окуйт. Окуган мезгилде бүгүнкү чындык кашкайып чыгат. Ак үйгө кол салып, курал алып киргендерди баатыр эсептебейм деп айтканым чын.  Атамдын айткан жакшы сөзү бар: “Балам, башыӊда айбалта турса дагы чындыкты айткандан тайба”. Убактылуу жабыр тартабыз азап чегебиз,  бирок келечек баары бир тактап чыгаары бышык. 7-апрелде чыккандардын арасында чындап эле, эли-жери үчүн күйүп-бышкандар, Максимдин азабы жетти деп үмүт менен чыккандар бар. Кечээ эӊ кичүү балам Алихан менен сейил бакта бара жатсак ошол баатырлардын бири келип айтты абдан катуу жаӊылыштык кетирген экенбиз деп. Убагында гезиттин бүт баары тепкилеп теле айкырып кыйкырып мени  эмне гана кылышпады. Бүгүнкү күндө менин айтканым унутулуп, ал өзү мурда эле “самозванка” болчу деп коёт. Чындык үч баскычты басып өтөт. Көкүрөгүӊдөгү сен үчүн чындык. Сени туура түшүнүп  жоро-жолдошторуӊ билген чындык. Үчүнчүсү коомчулук билип калган чындык. Биздин партия, биздеги саясий ишмерлердин эстелигин ачып жатабыз. Келечек муун ошол инсандар ким экендигин билип алуу максатта. Аларды ким жок кылган десе, баары Сталин дейт. Чындыгында, Сталин аларды тааныган да эмес. Ошол эле жанында отургандар: «Ушуну жок кылсам, анан ордуна мен отуруп алсам»,- дегендер. Баягы эле көрө албастык, папке талашмай, ит күлүгүн түлкү сүйбөйт деген саясат, же күлүктөн күлүк чыкса төрт туягы тыбырайт дегендей эле кеп да. Көрө албастык биздин денебизге сиӊип, чирип кеткен ириӊ катарында коомубузду жеп келет. Илгертен бери бул инсандарды келечек муунга окутпай коёбуз, кыргыз тарыхынан булардын ысымдарын түп-тамыры менен алып салабыз деген азаматтардын көзү өтүп кетти. Чыныгы патриот, өз элине кызмат кылгандарды мына эми элибиз таанып-билип жатышат. Сталин да каза болоордо: «Менин мүрзөмө эмне деген гана жугундуларды, шыпырындыларды төгөт, бирок улуу тарыхтын шамалы тазалап, баарын орду-ордуна коёт»,-дептир. Ошол сыяктуу, эртеби же кечпи баары бир чындык чыгат.

—       Саясат бул-айыкпас оору сыяктуу, саясаттын даамын бир жолу таткан адам кайра-кайра кумарлана берет дешет. Сиздин көз-карашыӊыз?

—  Эгер чыныгы саясатчы болсо, таттуусуна караганда ачуусу көбүрөөк болот. Эгер ишкер саясатчылар болсо, булар даамын татышы анык. Жөнөкөй, таза саясатчы болсоӊ, бүгүнкү күндө элиӊе жагыш эмес, өзүӊдүн үй-бүлөӊө, дос-туугандарыӊа жагыш бул-өтө оор маселе. Базарда эки күркөсү бар адам саясатка аралаша койсо эле, аларды саясатчы аташ өтө жаӊылыштык. Саясат бул-кесип, ошол кесипти аркалай билишиӊ керек. Жок эле дегенде элден төрт кадам болбосо да, бир кадам алдыга жүрүшүӊ керек. Келечекти баамдап көрүп, аны алдын-ала айтып койсоӊ, сени жек көрүшүп түшүнүшпөйт. Бизде, элибиз башына келгенде гана түшүнгөндө, тилекке каршы кеч болуп калат. Ушундан улам Тоголок Молдонун «Иттин доолдай тиктирем дегени» аттуу чыгармасы эске түшөт да.

—       Элин жоготкон мамлекет өзү да жоголууга мажбур болот экен. Жол башчы издебей жол изде дегенчелик кейипке түшүп бара жаткан жокпузбу?

—       Илгертен бери каада-салтыбызда келе жаткан шерт деген түшүнүк жок азыр. Шерттешкенден кийин өлүмгө чейин даяр азамат жок. Кыргыздын канында сиӊип турган макалдар не деген сөздөр бар. Балаӊ жакшы чыкса жердин үстү жакшы, балаӊ жаман чыкса жердин асты жакшы дейт. Муну кыргыз айтып койгон. Балаӊ менен сыймыктангыӊ келет, эгер балаӊ жакшы чыкса гана. Баланчанын баласы жакшы деген сөз кандай гана кулакка жагымдуу. Ата-энеӊ чексиз бакытка балкыйт. Балаӊ жаман чыкса, сөзүӊ кыска болуп, элди карай албай балаӊ үчүн ыӊгайсызданып жүрүп, о дүйнөгө сапар тартуу эӊ жаман нерсе. Эзелтеден кыргыздар сөздүн  баркына жетип улуу тарыхты карыткан. Биз тарыхыбыз менен гана сыймыктанып калдык. Бүгүнкү күнү эмнебиз менен сыймыктанабыз? Иляс Эсенберди деген казактын мыкты жазуучусу бар. Көчмөндөр Абылайдын көргөн түшүн Букар калкаман уулуна жоорутат: “Түшүмдө ат чаап бара жатсам жолборс чыкты. Ага жете барып кылыч менен жара чапсам ичинен көк жал карышкыр чыкты. Аны жарсам ичинен түлкү чыкты. Түлкүнү жара чапсам курт-кумурса майдаланып жер бетин каптап кирди бул эмнеси? деген экен. Дегенде ал өзүӊ ошол жолборссуӊ дейт. Балаӊ көк жал карашкыр чыгар. Неберелериӊ түлкү болсо, андан кийинки урпактарыӊ балакетке жарабаган курт-кумурска болуп майдаланып кетер дейт. Ошол сыяктуу биз да ошондой болуп майдаланып бара жатабыз. Атаны ата катары, энени эне катары карабайбыз. Жарды жар сыяктуу сыйлабайбыз, досту достой кылып күтө албайбыз. Конокту коноктой кылып тосуп кайра узата албайбыз. Бүт баары келген кишинин чөнтөгүнө, ээлеген кызматына жараша болуп калбадыбы. Мына ушул туурасында орус тилинде кыргыздар жөнүндө китеп жазуу менен алекмин.

— Сиздин кесибиӊиз журналист. Бирок журналисттерди кагып-силкип салган учурларыӊыз жөнүндө айтсаӊыз?

— Илгерки журналисттер менен азыркылардын айырмасы асман менен жердей. Ал убакта кийген кийиминен баштап, дикциясына чейин өтө көӊүл бурушчу. Ж. Кайыпов, С.Жээнбеков, Р. Рыскелдинова, Т. Жаманбаева, Б. Мамытов, Г.Молдоева-кандай гана кыргызымдын кадыр-барктуу дикторлору. Ар бири өз кесибинин чебер устасы болчу. Алардын дүйнө таанымы да кенен, сөз байлыгы кеӊ, сөздү таптап, анын маӊызына чыгарып сүйлөшчү. Жогорудагы устаттардын галстугун тагынуу биз үчүн сыймык болчу. Бир программага даярданууда 1 жума даярданып, анан телеге чыгарчу. Суроолорду түзүш да искусство болчу. Эгер чачыӊ өсүп кетсе, Балташ Кайыпов эфирге чыгарбай коё турган. Ал эми азырчы? Тизеси жыртылган шымдарды саркеч деп, эфирге  чыгарып калышпадыбы. Азыр телеканалдардагы болуп жаткан программаларды деле көрбөйм. Аягына чейин көргүчөктү демим кысылып, кан басымым жогорулары анык… Студенти  кезде бир ыр жаздым эле:

Ойлорум уйгу-туйгу,

Жолдорум ийри-буйру.

Көӊүлүм жазгы жамгыр,

Өмүрүм эски калбыр, -деп. Адам болуп жаралгандан кийин көп жолдорду басабыз да. Ырда айтылгандай биздин жолдор ийри-буйру, көӊүлүбүз жазгы жамгыр болгону менен, өмүрүбүз эски калбыр болуп жатпайбы. Журналист деген мыкты кесип. Мурда “жерден жарака кетсе акындардын жүрөгүнөн өтөт” дечү эле. Азыр журналисттердин жүрөгү аркылуу өтүп калды. Азыркы журналисттердин арасында жүрөгү менен кабылдаган калеми курч журналисттер да жок эмес.

— Тазалыкты баланын көзүнөн изде дешет, тазалыкты, тунуктукту кандай кабылдайсыз?

—       Апсамат Масалиев эгер тирүү болгондо 10-апрелде 84 жашка чыкмак. Бул чыгаан инсанга эстелигинин жанында айткан сөзүм бар.  Ушул принциби жок, кечинде артыӊдан бычак сайган заманды көрбөй эле кеткени жакшы болду. Бул не деген саясат. Апсамат мырза тирүү кезинде кандай гана ушактарды айтып, кандай гана сөздөрдү жазып жүрүшпөдү дейсиӊ. Мына ошолор бүгүнкү күндө Масалиевдей таза инсан жок, ал биз үчүн үлгү деп ыйлап отурушат, булардын баары жалган. Тил учунда айтып жатканы белгилүү. Айтып отуруп көздөрүнөн жаш алып жиберишет мунун баары бир сөз менен айтканда зор чеберчиликтеги артисттик. Ал ый, ал кайгы, көкүрөктүн түпкүрүнөн чыгып жаткан жери жок. Тилдин учунан айтылып жатат. Масалиевдин деӊгээлин көтөрүш үчүн айтып жаткан жери жок. Чындыгында, Масалиев аркылуу өзүн  таанытыш үчүн айтып жатышат. Мен ушинтип эле ачык айтам капа болсо капа болушсун. Учурунда өз алдыбызча мамлекет болобуз деген Жусуп Абдыракмановду деле тепкилешип, тарых барагынан чийдирип салабыз дешчү экен. Жадырап-жайнап күлүп жүрүп кечээ эле көзү өтүп кеткен биздин залкарларыбыздын аркасынан мындай кыраандар жүз жылда бир жаралат деп куру кейигенге уста болуп калбадыкпы. Жүз жылда бир жаралса, анда эмне үчүн биз анын тирүүсүндө барктабайбыз? Себеби, биз жылуу сөзүбүздү да алардан аяйбыз. Көзү өтүп кеткенден кийин ал атаандаш болбойт да. Анан кийин эле комуздун коштоосунда: «Кокуй эле кокуй, мындай киши жаралбас, мындай залкар болбос, колумда конгон кушум учту. башымда конгон багым учту «,-деп кошок кошуп эле ыйлап отуруп калса боло берет экен да.

—       Досту досум дей бербе, бир сага кас болоор, касты касым дей бербе бир күн сага дос болоор. Ушундай достордон кур эместирсиз…

—       Туура. Таӊ калганым, бийликке келгенде достошуп жүргөндөрүм тескери карап, а касташып жүргөндөрүм дос элек деп кучак жайып келгендери болду. Ушул сөздү бекемдегендей, эӊ жакын дос деген болбойт. Кыйышпас кан дос болуш үчүн төө көтөргүс милдетти моюнга илиш керек. Тарыхты карай турган болсок, айрым агаларыбыздын достугу даӊазаланып айтылып келет. Алар: Курманбек менен Аккан, Эстебес менен Токтосун, Жолон менен Турар сыяктуулар. Бүгүнкү күндө ушундай эл оозунда айтылган чыныгы досторду атай алабызбы?! Андай достор азыр жок. Муну менен мен досторум жок деп айтпайм. Менин деле досторум бар. Таенем көп айтчу эле «жамандын жолдошу көп, жанына пайдасы жок» деп. Мен досторумдун баарына аяр мамиле жасайм. Бирок алар кандай достор? Акча дос, бизнес дос, бийлик дос жана санаалаш, пикирлеш достор…

Динара Асылбекова


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: