7-класстын окуучусунун кош бойлуу болуп калышынан улам директор кызматынан кетти

10.10.2017 | Коом

ui-56726d6de8fa86.73284065

Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы  №2 Лебединовка мектеп-гимназиясынын  7-классынын окуучусунун кош бойлуу болуп калышы боюнча учурда тергөө жүрүп жатканын райондун билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, окуучу кыз 7 айлык (28 апта) кош бойлуу болгон. Окуя боюнча социалдык педагогго сөгүш жарыяланган. Ошондой эле мектептин директору кызматтан четтетилгени белгилүү болду.

«Окуучу кыз мындан ары үйдө билим алууну улантат. Тарбия иштеринде жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн класс жетекчисине чара көрүү керектиги айтылды. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө», — деп билдиришти башкармалыктан. 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: