Абай АЛЫМКУЛОВ, эксперт: “Төрөбаев айткан сөзүн далилдеп берсин, сүйлөп жатканда конкреттүү сандарды келтирбейби”

03.10.2017 | Саясат

1024852968

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев  президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду колдоп сүйлөп жатып, Кыргызстан экономикалык жактан артта калды деп Тажикстанды мактаптыр. Чын эле биздин экономика “өлдүбү”?   

—          Төрөбаев айткан сөзүн далилдеп берсин, сүйлөп жатканда конкреттүү сандарды келтирбейби. Кыргызстандын кирешеси 6,9 пайызга чейин көтөрүлдү. Өткөн жылы Армения, Россия сыяктуу мамлекеттерде өсүш 1 пайыздын тегерегинде болуп турганда Кыргызстан 3,6 пайыз өсүштү камсыз кылды. Экспорт 30 пайызга чейин өстү. Бир эле сүттү сыртка сатуу 1,8 эсеге көбөйдү. Бул эмне жетишкендик эмеспи?

—          Төрөбаевдин биздин өлкөнү Тажикстан менен салыштырып жатканын кандай баалайсыз?

—          Эми чоң саясаттагы адамдар сүйлөр алдында атайын адистерден маалымат алып алса жакшы болот эле. Баш-аягы жок сөздөрдү айта бергенден өздөрү эле уят болот. Кыргызстанды Тажикстан менен салыштырууга такыр болбойт.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: