Домой Саясат «Абышканын арбагы сөөгү жерге берилгиче көзүмө көрүнүп жүрдү…»

«Абышканын арбагы сөөгү жерге берилгиче көзүмө көрүнүп жүрдү…»

18
Көп жыл бою өкмөтүбүзгө кызмат кылып, убагы жеткенде ардактуу пенсияга чыктым. Чыгаарым менен эле кайрадан ушул жумушка орноштум. Жумуш иштеп көнүп калгандыктан үйдө бош отургандан тажап кеттим.

Кудайыма тобо, азыркы жумушум жеңил эле, көл тарапка баратканда жол боюндагы кафелердин биринде кароолчумун.

Кафе тоонун арасындагы жол боюнда болгондуктан, ары-бери өткөн жүргүнчүлөр гана токтоп тамак ичкени киришет. Өзгөчө жайкы сезон мезгилинде көлгө эс алганы бараткандардан кээде орун бошобой да калат. Атүгүл чет өлкөдөн келгендер дагы арбын. Ал эми кыш мезгилинде болсо адамдар сээлдей түшөт. Адегенде тоо арасындагы ээн жерде көнө албай жүрдүм, анткени туш тарабымдын баары тоо, бет маңдайымда болсо борбор калаа тараптан көл жакты көздөй кеткен трасса жол. Кафе болсо күн-түнү менен иштейт. Кыскасы бир сутка бою адам аягы үзүлбөйт. Ошол кафеде жетимиштен өтүп калган бир чал бар болчу, короонун ичи-тышын шыпырып, ажааткананы таза кармап, гүлдөргө суу куюп турчу.

Аны атайылап жумушка, штатка алган деле эмес, болгону үч маал элден арткан тамакты жейт. Кафенин артындагы короонун ичинде эски керебет бар, түнкүсүн ошого жатып алат. Кафенин шефи аны канча жолу кубалады, кетип калып арадан бир канча убакыт өткөндөн кийин эле кайра келет. Шыпыргы алып эч ким «шыпыр» дебесе деле өзү шыпырып, акыр-чикирлерди тазалап кирет. «Аны бул жакка жолотпогула» деп мага шеф буйрук берген, кубалап атып тажадым. Акыры шефим өзү дагы тажады окшойт:

-«Мейли жайына койгула, короонун ичи-сыртын тазалап коюп жүрө берсин. Бул чалдын эч кимге зыяны деле жок окшойт дегенинен жайына койдук. Анан аны менен бетме-бет отуруп сүйлөшүп тааныша кеттик. Улуту уйгур, калаанын четиндеги Новопокровка деген айылда турчу экен. Мурун союз мезгилинде өзүнүн айтуусунда иштери жакшы жүрсө керек, кийин союз чачыраганда чоң суммада кредит ала коём деп үйүн алдырып жибериптир. Анан аялы менен ажырашып, аялы өзбек болгондуктан Ташкентке өзүнүн туугандарына кетип калыптыр. Ортолорунда бир кызы бар экен, ал борбор калаабызда жашап калыптыр.

Айтор, үчөө үч жакка бөлүнүп кетишип, ошол боюнча бири-бирин көрүшпөй калыптыр. Тагдыр да. Өзү болсо акырындап аракка берилип кетип, үй-жайы жоктордун арасына кошулуп, калаадагы уйгур досторуна да жакындабай өзү менен өзү болуп ушундай жалгыз жашоону башынан өткөрүп калыптыр. Анын ичкиликсиз тура албаганын байкадым, анткени оозу дайыма сасып жүрчү. Дарыканалардан жыйырма сомдук кичинекей бөтөлкөдөгү медициналык спиртти суусу жок ичип жатканын көрүп таң калгам. Анын мындай жоругун шефке билгизчү эмесмин, анткени эч кимге эч зыяны жок болчу. Элден арткан тамакты билгизбей акырын чогултуп жеп алчу дагы өзү менен өзү болуп жүрө берчү. Анан короонун тээ төр жагындагы бастырманын астындагы эски керебетке күнү-түнү жата берчү. Анткени короонун ичине эч ким кирбегендиктен ээн болуп ага бир да бирөө кедерги жасачу эмес. Кез-кез мен барып «Эй-эй, тирүүсүңбү?» деп тамашалап койчумун.

Ал өзүнчө күңгүрөнүп алчу, аны биздин короонун короочусу кара ит дайыма жандап жүрчү. Күндө бир маал аны менен сүйлөшүп атып, акырындап мен дагы ага көнүгүп кеттим. Тамак кенен болгондо кээде өзүмдүн тамагымдан берип, сыйлап тойгузуп койчумун. Ошондо жайдын саратан мезгили болчу.

Күн аябагандай ысып, куйкалап, эс алуучулардын саны уламдан-улам көбөйүп, көпчүлүктүн көл тарапка бараткан агымы күчөп, тоо арасындагы биздин кафенин айланасында дайыма күн-түнү менен токтоп турган машинелердин саны арбын эле. Кечке маал алиги уйгур чал бир топ эле кызуу экен, сыягы ары-бери өткөндөр менен ичсе керек. Өзүнчө күңгүрөнүп сүйлөнө (өзү менен өзү сүйлөшө бермей адаты бар эле) керебетине барып жатып калды.

Короодо түнү менен ит улуп чыкты, ал мынчалык улучу эмес. Эртең менен барып адатымча «ээй тирүүсүңбү?» десем, ал былк этпейт, менин үнүмдү укканда бир сыйра козголуп, копшолуп алчу. Карасам керебеттин үстүнүн баары кан, алды да кан.

Карасам зыңкыйып өлүп калыптыр, бети-башына чымындар конуп үй-мөлөктөшүп атыптыр. Дароо эле өлүп калганын сездим. Эмне кылаарымды билбей шаштым кете түштү, анан телефон аркылуу шефке кабарладым.

Көп етпөй ал жетип келди да, «милицияга кабар бергиле» деп өзү куйругун түйүп кетип калды. Кафедеги бир-экөөбүз анын жанында турдук акмалап. Жарым сааттан кийин жергиликтүү милиция кызматкерлери келишти да бизге түшүндүрмө кат жаздырышты. Анын үй-жайы жок, багар-көгөрү жок адам экенин билишкенден кийин өлүкканага алып кетишти. Эртеси күнү күүгүм талаш кандайдыр бир жумуштар менен короого кире калсам, алиги эски керебетте бирөө жатат. Жакындап барып карасам, алиги уйгур чалга окшошуп кетти.

Ал ордунан акырын туруп, мага көңүл бөлбөй сыртка басып кетти. Ошондон кийин дайыма анын элеси көзүмө көрүнчү болду. Ал жалгыз эле менин эмес, кафеде иштеп жаткандардын бардыгынын көзүнө көрүнүптүр. Дээрлик үч аптадай анын карааны короонун ичин аралап жүрдү. Түн ортосунда анын басып жүргөнүн мен дайыма көрчүмүн. «Ал али көмүлбөй өлүкканада жатат» дегенин угуп ого бетер жаман болдум. Калаадагы уйгурлар чогулуп келип «өлүктү алып кетели» дешсе, бербей коюшуптур «жакын туугандары келмейинче бербейбиз» деп. Анын карааны кафеден кетпей бардыгыбыздын үрөйүбүздү учуруп жатты. Анан арадан үч жума өткөн соң, анын карааны көрүнбей кетти.

Көрсө, аны кызы келип таанып, өлүкканадан чыгарып кетиптир. Калаадагы кичинесинен чогуу өскөн достору сөөгүн жайына коюшуптур. Уйгур чалды көпкө чейин унута албай жүрдүм. Короо бурчундагы эски керебетти көрсөм азыр деле аны эстей берем, дайыма уйгур чалдын элеси керебетте жаткан болот.

Тамак ичкен сайын ага багыштап куран окуп коём, биз деле анын соңунан барабыз дечи, албетте, жаткан жери жайлуу, ыйманы саламат болсун демекчимин.

Булак: ШАМБАЛА