Аалы Туткучев, Асылбек Өзүбековдор мыйзам бузду дейби?..

10.10.2017 | Коом, Маданият

4919_IMG_2384

КР мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаарында өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чараларда тейлөө кызматын көрсөткөн 67 ишкер субъекттердин салык мыйзамын бузгандыгын аныктады.

Мамлекеттик салык кызматынын басма-сөз кызматы уруксат берүүчү документтерин төмөнкү субъекттер көрсөтө алышкан эмес деп тизмектейт.

«Тай Казан» тойканасында – Э.Эгембердиев, Н.Догдурбеков жана К.Кубанычбеков (тамада), Ж.Байкожоев, Б.Рысбаев (видеого тартуу), Ж.Эсенбеков, А.Калыков (сүрөт, видеого тартуу), ырчы К.Ажыбаев, «Медиа-Шоу» ЖЧКсы (бийчилер), залды жасалгалоочу О.Сухорукова.

«Сенатор» ресторанында – А.Осмоналиев, Жаныбек у. М. (тамада), Н.Бактыбеков, А.Сарыпжанов (музыканттар), «Акак» бий ансамбли, ырчы Г.Калыков, К.Максатбекованын «Кыз Кыял» бий тобу, Таалайбек у. Э., Турубек у. С. (видеого тартуу), Ф.Кудайбердиев (сүрөтчү).

«Салтанат Пэлэс» ресторанында – А.Озубеков (тамада), ырчылар А.Чалова, К.Таштаналиева, опера ырчысы Б.Ыбыкеев, Э.Муканбетов, «Пиксарт» ЖЧКсы (видеого тартуу).

«Империал» ресторанында – Н.Копоев, Майрамбек у. Ж. (тамада), Ж.Исанов (сүрөтчү), «Сентябрь Студио» ЖЧКсы (видеого тартуу), ЖИ И.Алимованын бий тобу.

«Айкол Ордо» ресторанында – Э.Эсеналиев, Эсенбай у. А. (тамада), бийчи Ж.Абдрахманова, «Ак Марал» бий тобу, акын А.Туткучев, Ыманбек у. Д. (видеого тартуу).

«Кайнар» ресторанында  – С.Сактанбеков (сүрөтчү), ырчы Н.Кенчинбаев, В. Муравская (үйлөнүү үлпөтүн уюштуруучу).

«Ала-Тоо» ресторанында – «REC» студиясы (сүрөт, видеого тартуу кызматы), ырчы Р. Абылов, «Назик» бий тобу.

«Салкын Тор» ресторанында – «АгенствоВанил» ЖЧКсы (флорист), тамада А.Табалдиев.

«Тагай Бий» ресторанында – тамада А.Казыбеков, Н.Мааматов (сүрөтчү).

«Дасмия» ресторанында – М.Толонов (флорист).

«Консул» ресторанында – К.Примбердиев (музыкант).

«Фрунзе» ресторанында – З.Арыкбаев (музыкант).

maxresdefault (3)

Аталган рейддик салыктык контроль мезгилинде сүрөткө тартуу кызматын көрсөткөн 33 субъекттин 24үндө ыктыярдуу патенти болгон, калган 9 субъектте уруксат берүү документи жок болгон.

Видеого тарткан 27 субъекттин ичинен 12си патенттерин көрсөтүшкөн, ал эми 15 субъектте уруксат берүү документи жок болгон.

Текшерүүнүн жүрүшүндө тамадалык кызмат көрсөткөн 33 субъекттин 15инде гана ыктыярдуу патенти бар болгон.

Ал эми оюн-зоок кызматын көрсөтүү чөйрөсүндө алектенген  (ырчылар, бий жана музыкалык топтор ж.б. шоу), ошондой эле, залды жасалгалоо жана LED-экранды ижарага берүү боюнча кызмат көрсөткөн 31субъекттин 6да гана ыктыярдуу патенти бар болгон, калган 25 субъектте текшерүү мезгилинде уруксат берүүчү документтери жок болуп чыккан.

Үч күндүк рейддик салыктык контролду 17 ири коомдук тамактануу обьектилери камтып, сүрөткө, видеого тартуу, залды жасалгалоо, LED-экранды ижарага берүү боюнча жана оюн-зоок кызматтарын көрсөтүшкөн (тамадалар, ырчылар, бий жана музыкалык топтор ж.б. шоу) 124 субъект текшерүүгө алынды. Текшерүү мезгилинде  57 субъект гана  жогоруда көрсөтүлгөн кызматтарды көрсөтүүгө ыктыярдуу патенттерин көрсөтүштү, ал эми 67 субъектте уруксат берүүчү документтери, анын ичинде мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгү, ыктыярдуу патенти ж.б. жок болуп чыкты.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү рейддик иш-чаралардын актысы түзүлдү.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: