Сооронбай Жээнбеков: “Сугат иштерин өнүктүрүү жана суу менен жабдуу системасын жакшыртуу иши – өкмөттүн иш-чараларынын приоритеттүү багыты”

 

c_vishnev_0

Борбор Азия калкынын экономикалык жана экологиялык коопсуздугун суу ресурстары камсыз кылары белгилүү. Бул аймактагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан сууга эң бай өлкө болуп саналат. Улуттук статистика комитетинин берген маалыматы боюнча республикада суунун жалпы көлөмүнүн 60 пайыздан ашууну пайдаланылат. Анын жарымынан көбү сугат иштери үчүн, калган бөлүгү өнөр жай жана турмуш-тиричилик муктаждыктарына керектелет. Суу ресурстарын үнөмдүү пайдалануу экономиканын өнүгүүсүнө, биринчи кезекте айыл чарба өндүрүшүнө таасирин тийгизет. Фермердик жана дыйкан чарбаларынын талаа иштери учурунда суунун жетишсиздиги абдан курч маселеге айланат. Өлкөнүн сугат аянты 1.02млн.гектарды түзөт. Экономисттер тоолуу республика үчүн бул чакан көрсөткүч деп эсептешет. Бирок, ушул жерлердин да айрым бөлүктөрү суунун жетишсиздигинен улам пайдаланылбаган бойдон калып жатат. Эксперттердин пикиринде «талаа-суу-түшүм» тизмегинде чыккан көйгөйлөргө эскилиги жеткен жана көбүнчө иштен чыгып калган сугат инфраструктурасы себеп болуп жатат. Жерди жасалма жол менен сугаруу системасы 1030 сугат жана коллектордук-дренаждык тармактарды ичине камтыйт. Алардын үчтөн бир бөлүгү мамлекеттик башкаруу органдарынын балансында болсо, калганы — жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, сууну пайдалануучулар федерациялары жана бирикмелеринин карамагында.

Адистердин эсептөөлөрү боюнча, Ысык-Көл дубанында коллектордук-дренаждык тармактардын 70 %га жакыны, Баткен дубанында – 57% жана Ош дубанында – 47 %ы дээрлик иштен чыккан. Өзгөчө  суу сактагычтардын абалы, техникалык жактан иштөөсү, ишенимдүүлүгү жана коопсуздугу тынчсыздандырбай койбойт. Чоң суу сактагычтар – бардык аймактарда сууну пайдаланууну жөнгө салып турууда эң маанилүү инструмент. Республикадагы 34 суу сактагычтагы суунун жалпы көлөмү 25 миллиард куб метрди түзөт.

Сугат системасындагы калдыктар каналдардагы гидротехникалык курулуштардын түзүмдөрүн зыянга учуратат. Сугат каналдары ылай жана шилендилерге толуп калат. Аларды өз убагында тазалабай коюу суу өткөрүү күчүн 15-25%га төмөндөтөт. Ал эми тармактарды кармап туруу үчүн каралган техника эскилиги жетип, иштен такыр чыгып калган. Сугат системасынын талканышы сууну жоготууга алып келип, айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу иштерин басаңдатууда.

Сугат иштерин жөнгө салуу жана сууну сарамжалдуу пайдалануу үчүн Кыргыз өкмөтү чоң акча каражатын бөлүп берүүгө, ошондой эле чет элдик инвестицияны тартууга даяр.  Министрлер кабинети Кыргыз Республикасында 2017-2026-жылдарга ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасын жактырды. Кабыл алынган документ жөнүндө премьер-министр Сооронбай Жээнбеков сугат иштерин өнүктүрүү жана суу менен жабдуу системасын жакшыртуу иши – өкмөттүн иш-чараларынын приоритеттүү багыты экенин баса белгиледи.

Бул программанын алкагында айыл аймактарынын тургундары айыл чарба азыктарын өстүрүү үчүн жаңы сугат жерлерин алышат. Ошентип, азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселелер чечилип, аймактардын социалдык-экономикалык абалы жакшырат. Бул программаны ишке ашыруу үчүн 58,8 миллиард сом жумшалмакчы.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин божомолу боюнча бул каражаттар 65 миң гектардан ашык жаңы сугат жерлерди ишке киргизүүгө мүмкүндүк түзүп, жерлерди суу менен камсыздоо 51,6 миң гектар аянтка чейин көтөрүлөт, ал эми 9,5 миң гектар аянт заманбап сугат ыкмаларына өтөт.

Жаңы сугат жерлердин ишке кириши дээрлик 243 миң жаңы жумушчу орду менен камсыз кылат. «Жаңы сугат жерлерин ишке киргизүүнүн натыйжасында жаңы жумушчу орундары гана түзүлбөстөн, андан жылына орточо эсеп менен 1,5 миллиард сом ижара төлөмдөрүн да алып турууга мүмкүнчүлүк болот. Жаңы сугат жерлерине болгон Ички дүң өнүмдүн  көлөмү 12 миллиард сомго жакынды түзөт. Жаңы сугат жерлери кайра иштетүү өндүрүшүн да жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүп, мал чарбачылыкты өнүктүрүү үчүн жем, азык-түлүк базасын пайда кылат», — дейт Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министрлигинин алдындагы Суу чарбасы жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев.

Мамлекеттик программа 45 сугат обьекттини каржылайт. Каржылоо булактарынын айтымында обьекттер үч негизги артыкчылык боюнча бөлүнөт. Биринчисине 17 сугат обьектиси кирет. Аларды каржылоо 4 млрд. 895 млн. сомду түзөт. Бул каражаттын булактары азыртадан эле аныкталган. Экинчи артыкчылык -16 обьектини ичине камтыйт. Аны каржылоо 36 млрд. 276 млн. сомду түзөт. Бул обьекттер боюнча эл аралык донорлор жана демөөрчүлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Үчүнчүсү — 12 обьект. Ал 17 млрд. 615 млн. сомду түзөт. Азырынча бул обьекттер боюнча донорлор жана демөөрчүлөр изделүүдө.

Чүй дубанынын сууну күнүмдүк жөнгө салуучу бассейндерин жана суу сактагычтарын да жергиликтүү жана республикалык бюджеттен каржылоо үч артыкчылыктуу топторго бөлүнөт. Мындай буйрукту Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков 5-июлда Чүй дубанына жасаган жумушчу сапары учурунда билдирди. Өкмөт башчысынын тапшырмасы менен, облустук  күнүмдүк жөнгө салуучу бассейндери жана суу сактагычтарында тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн мониторинг өткөрүлөт.

Өкмөт башчысы сугат жана суу менен камсыз кылуу системаларын өнүктүрүү —  2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүүрүүнүн Улуттук стратегиясы жана 2040-жылга чейинки жаңы стратегиянын борбордук компоненти экенин эскертти.

Кыргыз өкмөтүнүн суу ресурстарын туура колдонууга болгон иш-аракетинин натыйжалуулугун ушул жылы Баткен облусунун Ак-Турпак айылындагы Бүргөндү конушунда суу каналынын ишке берилүүсү тастыктап турат.

 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: